Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: As-Sāffāt   Ayah:

ас-Саффат

Purposes of the Surah:
تنزيه الله عما نسبه إليه المشركون، وإبطال مزاعمهم في الملائكة والجن.
Аллахтын мушриктер Ага таңуулаган нерселеринен аруулугу жана алардын периштелер менен жиндер тууралуу ойлорун жокко чыгаруу.

وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفّٗا
Ал ибадаттарында сап-сап болуп тизилип турган периштелер менен ант берди.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجۡرٗا
Ал булуттарды айдаган жана Аллах анын түшүүсүн каалаган жерге чейин алып барган периштелер менен ант берди.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكۡرًا
Аллахтын сөзүн окуган периштелер менен ант берди.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ إِلَٰهَكُمۡ لَوَٰحِدٞ
Оо, адамдар! Чындыгында силердин чыныгы кудайыңар Жалгыз, Анын шериги жок, Ал – Аллах.
Arabic explanations of the Qur’an:
رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَرَبُّ ٱلۡمَشَٰرِقِ
Ал асмандардын Раббиси, Жердин Раббиси жана алардын ортосундагылардын Раббиси. Ошондой эле Ал жыл бою чыккан жана баткан Күндүн Раббиси.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِزِينَةٍ ٱلۡكَوَاكِبِ
Чындыгында Биз Жерге жакын асманды кооз зыйнат болгон жыздыздар менен кооздоп койдук. Аларды бир караганда жаркыраган асыл таштардай көрүнөт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَحِفۡظٗا مِّن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ مَّارِدٖ
Жана Биз дүйнө асманын баш ийбес бардык шайтандарга атылган жылдыздар менен сактап койдук.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٖ
Ал шайтандар асмандагы периштелерге Раббиси тараптан вахий кылынган шарияты жана тагдыры тууралуу сөздөрүн уга алышпайт. Аларга бүт тараптан кызыган чок жылдыздар атылат.
Arabic explanations of the Qur’an:
دُحُورٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ وَاصِبٌ
Аларды угуудан кууп алыстатыш үчүн! Алар үчүн акыретте түбөлүк кыйноочу азап бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا مَنۡ خَطِفَ ٱلۡخَطۡفَةَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ ثَاقِبٞ
Бирок шайтандардан кимиси периштелердин ортосунда болгон жер бетиндеги адамдарга илими жете элек нерсе тууралуу бир эле сөздү кулак чалып калса, анда аны жалындаган чок жылдыз кууп жетип күйгүзүп салат. Балким ал уккан сөзүн аны чок жылдыз күйгүзүп жибергенге чейин жан-жөкөрлөрүнө айтканга үлгүрүп, ал сөз көзү ачыктарга жетиши мүмкүн. Анан алар ага кошуп жүз жалганды кошо айтышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَهُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَم مَّنۡ خَلَقۡنَآۚ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّن طِينٖ لَّازِبِۭ
Оо, Мухаммад! Кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерден сурачы: «Алар жаралыш жактан Биз жараткан асмандардан, Жерден жана периштелерден да оорбу, түзүлүшү жактан күчтүүбү, мүчөлүү жактан чоңбу?». Чындыгында Биз аларды жабышчаак ылайдан жараттык. Алар кайра тирилүүнү кантип жокко чыгарып жатышат, алар жабышчаак ылай болгон алсыз нерседен жаралышты го?
Arabic explanations of the Qur’an:
بَلۡ عَجِبۡتَ وَيَسۡخَرُونَ
Оо, Мухаммад! Сен Аллахтын кудуретине, жараткандарынын иштерин башкаруусуна таң каласың жана кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге да таң каласың. Ал мушриктер кайра тирилүүнү ашыкча жалганга чыгаргандары себептүү ал тууралуу сенин айткан сөздөрүңдү мазактап күлүшөт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذۡكُرُونَ
Эгерде ал мушриктерге кандайдыр бир насаат айтылса, алар андан пайда алышпайт. Анткени алардын жүрөктөрү мерез болуп калган.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذَا رَأَوۡاْ ءَايَةٗ يَسۡتَسۡخِرُونَ
Эгерде аларга пайгамбардын чынчыл экендигине далил болгон анын аят-белгилеринен бир аят-белгини көрүшсө, аны аябай шылдыңдашат жана ага таң калышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٌ
Алар: «Мухаммад алып келген бул нерсе анык эле сыйкыр» – дешет.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ
Биз өлүп топуракка жана чирип үбөлөнгөн сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилебизби? Мындай болуусу мүмкүн эмес (деп ойлошот).
Arabic explanations of the Qur’an:
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ
Бизден мурунку өткөн ата-бабаларыбыз да кайра тирилишеби?
Arabic explanations of the Qur’an:
قُلۡ نَعَمۡ وَأَنتُمۡ دَٰخِرُونَ
Оо, Мухаммад! Аларга жооп бер: «Ооба. Силер топуракка жана чириген сөөктөргө айландан кийин кайра тирилесиңер жана силердин мурунку ата-бабаларыңар да тирилишет. Баарыңар кор болгон абалда тирилесиңер».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ فَإِذَا هُمۡ يَنظُرُونَ
Сурнай (экинчи жолу) бир тартылганда баарысы Аллах аларга эмне кыларын күтүшүп кыяматтын коркунучтарын карап калышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا هَٰذَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышты: «Шорубуз кургур ай! Бул күн Аллах пенделери дүйнө жашоосунда кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын бере турган сурак күн го!».
Arabic explanations of the Qur’an:
هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ
Ошондо аларга айтылат: «Бул күн пенделердин ортосунда өкүм кылына турган күн. Силер аны дүйнөдө четке каккансыңар жана аны жалганга чыгаргансыңар».
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ ٱحۡشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزۡوَٰجَهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَعۡبُدُونَ
Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозокко карай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы.
Arabic explanations of the Qur’an:
مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهۡدُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡجَحِيمِ
Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозокко карай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقِفُوهُمۡۖ إِنَّهُم مَّسۡـُٔولُونَ
Аларды тозокко киргизерден алдын сурак берүү үчүн кармап тургула. Алар сурак беришет. Анан ошондон кийин гана аларды тозокко алып баргыла».
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• تزيين السماء الدنيا بالكواكب لمنافع؛ منها: تحصيل الزينة، والحفظ من الشيطان المارد.
Дүйнө асманын жыздыздар менен кооздоодо пайдалар бар: кооздук жана баш ийбес жин-шайтандардан коргоо.

• إثبات الصراط؛ وهو جسر ممدود على متن جهنم يعبره أهل الجنة، وتزل به أقدام أهل النار.
Сыраттын бар экенин тастыктоо. Ал тозоктүн үстүнө узатасынан тартылган көпүрө, бейиш ээлери ал аркылуу өтүшөт, ал эми тозокко түшө тургандар тайып кулашат.

مَا لَكُمۡ لَا تَنَاصَرُونَ
Аларга жеме иретинде айтылат: «Силерге эмне болду, дүйнөдө бири-бириңерди колдогондой колдобой жатасыңар, кудайларыңар силерди колдойт деп ойлочуңар эле го?».
Arabic explanations of the Qur’an:
بَلۡ هُمُ ٱلۡيَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُونَ
Жок! Алар бүгүн кордолуп Аллахтын буйругуна баш ийишет. Алар алсыздыктары жана айла-амалдары түгөнгөндүгү себептүү бири-бирин колдой алышпайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ
Алар бири-бирин жемелешип, талашып-тартышат. Ал кезде жеме да, талашуу да пайда бербейт.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَأۡتُونَنَا عَنِ ٱلۡيَمِينِ
Ээрчигендер башчыларына айтышат: «Эй, биздин башчылар! Силер дин жана акыйкат тараптан келип, бизге каапырлыкты, ширкти жана күнөөлөрдү кооз кылып көргөзгөнсүңөр жана Аллах тараптан пайгамбарлар алып келген акыйкаттан бизди алыстаткансыңар».
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالُواْ بَل لَّمۡ تَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ
Башчылар ээрчигендерге айтышат: «Бул иш силер ойлогондой эмес. Силер өзүңөр каапыр болгонсуңар, ыймандуу болгон эмессиңер. Өзүңөр четке каккансыңар».
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭۖ بَلۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا طَٰغِينَ
Эй, ээрчигендер! Биз силерди мажбурлап же үстөмдүк кылып каапырлыкка, ширкке жана күнөөгө түртө тургандай бизге бийлик берилген эмес. Силер өзүңөр каапырлыкта жана ширкте чектен ашкан коом болдуңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَحَقَّ عَلَيۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَآۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ
Эми бизге да, силерге да Аллахтын «Мен тозокту сени жана сени ээрчигендердин баарысы менен толтурам (85-бет)» деген убадасы анык болду. Андыктан биз Раббибиз убада кылган нерсени сөзсүз тартабыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَغۡوَيۡنَٰكُمۡ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ
Биз силерди адашууга жана каапырлыкка үндөдүк. Чындыгында биз акыйкат жолдон адашкандар элек.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِنَّهُمۡ يَوۡمَئِذٖ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ
Чындыгында ээрчигендер да, ээрчиткендер да кыямат күнү биргеликте азапта болушат.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ
Чындыгында Биз аларга азапты тарттырганыбыз сыяктуу алардан башка күнөөлөрдү да ошондой кылабыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُمۡ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسۡتَكۡبِرُونَ
Эгерде ал мушриктерге дүйнөдө: «Аллахтан башка кудай жок» деп анын талабына ылайык иш-аракет кылгыла жана ага каршы келгенди таштагыла» – деп айтылса, алар акыйкатка текеберлик кылып, бой көтөрүп ага жооп берүүдөн жана моюн сунуудан баш тартышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٖ مَّجۡنُونِۭ
