Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અશ્ શુઅરાઅ   આયત:
مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يُمَتَّعُونَ
Алардын бул дүйнөдөгү жакшылыктары аларга кандай пайда алып келмек?! Ал жакшылыктар кетти жана эч кандай пайда да келтирген жок.
અરબી તફસીરો:
وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنذِرُونَ
Биз кайсы элди кыйратып жок кылган болсок, демек аларга пайгамбарлар жиберилип жана китептер түшүрүлүп актанууга себеп калбай калгандан кийин гана болгон.
અરબી તફસીરો:
ذِكۡرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَٰلِمِينَ
Аларга сабак жана эскертүү болсун үчүн. Аларга пайгамбарлар жиберилип жана китептер түшүрүлүп актанууга себеп калбай калгандан кийин Биз аларды азаптоо менен залымдардан болгон жокпуз.
અરબી તફસીરો:
وَمَا تَنَزَّلَتۡ بِهِ ٱلشَّيَٰطِينُ
Бул Куранды пайгамбардын жүрөгүнө шайтандар алып келген жок.
અરબી તફસીરો:
وَمَا يَنۢبَغِي لَهُمۡ وَمَا يَسۡتَطِيعُونَ
Анын жүрөгүнө алардын алып келүүсү туура эмес. Буга алардын күч-кудурети да жетпейт.
અરબી તફસીરો:
إِنَّهُمۡ عَنِ ٱلسَّمۡعِ لَمَعۡزُولُونَ
Алардын буга кудурети жетпейт. Анткени алар асмандагы анын турган жайынан тосулуп, толук бөгөттөлгөн. Анан кантип ага жетип, аны алып түшүшмөк эле?!
અરબી તફસીરો:
فَلَا تَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَكُونَ مِنَ ٱلۡمُعَذَّبِينَ
Аллахка шерик кылып Аны менен катар башка кудайга сыйынба! Болбосо, мунун себебинен азапталуучулардан болуп каласың.
અરબી તફસીરો:
وَأَنذِرۡ عَشِيرَتَكَ ٱلۡأَقۡرَبِينَ
Оо, пайгамбар! Элиңдин арасынан эң жакындарыңардан баштап эскерт! Эгерде алар ширк кыла беришсе, аларга Аллахтын азабы келет.
અરબી તફસીરો:
وَٱخۡفِضۡ جَنَاحَكَ لِمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Жана сени ээрчиген ыймандууларга мээримдүүлүк, жумшактык кылып иш жүзүндө жана сөз түрүндө жылуу-жумшак мамиле кыл!
અરબી તફસીરો:
فَإِنۡ عَصَوۡكَ فَقُلۡ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّمَّا تَعۡمَلُونَ
Эгер алар сага баш ийбестик кылып, сенин аларга айткан Аллахты жалгыздоо жана Ага моюн сунуу сыяктуу буйруктарыңа жооп беришпесе, анда аларга: «Чындыгында мен силер кылып жаткан ширкке жана күнөөлөргө катышым жок» – деп айткын.
અરબી તફસીરો:
وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ
Ар бир ишиңде Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын Ага кайткандарына Ырайымдуу Аллахка гана тобокел кыл.
અરબી તફસીરો:
ٱلَّذِي يَرَىٰكَ حِينَ تَقُومُ
Ал сенин намазга турганыңды көрүп турат.
અરબી તફસીરો:
وَتَقَلُّبَكَ فِي ٱلسَّٰجِدِينَ
Жана Ал намаз окугандардын арасында сенин бир абалдан экинчи абалга өткөнүңдү да көрүп турат. Ага сенин жана башкалардын кылган нерселеринин эч бири жашыруун эмес.
અરબી તફસીરો:
إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Чындыгында Ал сен окуган Куранды жана зикирди Угуучу, сенин ниетиңди Билүүчү.
અરબી તફસીરો:
هَلۡ أُنَبِّئُكُمۡ عَلَىٰ مَن تَنَزَّلُ ٱلشَّيَٰطِينُ
Силер бул Куранды алып түшкөн деп ойлоп жаткан шайтандар кандай адамдарга түшөрү тууралуу силерге кабар берейинби?
અરબી તફસીરો:
تَنَزَّلُ عَلَىٰ كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٖ
Ал шайтандар көп күнөө кылган жалганчы, көзү ачыктарга окшогондорго түшөт.
અરબી તફસીરો:
يُلۡقُونَ ٱلسَّمۡعَ وَأَكۡثَرُهُمۡ كَٰذِبُونَ
Шайтандар бийиктеги периштелер тобунан уурданып сөз тыңшап, кийин аны достору болгон көзү ачыктарга айтышат. Көзү ачыктар дээрлик жалганчылар. Алар бир сөздү чын айтышса да аны менен кошо жүз жалганды айтышат.
અરબી તફસીરો:
وَٱلشُّعَرَآءُ يَتَّبِعُهُمُ ٱلۡغَاوُۥنَ
Ал эми силер Мухаммадды (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) ошолордон деп ойлоп жаткан акындарды болсо, акыйкат жолдон адашкандар ээрчишет. Алар анын айтып жаткандарын ыр деп ойлоп жатышат.
અરબી તફસીરો:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّهُمۡ فِي كُلِّ وَادٖ يَهِيمُونَ
Оо, пайгамбар! Сен алардын ар кайсы өрөөндө темселеп, бирде мактоо угуп, бирде айып угуп же башка нерселерге кабылып жүрүшкөнү алардын адашкандарынын көрүнүштөрүнөн экенин көргөн жоксуңбу?!
અરબી તફસીરો:
وَأَنَّهُمۡ يَقُولُونَ مَا لَا يَفۡعَلُونَ
Алар жалган сүйлөшөт. Биз муну кылдык дешет, бирок аны кылышкан эмес.
અરબી તફસીરો:
إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَذَكَرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱنتَصَرُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُواْۗ وَسَيَعۡلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَيَّ مُنقَلَبٖ يَنقَلِبُونَ
Бирок Хассан ибн Сабитке окшоп ыйман келтирген, жакшылык иштерди кылган, Аллахты көп эскерген жана Аллахтын душмандарынан зулум көргөндөн кийин алардан өч алган акындар андай эмес. Ал эми Аллахка ширк кылып зулумдук кылгандар жана Анын пенделерине зордук-зомбулук көрсөткөндөр жакында кайсы жайга барарын билишет. Анан алар улуу жайга жана кылдат сурак берүүгө кайтып келишет.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• إثبات العدل لله، ونفي الظلم عنه.
Аллах адилеттүүлүк сыпатына ээ жана зулумдуктан алыс экенин тастыктоо.

• تنزيه القرآن عن قرب الشياطين منه.
Куран түшүп жатканда, шайтандар ага киришүүсүнөн, бурмалоо киргизүүсүнөн таза корголуп сакталган.

• أهمية اللين والرفق للدعاة إلى الله.
Аллахка үгүт кылгандарга жылуу-жумшак мамиле кылуунун маанилүүлүгү.

• الشعر حَسَنُهُ حَسَن، وقبيحه قبيح.
Поэзиянын жакшысы жакшы, жаманы жаман.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અશ્ શુઅરાઅ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો