Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Al-Ahqāf   Ayah:
وَإِذۡ صَرَفۡنَآ إِلَيۡكَ نَفَرٗا مِّنَ ٱلۡجِنِّ يَسۡتَمِعُونَ ٱلۡقُرۡءَانَ فَلَمَّا حَضَرُوهُ قَالُوٓاْ أَنصِتُواْۖ فَلَمَّا قُضِيَ وَلَّوۡاْ إِلَىٰ قَوۡمِهِم مُّنذِرِينَ
Оо, пайгамбар! Биз сага түшкөн Куранды угуу үчүн бир топ жиндерди жибергенибизди эстечи. Алар аны угууга келишкенде, бири-бирине: «Тынчтангыла, жакшылап угалы» – дешти. Качан пайгамбар окуп бүткөндө, алар өз коому бул Куранга ыйман келтиришпесе, анда аларга Аллахтын азабы болорун эскертүү үчүн кайтып кетишти.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالُواْ يَٰقَوۡمَنَآ إِنَّا سَمِعۡنَا كِتَٰبًا أُنزِلَ مِنۢ بَعۡدِ مُوسَىٰ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلۡحَقِّ وَإِلَىٰ طَرِيقٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Аларга айтышты: «Оо, коомубуз! Биз Аллах тараптан түшкөн мурунку китептерди тастыктаган Мусадан кийинки түшкөн китепти уктук. Биз уккан бул китеп акыйкатка жолдойт жана туура жол болгон Ислам жолуна багыттайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَٰقَوۡمَنَآ أَجِيبُواْ دَاعِيَ ٱللَّهِ وَءَامِنُواْ بِهِۦ يَغۡفِرۡ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمۡ وَيُجِرۡكُم مِّنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ
Оо, коомубуз! Силерди акыйкатка чакырган Мухаммадга жооп бергиле жана ал Раббиси тараптан келген элчи деп ыйман келтиргиле. Ошондо Аллах күнөөлөрүңөрдү кечирет жана силерди жан ооруткан азаптан сактайт. Эгерде силер анын акыйкатка карай чакырыгына жооп бербесеңер жана ал Раббиси тараптан келген элчи деп ыйман келтирбесеңер, анда силерди жан ооруткан азап күтөт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَن لَّا يُجِبۡ دَاعِيَ ٱللَّهِ فَلَيۡسَ بِمُعۡجِزٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَيۡسَ لَهُۥ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءُۚ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ
Ким Мухаммаддын акыйкатка карай чакырыгына жооп бербесе, анда ал жер бетинде Аллахтан качып кутула албайт жана аны азаптан куткара турган Аллахтан башка эч бир жардамчы болбойт. Алар акыйкаттан анык адашууда.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَلَمۡ يَعۡيَ بِخَلۡقِهِنَّ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰۚ بَلَىٰٓۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер көрүшпөйбү, асмандар менен жерди жараткан жана алардын чоңдугуна жана кеңдигине карабастан аларды жаратууда алсыздык кылбаган Аллах, сурак жана сыйлык үчүн өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи? Албетте, аларды тирилтүүгө Кудуреттүү. Чындыгында Ал бардык нерсеге Кудуреттүү. Өлүктөрдү кайра тирилтүүдө Аны эч ким алсыз кыла албайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَيَوۡمَ يُعۡرَضُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ عَلَى ٱلنَّارِ أَلَيۡسَ هَٰذَا بِٱلۡحَقِّۖ قَالُواْ بَلَىٰ وَرَبِّنَاۚ قَالَ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ
Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандар тозокко азапталыш үчүн алып келинген күнү аларга жеме катары айтылат: «Силер көрүп турган бул азап чындык бекен? Же ал силер дүйнөдө айтып жүргөндөй жалган бекен?». Алар айтышты: «Албетте, Раббибизге ант болсун. Бул анык чындык». Аларга айтылат: «Аллахка каапырлык кылганыңар себептүү азап тарткыла».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱصۡبِرۡ كَمَا صَبَرَ أُوْلُواْ ٱلۡعَزۡمِ مِنَ ٱلرُّسُلِ وَلَا تَسۡتَعۡجِل لَّهُمۡۚ كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَ مَا يُوعَدُونَ لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا سَاعَةٗ مِّن نَّهَارِۭۚ بَلَٰغٞۚ فَهَلۡ يُهۡلَكُ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына туруктуулук ээлери болгон Нух, Ибрахим, Муса, Иса пайгамбарлардай болуп сабыр кыл жана аларга азапты шаштырба! Элиңдеги каапырлар аларга убада кылынган акыреттеги азапты көрүшкөндө, аларга берилген азаптын узактыгынан улам дүйнөдө күндүзгү бир сааттай гана жашагандай болушат. Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куран жеткирүү жана ал адамзат менен жиндерге жетиштүү. Чындыгында Аллахка каапырлык жана күнөө кылуу менен Ага баш ийбестик кылган коом гана азап менен кыйрап жок болот.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• من حسن الأدب الاستماع إلى المتكلم والإنصات له.
Сүйлөп жаткан адамды кунт коюп угуу жакшы адептерден болуп саналат.

• سرعة استجابة المهتدين من الجنّ إلى الحق رسالة ترغيب إلى الإنس.
Туура жолго түшкөн жиндердин акыйкатка дароо жооп бергени – адамзатты шыктандырган жолдомо.

• الاستجابة إلى الحق تقتضي المسارعة في الدعوة إليه.
Акыйкатка жооп берүү ага тезинен үгүт кылууну талап кылат.

• الصبر خلق الأنبياء عليهم السلام.
Сабырдуулук – пайгамбарлардын кулк-мүнөзү.

 
Translation of the meanings Surah: Al-Ahqāf
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close