Алар каапырлыктарына далил кылып: «Биз кайдагы бир жинди акындын сөзү үчүн эле кудайларыбызга сыйынганды таштамак белек?» – дешти. Алар бул бул айткан сөзү менен пайгамбарды максат кылышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
بَلۡ جَآءَ بِٱلۡحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Алардын жалаасы аша чаап кетти. Аллахтын элчиси жинди да, акын да эмес. Ал Аллахтын жалгыздыгынына жана Анын элчисин ээрчүүгө чакырган Куранды алып келди жана ошондой эле пайгамбарлардын Аллах тараптан алып келишкен Аллахты жалгыздоо жана акырет анык экендиги тууралуу нерселерде чынчыл экендиктерин тастыктады жана аларга каршы чыккан жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّكُمۡ لَذَآئِقُواْ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَلِيمِ
Эй, мушриктер! Силер каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү кыямат күнү кыйноочу азапты татасыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Эй, мушриктер! Силер дүйнөдө Аллахка каапырлык жана күнөөлөрдү кылганыңарга жараша жазаңарды аласыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Бирок Аллах аларды сыйынууда ыкластуу кылган жана алар дагы Ага ыкластуулук менен сыйынышкан Анын ыймандуу пенделери – мына ошолор азаптан кутулуучулар.
Arabic explanations of the Qur’an:
أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ رِزۡقٞ مَّعۡلُومٞ
Ошол ыкластуу пенделерге өз жакшылыгы, кооздугу жана түбөлүктүүлү менен маалым болгон Аллахтын ырыскысы бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكۡرَمُونَ
Алар каалаган жана жеген даамдуу мөмө-жемиштер аларга ырыскы. Буга кошумча алар даражасы көтөрүлүү жана Улуу Аллахтын Жүзүн көрүү менен да сыйланат.
Arabic explanations of the Qur’an:
فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Алар ушулардын баарысына эч качан бүтпөгөн туруктуу, түбөлүктүү жана жыргал бейиштерде жетишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Алар сөрүлөргө сүйөнүшүп бет маңдай бири-бирин карап олтурушат.
Arabic explanations of the Qur’an:
يُطَافُ عَلَيۡهِم بِكَأۡسٖ مِّن مَّعِينِۭ
Аларга аккан суудай таза болгон шарап куюлган кеселер айлантылат.
Arabic explanations of the Qur’an:
بَيۡضَآءَ لَذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ
Өңү аппак, аны ичкен адам болуп көрбөгөндөй ырахат алат.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَا فِيهَا غَوۡلٞ وَلَا هُمۡ عَنۡهَا يُنزَفُونَ
Ал адамдын акылын кетирип мас кылган дүйнөдөгү шараптай эмес. Аны ичкен адамдын башы оорубайт, денесине жана акылына закаласы тийбейт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ عِينٞ
Жана бейиште алардын бакыраң көздүү, абийирдүү аялдары болот, алар күйөөсүнөн башка эч кимге көз салбайт.
Arabic explanations of the Qur’an:
كَأَنَّهُنَّ بَيۡضٞ مَّكۡنُونٞ
Алардын түсүнүн апапакайлыгы эч бир кол тийбей сакталган чымчык жумурткасынын сарысы менен болгон аралашма сымал.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ
Бейиштегилер бири-биринен дүйнөдөгү өткөн чагы жана кандай окуялар болгондугу тууралуу сурашат.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٞ
Ал ыймандуулардан бирөөсү айтат: «Менин бир таанышым бар эле, ал кайра тирилүүнү жокко чыгарчу.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• سبب عذاب الكافرين: العمل المنكر؛ وهو الشرك والمعاصي.
Каапырлардын азапталышынын себеби – жамандык иш, тагыраак айтканда ширк жана күнөөлөр.

