Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અશ્ શુઅરાઅ   આયત:
إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا خُلُقُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Ал эми бул абалкылардын дини, үрп-адаттары жана адептеринен башка эч нерсе эмес.
અરબી તફસીરો:
وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ
Жана биз азапталбайбыз».
અરબી તફસીરો:
فَكَذَّبُوهُ فَأَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Алар Худ пайгамбарды жалганга чыгарганын токтотушпады. Анан Биз аларды жалганга чыгарышканы себептүү катуу шамал менен жок кылдык. Чындыгында бул кыйратып жок кылуубузда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгүн ыйман келтиришкен жок.
અરબી તફસીરો:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу.
અરબી તફસીરો:
كَذَّبَتۡ ثَمُودُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Самуд эли да Салих пайгамбарды жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды да жалганга чыгарышты.
અરબી તફસીરો:
إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ صَٰلِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде алардын тектеш тууганы Салих айтты: «Аллахтан башка сыйынганыңарды таштап Андан коркпойсуңарбы?!
અરબી તફસીરો:
إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Ал тараптан жеткирген нерседе аманаткөймүн, ага эч бир нерсени кошпойм жана кемитпейм.
અરબી તફસીરો:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
અરબી તફસીરો:
وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет.
અરબી તફસીરો:
أَتُتۡرَكُونَ فِي مَا هَٰهُنَآ ءَامِنِينَ
Силер жакшылык жыргалчылыктарда эч кандай коркунучсуз аман-эсен калабыз деп каалап жатасыңарбы?
અરબી તફસીરો:
فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٖ
Бакчаларда жана аккан булактарда.
અરબી તફસીરો:
وَزُرُوعٖ وَنَخۡلٖ طَلۡعُهَا هَضِيمٞ
Эгинзарларда жана мөмөлөрү эзилип бышкан курмалар арасында.
અરબી તફસીરો:
وَتَنۡحِتُونَ مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتٗا فَٰرِهِينَ
Ошондой эле өзүңөр жашаш үчүн тоолорду оюп үйлөрдү жасап жатасыңар. Силер тоону ойгон жактан чеберсиңер.
અરબી તફસીરો:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
અરબી તફસીરો:
وَلَا تُطِيعُوٓاْ أَمۡرَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ
Күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зыян кылган адамдардын буйругуна баш ийбегиле!
અરબી તફસીરો:
ٱلَّذِينَ يُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا يُصۡلِحُونَ
Алар жер бетинде күнөөлөрдү жайылтып бузукулук кылышкандар жана Аллахка моюн сунуу менен өздөрүн оңдобогон адамдар.
અરબી તફસીરો:
قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلۡمُسَحَّرِينَ
Ага эли айтты: «Чындыгында сен көп сыйкырлана берип, акыры сыйкыр анын акылын жоготкон адамдардансың!
અરબી તફસીરો:
مَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا فَأۡتِ بِـَٔايَةٍ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Сен бизге окшогон эле адамсың! Бизге пайгамбар болгудай сенин бизден эч кандай артыкчылыгың жок. Эгер пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүңдө чынчыл болсоң, анда пайгамбар экениңди далилдеген керемет белги алып келчи?».
અરબી તફસીરો:
قَالَ هَٰذِهِۦ نَاقَةٞ لَّهَا شِرۡبٞ وَلَكُمۡ شِرۡبُ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ
Аллах Салихке керемет белги кылып, таштан төөнү чыгарып берди. Ошондо Салих аларга айтты: «Мына бул төө, карагыла жана кармап көргүлө. Суу ичүүдө анын өз кезеги бар, силердин да белгилүү кезегиңер бар. Силердин кезек күнүңөрдө ал суу ичпейт. Анын кезек күнү келгенде силер да суу албайсыңар.
અરબી તફસીરો:
وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٖ فَيَأۡخُذَكُمۡ عَذَابُ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Эми аны союп же уруп ага зыян келтирбегиле, антсеңер, силерге Аллах тараптан азап келет, ал силердин башыңарга балээ түшкөн улуу күндө силерди ошол күнөөңөр үчүн кыйратып жок кылат».
અરબી તફસીરો:
فَعَقَرُوهَا فَأَصۡبَحُواْ نَٰدِمِينَ
Бирок алар аны соёбуз деп өз ара макулдашып, алардын эң бактысызы аны союп салды. Качан алар азаптын сөзсүз түшөрүн билишкенде бул кылгандарына өкүнүп калышты. Бирок азапты көргөн кезде өкүнүч эч пайда бербейт.
અરબી તફસીરો:
فَأَخَذَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Ошондо аларга убада кылынган жер титирөө жана ач кыйкырык сыяктуу азап аларды алды. Чындыгында бул айтылган Салихтин окуясында адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
અરબી તફસીરો:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, пенделеринен тообо кылгандарына Ырайымдуу.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• توالي النعم مع الكفر استدراج للهلاك.
Каапырлыкка карабастан жакшылыктар үзүлбөй уланып туруусу – акырындык менен кыйроого алып барат.

• التذكير بالنعم يُرتجى منه الإيمان والعودة إلى الله من العبد.
Жакшылыктарды эске салуу менен пенденин ыйман келтирүүсүн жана Аллахка кайтуусун үмүт кылуу.

• المعاصي هي سبب الفساد في الأرض.
Күнөөлөр жер бетиндеги бузукулуктун себеби.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અશ્ શુઅરાઅ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો