Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: As-Saff   Ayah:

Сафф

Purposes of the Surah:
حثّ المؤمنين لنصرة الدين.
Ыймандууларды динге жардам берүүгө кызыктыруу.

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Асмандар менен жердегилер Аллахты ылайык келбеген бардык айып-кемчиликтерден аруулашты жана улукташты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفۡعَلُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер! Эмнеге силер аныгында өзүңөр кылбаган нерсени кылдым деп айтасыңар? Бул араңардан кимдир бирөө: «Мен кылычым менен салгылаштым» деп айтканы сыяктуу, бирок ал кылычы менен салгалышкан эмес жана аны менен чапкан да эмес.
Arabic explanations of the Qur’an:
كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ أَن تَقُولُواْ مَا لَا تَفۡعَلُونَ
Өзүңөр кылбаган нерсени айтууңар – Аллахтын алдында ушунчалык жек көрөрлүк иш! Ыймандуу адамга Аллах менен чынчыл болуу гана ылайыктуу, ал айткан сөзүн иш жүзүндө аткарат.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلَّذِينَ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِهِۦ صَفّٗا كَأَنَّهُم بُنۡيَٰنٞ مَّرۡصُوصٞ
Чындыгында Аллах Анын ыраазылыгына жетүү максатта, бири-бирине тыгыз жайгашкан имараттар сыяктуу сап-сап болуп жанаша тизилип Анын жолунда согушкандарды сүйөт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ لِمَ تُؤۡذُونَنِي وَقَد تَّعۡلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡۖ فَلَمَّا زَاغُوٓاْ أَزَاغَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Муса коомуна кайрылып: «Оо, элим! Силер мени Аллах тараптан келген элчи экенимди билип туруп, эмнеге буйругумду аткарбай мени кыйнап жатасыңар?» – деди. Качан алар ал алып келген акыйкаттан четтеп бурулуп кетишкенде, Аллах дагы алардын жүрөктөрүн акыйкаттан жана тууралыктан буруп койду. Аллах баш ийбес коомду акыйкатка жолдобойт.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• مشروعية مبايعة ولي الأمر على السمع والطاعة والتقوى.
Унчукпастан угууга, баш ийүүгө жана такыбалыкка негизделген деңгээлде башчыга ант берүү шариятта бар.

• وجوب الصدق في الأفعال ومطابقتها للأقوال.
Иш-аракеттерде чынчылдыктын милдеттүүлүгү жана алардын айтылган сөздөргө дал келүүсү.

• بيَّن الله للعبد طريق الخير والشر، فإذا اختار العبد الزيغ والضلال ولم يتب فإن الله يعاقبه بزيادة زيغه وضلاله.
Аллах пендеге жакшы жана жаман жолду ачык көргөзгөн. Эгерде пенде адашууну жана четтөөнү тандап, кийин тообо кылбаса, анда Аллах аны адашуусун жана четтөөсүн күчөтүп жазалайт.

 
Translation of the meanings Surah: As-Saff
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close