• من نعيم أهل الجنة أنهم نعموا باجتماع بعضهم مع بعض، ومقابلة بعضهم مع بعض، وهذا من كمال السرور.
Бейиштегилердин жыргалчылыктарынан, алар бири-бири менен чогулушуп, жолугушуп кубанычка батышат. Ал эми бул болсо кубанычтын туу чокусу.

يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُصَدِّقِينَ
Ал мени жактырбагандай шылдыңдап мындай деди: «Эй, чынчыл! Сен өлүктөрдүн кайра тирилерин чындык деп тастыктагандардын бирисиңби?
Arabic explanations of the Qur’an:
أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ
Биз өлүп, топуракка жана чириген сөөктөргө айлангандан кийин кайра тирилип, дүйнөдө кылган иштерибиздин жазасын же сыйлыгын алабызбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالَ هَلۡ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ
Анын ыймандуу жолдошу бейиштик болгон досторуна айтты: «Жүргүлө мени менен, кайра тирилүүнү жокко чыгарган жанагыл досубузду көрүп келелиби?».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِي سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ
Ал көз чаптырып карады. Ошондо досун тозоктун ортосунан көрдү.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرۡدِينِ
Ал айтты: «Аллахка ант болсун! Эй, досум! Сен мени каапырлыкка жана кайра тирилүүнү жокко чыгарууга чакырып, аз жерден мени да кыйроого учуратып кое жаздаптырсың!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَوۡلَا نِعۡمَةُ رَبِّي لَكُنتُ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ
Эгер Аллах мени ыйман жолуна салып, ийгилик берип мага жакшылык кылбаганда, мени дагы сага окшоп азапка түшкөндөрдөн болмок экем».
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَمَا نَحۡنُ بِمَيِّتِينَ
Биз, бейиш адамдары, өлбөйт экенбиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا مَوۡتَتَنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ
Дүйнө жашоосундагы биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. Биз бейиште түбөлүк калабыз. Каапырларга окшоп азапталбайбыз».
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Чындыгында Раббибиз бизди бейишке киргизип жана тозоктон сактап, ушундай сооп-сыйлыктарды бергени – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.
Arabic explanations of the Qur’an:
لِمِثۡلِ هَٰذَا فَلۡيَعۡمَلِ ٱلۡعَٰمِلُونَ
Иш-аракет кылгандар ушундай улуу сыйлык үчүн аракет кылышсын. Чындыгында бул кирешелүү соода.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَذَٰلِكَ خَيۡرٞ نُّزُلًا أَمۡ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ
Аллах Өзүнүн чын ыкластан моюн сунган пенделерине даярдап койдум деген бул жакшылык артыкпы же Курандагы каргышка калган Заккум дарагы жакшыбы? Ал адамды семиртпеген жана курсагын да тойгузбаган каапырлардын тамагы.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا جَعَلۡنَٰهَا فِتۡنَةٗ لِّلظَّٰلِمِينَ
Чындыгында Биз ал даракты каапырлык жана күнөөлөрдү кылган залымдарды азгырган сыноо кылдык. Ал айтышты: «Чынында от даракты жалмайт. Ал жакта дарак өсүшү мүмкүн эмес».
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهَا شَجَرَةٞ تَخۡرُجُ فِيٓ أَصۡلِ ٱلۡجَحِيمِ
Чындыгында Заккум дарагы – эң жаман жерден өнүп чыккан дарак. Ал тозоктун түбүнөн өсүп чыгат.
