Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Yusuf   Aya:
فَلَمَّآ أَن جَآءَ ٱلۡبَشِيرُ أَلۡقَىٰهُ عَلَىٰ وَجۡهِهِۦ فَٱرۡتَدَّ بَصِيرٗاۖ قَالَ أَلَمۡ أَقُل لَّكُمۡ إِنِّيٓ أَعۡلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Якубга сүйүнүч кабарды алып келген адам анын жүзүнө Юсуфтун көйнөгүн ыргытканда анын көзү көрүп калды. Ошондо ал балдарына: «Мен Аллахтын мээриминен жана жакшылыгынан силер билбеген нерселерди билем деп айттым эле го?» – деп айтты.
Tafsiran larabci:
قَالُواْ يَٰٓأَبَانَا ٱسۡتَغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوبَنَآ إِنَّا كُنَّا خَٰطِـِٔينَ
Балдары атасы Якуб пайгамбардан Юсуф менен инисине кылган нерселери үчүн кечирим сурашып: «Оо, атаке! Биздин өткөн күнөөлөрүбүз үчүн Аллахтан кечирим сураңыз! Чындыгында биз Юсуф менен инисине жамандык кылган күнөөкөрлөрдөн болдук» – дешти.
Tafsiran larabci:
قَالَ سَوۡفَ أَسۡتَغۡفِرُ لَكُمۡ رَبِّيٓۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
Аларга атасы айтты: «Эми Раббимден силер үчүн кечирим сураймын. Чындыгында ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу».
Tafsiran larabci:
فَلَمَّا دَخَلُواْ عَلَىٰ يُوسُفَ ءَاوَىٰٓ إِلَيۡهِ أَبَوَيۡهِ وَقَالَ ٱدۡخُلُواْ مِصۡرَ إِن شَآءَ ٱللَّهُ ءَامِنِينَ
Якуб үй-бүлөсү менен өз жеринен Юсуфту көздөй Мисирге жөнөштү. Качан алар ага киришкенде ата-энесин кучактады жана үй-бүлөлөрү менен турушкан бир туугандарына: «Аллахтын каалоосу менен тынчтыкта Мисирге кош келдиңиздер! Бул жерде эч кандай ыза тартпайсыздар» – деп айтты.
Tafsiran larabci:
وَرَفَعَ أَبَوَيۡهِ عَلَى ٱلۡعَرۡشِ وَخَرُّواْ لَهُۥ سُجَّدٗاۖ وَقَالَ يَٰٓأَبَتِ هَٰذَا تَأۡوِيلُ رُءۡيَٰيَ مِن قَبۡلُ قَدۡ جَعَلَهَا رَبِّي حَقّٗاۖ وَقَدۡ أَحۡسَنَ بِيٓ إِذۡ أَخۡرَجَنِي مِنَ ٱلسِّجۡنِ وَجَآءَ بِكُم مِّنَ ٱلۡبَدۡوِ مِنۢ بَعۡدِ أَن نَّزَغَ ٱلشَّيۡطَٰنُ بَيۡنِي وَبَيۡنَ إِخۡوَتِيٓۚ إِنَّ رَبِّي لَطِيفٞ لِّمَا يَشَآءُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ
Ата-энесин өзү отурган тактыга отургузду. Ата-энеси жана он бир бир тууганы ага сажда кылып учурашышты. Бул сажда түшүндө көргөндөй Аллахтын буйругун ишке ашырыш үчүн кылынган таазим кылуу саждасы эле, сыйынуу саждасы эмес. Ошондуктан Юсуф пайгамбар атасына: «Сиздердин мага сажда кылып учурашканыңыздар – мен мурда көрүп сизге айтып берген түшүмдүн жандырмагы. Раббим ал түшүмдү ишке ашырды. Раббим мени абактан чыгарып, мени менен бир туугандарымдын ортосун шайтан бузгандан кийин сиздерди алыскы чөлдөн мага алып келип жакшылык кылды. Чындыгында Раббим Өзү каалаган иштеринде Мээримдүү. Ал пенделеринин абалдарын Билүүчү, Өз башкаруусунда Даанышман».
Tafsiran larabci:
۞ رَبِّ قَدۡ ءَاتَيۡتَنِي مِنَ ٱلۡمُلۡكِ وَعَلَّمۡتَنِي مِن تَأۡوِيلِ ٱلۡأَحَادِيثِۚ فَاطِرَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ أَنتَ وَلِيِّۦ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۖ تَوَفَّنِي مُسۡلِمٗا وَأَلۡحِقۡنِي بِٱلصَّٰلِحِينَ
Андан соң Юсуф Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Сен мага Мисирдин бийлигин бердиң, түш жооруганды үйрөттүң. Оо, асмандар менен жердин Жаратуучусу жана ал экөөсүн мурда болбогондой көрүнүштө пайда Кылуучу! Сен менин бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык иштеримди башкаруучусуң. Ажалым жеткенде мусулман абалда жанымды ал. Мени ата-бабаларымдан жана башкалардан болгон пайгамбарлар менен улуу Фирдаус бейишинде бирге кыл!»
Tafsiran larabci:
ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡغَيۡبِ نُوحِيهِ إِلَيۡكَۖ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ أَجۡمَعُوٓاْ أَمۡرَهُمۡ وَهُمۡ يَمۡكُرُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага кабар берген Юсуф менен анын бир туугандары тууралуу бул окуяны сен билчү эмессиң. Анткени Юсуфтун бир туугандары аны кудуктун түбүнө таштайбыз деп чечишип, айла-амалдарды ойлоп табышкан маалда сен алардын жанында эмес элең. Бирок биз сага мунун кабарын бердик.
Tafsiran larabci:
وَمَآ أَكۡثَرُ ٱلنَّاسِ وَلَوۡ حَرَصۡتَ بِمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Сен адамдар ыйман келтиришсин деп болгон аракетиңди жумшасаң да алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт. Андыктан алар үчүн өзүңдү кыйнап сыгылба.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• بر الوالدين وتبجيلهما وتكريمهما واجب، ومن ذلك المسارعة بالبشارة لهما فيما يدخل السرور عليهما.
Ата-энени сыйлоо жана урматтоо парз болуп саналат. Аларды кубанткан нерселерди аларга сүйүнчүлөөгө шашылуу да ушуга кирет.

• التحذير من نزغ الشيطان، ومن الذي يسعى بالوقيعة بين الأحباب؛ ليفرق بينهم.
Шайтандын азгырыгынан жана жакын адамдарды бөлүп жаруу үчүн алардын ортосунда ушак тараткан адамдардан сак болуу.

• مهما ارتفع العبد في دينه أو دنياه فإنَّ ذلك كله مرجعه إلى تفضّل الله تعالى وإنعامه عليه.
Пенде дининде болобу же жашоосунда болобу, анын даражасы көтөрүлсө, анда бул нерсенин баарысы Аллахтын жакшылыгына жана берешендигине барып такалат.

• سؤال الله حسن الخاتمة والسلامة والفوز يوم القيامة والالتحاق برفقة الصالحين في الجنان.
Аллахтан жакшы өлүмдү, саламаттыкты, кыяматтагы ийгиликти жана бейиште жакшы адамдар менен бирге болууну суроо.

• من فضل الله تعالى أنه يُطْلع أنبياءه على بعض من أمور الغيب لغايات وحكم.
Кандайдыр бир максаттардан жана себептерден улам Аллах тааланын кээ бир кайып иштерин пайгамбарларына билдирүүсү – Анын жакшылыктарынан.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Yusuf
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa