Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (89) Surah: Al-Mā’idah
لَا يُؤَاخِذُكُمُ ٱللَّهُ بِٱللَّغۡوِ فِيٓ أَيۡمَٰنِكُمۡ وَلَٰكِن يُؤَاخِذُكُم بِمَا عَقَّدتُّمُ ٱلۡأَيۡمَٰنَۖ فَكَفَّٰرَتُهُۥٓ إِطۡعَامُ عَشَرَةِ مَسَٰكِينَ مِنۡ أَوۡسَطِ مَا تُطۡعِمُونَ أَهۡلِيكُمۡ أَوۡ كِسۡوَتُهُمۡ أَوۡ تَحۡرِيرُ رَقَبَةٖۖ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ ثَلَٰثَةِ أَيَّامٖۚ ذَٰلِكَ كَفَّٰرَةُ أَيۡمَٰنِكُمۡ إِذَا حَلَفۡتُمۡۚ وَٱحۡفَظُوٓاْ أَيۡمَٰنَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Оо, ыймандуулар, чын жүрөктөн эмес, ооз учунан чыккан антыңар үчүн Аллах Таала силерди сурак кылбайт. Максат кылып, чын жүрөктөн берген антыңарды бузсаңар, анда сурак кылат. Максат кылып, тилиңер менен берген антыңарды бузган күнөөңөр төмөнкү үч иш менен жуулат: өзүңөр жашаган жерде орточо деп эсептелген тамак менен он жакыр адамды тамактандыруу, ар бир жакырга жарым сааь (төрт кошууч, 3, 300гр), же элдин үрпүндө кийим деп эсептелгендей кийим кийгизүү, же бир мусулман кулду азаттыкка чыгаруу. Эгер мына ушул ич иштин бирөөнө да каражат таппаса, анда үч күн орозо кармаса жетиштүү. Эй, ыймандуулар, ушул айтылгандар Аллахтын аты менен ант берип, анан аны кайра бузган күнөөңөрдү жууйт. Аллахтын аты менен жалган ант ичүүдөн, көп ант иче берүүдөн, жана антты орундоо жакшы эмес болгондо аны орундабай коюудан этиет болгула. Жакшылык кылгыла жана жогоруда Аллах баяндагандай жолдор менен антыңардын күнөөсүн жуугула. Аллах Таала анын арамга да, адалга да тишелүү өкүмдөрүн силерге баяндады. Билбеген нерсеңерди үйрөткөнү үчүн Аллахка шүгүр кылаарсыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الأمر بتوخي الطيب من الأرزاق وترك الخبيث.
Ырыскынын тазасын алып, таза эмесин таштоо керек

• عدم المؤاخذة على الحلف عن غير عزم للقلب، والمؤاخذة على ما كان عن عزم القلب ليفعلنّ أو لا يفعلنّ.
Чын жүрөктөн айтылбаган антка айып жок, чын жүрөктөн айтылган антка айып төлөнөт

• بيان أن كفارة اليمين: إطعام عشرة مساكين، أو كسوتهم، أو عتق رقبة مؤمنة، فإذا لم يستطع المكفِّر عن يمينه الإتيان بواحد من الأمور السابقة، فليكفِّر عن يمينه بصيام ثلاثة أيام.
Анттын күнөөсүн жуу үчүн он адамды тамактандыруу, же кийиндирүү, же бир кулду азаттыкка чыгаруу керек. Эгер мындай кылууга каражаты жетпесе, анда үч күн орозо кармоо менен жууйт.

• قوله تعالى: ﴿... إنَّمَا الْخَمْرُ ...﴾ هي آخر آية نزلت في الخمر، وهي نص في تحريمه.
Аллах Тааланын (...чынында арак, ...) деген аяты, арак тууралуу түшкөн эң акыркы аят, арак ушул аяттын негизинде арам болгон

 
Translation of the meanings Ayah: (89) Surah: Al-Mā’idah
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close