Arabic explanations of the Qur’an:
طَلۡعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ
Андан өнүп чыккан мөмөлөр – шайтандардын баштарына окшогон жийиркеничтүү көрүнүштө. Анын сыртынын жийиркеничтүүлүгү ичи да ошондой экенине далил болот. Бул анын мөмөсүнүн даамы жийиркеничтүү экенин билдирет.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِنَّهُمۡ لَأٓكِلُونَ مِنۡهَا فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ
Каапырлар ачка болгондо, анын ачуу жана жийиркеничтүү мөмөлөрүнөн курсактары тойгуча жешет.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ إِنَّ لَهُمۡ عَلَيۡهَا لَشَوۡبٗا مِّنۡ حَمِيمٖ
Кийин алар аны жешкен соң аларга жийиничтүү, кайнак аралашма суусундук берилет.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ إِنَّ مَرۡجِعَهُمۡ لَإِلَى ٱلۡجَحِيمِ
Андан кийин алар тозок азабына кайтарылат. Ошентип алар азаптан-азапка өтүп жүрө беришет.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُمۡ أَلۡفَوۡاْ ءَابَآءَهُمۡ ضَآلِّينَ
Чындыгында ал каапырлар ата-бабаларын акыйкат жолдон адашкан абалда табышып, аларды эч кандай далилсиз үлгү тутуп ээрчишкен.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَهُمۡ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ يُهۡرَعُونَ
Алар адашууда ата-бабаларынын изине түшүп, аларды өлүп-талып ээрчишкен.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَهُمۡ أَكۡثَرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Алардан мурунку абалкылардын көпчүлүгү да адашкан. Оо, пайгамбар! Сенин коомуң – адашкан коомдордун биринчиси эмес.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ
Биз ошол алгачкы коомдорго Аллахтын азабынан коркуткан пайгамбарларды жибердик, бирок алар каапыр болушту.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ
Оо, пайгамбар! Пайгамбарлардын эскертмелерине жооп бербеген коомдордун арты кандай болгонун карабайсыңбы? Чындыгында алардын акыбети – каапырлыктары жана пайгамбарларын жалганга чагаргандыгы себептүү түбөлүк тозокко кирүү болду.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Аллахка чын ыкластан ыйман келтиргендер гана андай болгон жок. Чындыгында алар жалганчы каапырлардын акыбети болгон азаптан кутулушту.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ نَادَىٰنَا نُوحٞ فَلَنِعۡمَ ٱلۡمُجِيبُونَ
Бир кезде Бизге пайгамбарыбыз Нух аны жалганга чыгарган коомуна каршы дуба кылып кайрылды. Биз кандай жакшы жооп берүүчүбүз! Биз анын коомуна каршы кылган дубасына жооп берүүгө шашылдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ
Биз аны, үй-бүлөсүн жана аны менен болгон ыймандууларды коомунун зыянынан жана андагы каапырларга жиберилген улуу топон сууга чөгүүдөн сактадык.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• الظفر بنعيم الجنان هو الفوز الأعظم، ولمثل هذا العطاء والفضل ينبغي أن يعمل العاملون.
Бейиш жыргалчылыктарына жетүү – улуу жеңиш. Адамдар мына ушундай сыйлыкка жана артыкчылыкка жетүүгө аракет кылуусу керек.

• إن طعام أهل النار هو الزقّوم ذو الثمر المرّ الكريه الطعم والرائحة، العسير البلع، المؤلم الأكل.
Кыйынчылык менен жутулган, жегенде жан ооруткан, даамы жана жыты жагымсыз, ачуу мөмөлүү Заккум дарыгы – тозоктогулардын тамагы.

