Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (4) Surah: Muhammad
فَإِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَضَرۡبَ ٱلرِّقَابِ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَثۡخَنتُمُوهُمۡ فَشُدُّواْ ٱلۡوَثَاقَ فَإِمَّا مَنَّۢا بَعۡدُ وَإِمَّا فِدَآءً حَتَّىٰ تَضَعَ ٱلۡحَرۡبُ أَوۡزَارَهَاۚ ذَٰلِكَۖ وَلَوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَٱنتَصَرَ مِنۡهُمۡ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَاْ بَعۡضَكُم بِبَعۡضٖۗ وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ
Оо, ыймандуулар! Согушчан каапырлар менен беттешсеңер, алардын моюндарын кылычыңар менен кыя чапкыла. Алардан өлгөндөр көбөйүп, алардын күч-кубатын жок кылганга чейин согушту уланткыла. Алардын көпчүлүгүн өлтүргөндөн кийин туткундардын кишендерин бекем байлагыла. Эгерде аларды туткунга түшүрсөңөр, анда пайдасына жараша тандооңор бар, ордуна эч нерсе албай азат кылгыла же акчалай же башка түрдө кун төлөткүлө. Каапырлар Исламды кабыл алуусу же келишим түзүүсү менен согуш аяктаганга чейин алар менен согушууну токтотпогула. Ыймандуулардын каапырлар менен сыналуусу, абалдардын алмашуусу, бири-биринин үстүнөн жеңишке жетүү сыяктуу бул айтылган нерселер – Аллахтын даанышмандыгы. Эгерде Аллах каапырларды согушсуз эле жеңүүнү каалаганда, Ал аларды жеңмек. Бирок Ал аларды бири-бири аркылуу сынаш үчүн согушту өкүм кылды. Ал ыймандуулардан кимиси согушарын, кимиси согушпасын сынайт, ошондой эле каапырды ыймандуу адам аркылуу сынайт. Эгерде ыймандуу өлтүрүлсө, ал бейишке кирет. Эгер ал ыймандуунун колунан өлсө, ал тозокко кирет. Аллах жолунда өлтүрүлгөн адамдардын иш-аракеттерин Аллах эч качан жок кылбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• النكاية في العدوّ بالقتل وسيلة مُثْلى لإخضاعه.
Душманды өлтүрүү менен ага үстөмдүк кылуу – аны багындыруунун эң сонун жолу.

• المن والفداء والقتل والاسترقاق خيارات في الإسلام للتعامل مع الأسير الكافر، يؤخذ منها ما يحقق المصلحة.
Ырайым кылуу, күн алуу, өлтүрүү, кул кылуу – туткунга түшкөн каапырга карата мамиле кылуудагы Исламдагы тандоолор. Булардын ичинен пайдасына жараша бири аткарылат.

• عظم فضل الشهادة في سبيل الله.
Аллах жолунда шейит болуунун өзгөчө артыкчылыгы.

• نصر الله للمؤمنين مشروط بنصرهم لدينه.
Аллах ыймандууларды колдоосу үчүн алардан Анын динин да колдоосун шарт кылган.

 
Translation of the meanings Ayah: (4) Surah: Muhammad
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close