• أجاب الله تعالى دعاء نوح عليه السلام بإهلاك قومه، والله نعم المقصود المجيب.
Аллах Нухка коомун жок кылуусун сураган дубасына жооп берди. Аллах – адамдар бет алган эң жакшы жооп берүүчү.

وَجَعَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلۡبَاقِينَ
Биз анын үй-бүлөсүн менен аны ээрчигендерди гана куткардык. Ал эми алардан башка коомундагы каапырларды сууга чөктүрдүк.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Жана келечек муундарда ал тууралуу айтылган мактоо сөздөрдү калтырдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٖ فِي ٱلۡعَٰلَمِينَ
Келечек муундарда Нух тууралуу жаман сөздөр айтылуусунан ага саламаттык жана амандык болсун! Тескерисинче, аны эскерип айтылган жакшы сөздөр гана калат.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биз Нухка бергендей сыйлыкты Аллахка гана сыйынып жакшылыктарды кылгандарга жана Ага моюн сунгандарга да беребиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Нух Аллахка моюн сунган ыймандуу пенделерибизден.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ
Кийин Биз калгандарын аларга жиберген топон сууга чөктүрдүк. Алардан эч ким калган жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبۡرَٰهِيمَ
Чындыгында Ибрахим дагы жалгыз Аллахка чакырууда анын динине туура келген абалда ээрчиген адамдардан болчу.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِذۡ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلۡبٖ سَلِيمٍ
Эстечи, бир кезде ал Раббисине ширктен тазаланган жүрөк менен жана адамдарга Аллахты насаат кылган абалда келди.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَاذَا تَعۡبُدُونَ
Ошондо ал атасы менен мушрик коомун жемелеп мындай деп айтты: «Аллахтан башка эмнелерге сыйынып жатасыңар?
Arabic explanations of the Qur’an:
أَئِفۡكًا ءَالِهَةٗ دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ
Аллахтан башка жалган кудайларга сыйынып жатасыңарбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Эй, элим! Силер ааламдардын Раббисинен башкага сыйынган абалда Ага жолуккан кезде Ал тууралуу кандай ойлойсуңар?».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَنَظَرَ نَظۡرَةٗ فِي ٱلنُّجُومِ
Ибрахим эли менен чогу барбастын айласын издеп жылдыздарга бир карады.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٞ
Анан эли менен чогу майрамга баргысы келбей шылтоосун айтып: «Мен ооруп жатам» – деди.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَتَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ مُدۡبِرِينَ
Алар аны таштап кетишти.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمۡ فَقَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ
Анан алардын Аллахтан башка сыйынган кудайларына келип, алардын шылдыңдай мындай деди: «Мушриктер силер үчүн жасаган тамак-аштардан жебейсиңерби?
Arabic explanations of the Qur’an:
مَا لَكُمۡ لَا تَنطِقُونَ
Эмнеге сүйлөбөйсүңөр? Эмнеге сурагандарга жооп бербейсиңер? Аллахтан башка ушундай нерселерге сыйынган болмок беле?!».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَرَاغَ عَلَيۡهِمۡ ضَرۡبَۢا بِٱلۡيَمِينِ
Ибрахим жакын келип аларды оң колу менен сындыра бир чапты.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَقۡبَلُوٓاْ إِلَيۡهِ يَزِفُّونَ
Ошондо аларга сыйынган адамдар аны көздөй далбастап келишти.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالَ أَتَعۡبُدُونَ مَا تَنۡحِتُونَ
Ибрахим аларды туруктуулук менен кабыл алды. Аларды жемелеп мындай деди: «Өзүңөр чегип жасаган Аллахтан башка кудайларыңарга сыйынасыңарбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ
Аллах таала силерди жана иш-аракетиңерди жаратты. Бул айкелдериңер болсо силердин жасаган ишиңер. Аллах гана ширк кылынбастан сыйынууга татыктуу.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَالُواْ ٱبۡنُواْ لَهُۥ بُنۡيَٰنٗا فَأَلۡقُوهُ فِي ٱلۡجَحِيمِ
Качан алар ага каршы далил келтире албай калышканда күч колдонууга өтүштү. Алар Ибрахимди эмне кылуу тууралуу ич ара кеңешип мындай дешти: «Ал үчүн имарат кургула да, анын ичин отунга толтургула жана аны күйгүзүп туруп, аны ошого ыргыткыла!».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ
Ибрахимдин эли аны жок кылып жаныбыз жай алат деп ага жамандыкты каалашты. Бирок Биз отту салкын жана бейпил кылуубуз менен аларды жоготууга учураттык.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّي سَيَهۡدِينِ
Ибрахим айтты: «Мен талаптагыдай сыйыныш үчүн өз эл-жеримди таштап Раббиме кетем. Раббим мени эки дүйнөдөгү жакшылыктарга жолдойт».
Arabic explanations of the Qur’an:
رَبِّ هَبۡ لِي مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
«Оо, Раббим! Мага такыба перзент бере көр. Ал мага жат жерде элимдин ордуна эрмек жана жөлөк болсун».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَبَشَّرۡنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٖ
Биз анын дубасына жооп бердик жана ага бой жетип кичи пейил боло турган перзенттүү болору тууралуу сүйүнчү кабарды жеткирдик.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعۡيَ قَالَ يَٰبُنَيَّ إِنِّيٓ أَرَىٰ فِي ٱلۡمَنَامِ أَنِّيٓ أَذۡبَحُكَ فَٱنظُرۡ مَاذَا تَرَىٰۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُۖ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Исмаил бой тартып, атасы менен тең катар басып калганда атасы Ибрахим түш көрдү. Пайгамбарлардын түшү аян. Ибрахим баласына көргөн түшүн жоруп: «Балам! Мен түшүмдө сени курмандыкка чалып жатыпмын. Бул тууралуу кандай ойлойсуң?» – дегенде, Исмаил атасына мындай деди: «Атаке! Аллахтын мени курмандыкка чал деген буйругун аткарыңыз. Мени Аллахтын өкүмүнө ыраазы, сабыр кылган абалда табасыз».
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• من مظاهر الإنعام على نوح: نجاة نوح ومن آمن معه، وجعل ذريته أصول البشر والأعراق والأجناس، وإبقاء الذكر الجميل والثناء الحسن.
Аллахтын Нухка кылган жакшылыктарынан – Нухту жана аны менен ыйман келтиргендерди куткарганы, анын урпактарынан адамзатты, расаларды жана улуттарды таратканы жана анын артынан ал тууралуу алкыш-мактоо сөздөрдү калтыруусу.

• أفعال الإنسان يخلقها الله ويفعلها العبد باختياره.
Инсандын иш-аракеттерин Аллах жаратат, ал эми пенде аны өз ыктыяры менен аткарат.

• الذبيح بحسب دلالة هذه الآيات وترتيبها هو إسماعيل عليه السلام؛ لأنه هو المُبَشَّر به أولًا، وأما إسحاق عليه السلام فبُشِّر به بعد إسماعيل عليه السلام.
Бул аяттардын негизинде жана тартип боюнча алганда курмандыкка Исмаил чалынган. Анткени ал тууралуу биринчи сүйүнчү айтылган. Ал эми Исхак пайгамбар тууралуу Исмаилден кийин сүйүнчүлөнгөн.

• قول إسماعيل: ﴿سَتَجِدُنِي إِن شَآءَ اْللهُ مِنَ اْلصَّابِرِينَ﴾ سبب لتوفيق الله له بالصبر؛ لأنه جعل الأمر لله.
Исмаилдин «Аллах кааласа сиз мени сабырдуулардан экенимди билесиз» деп айтканы – Аллахтын ага сабыр кылууга ийгилик бергени. Анткени ал бул ишти Аллах үчүн кылды.

فَلَمَّآ أَسۡلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلۡجَبِينِ
Качан ал экөөсү Аллахка моюн сунган кезде Ибрахим баласын курмандыкка чалуу тууралуу буйрукту аткарыш үчүн аны бешенесинин капталына жаткырды.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَنَٰدَيۡنَٰهُ أَن يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ
Ибрахим баласын курмандыкка чал деген Аллахтын буйругун аткарууга киришкенде Биз: «Оо, Ибрахим!» – деп чакырык салдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
قَدۡ صَدَّقۡتَ ٱلرُّءۡيَآۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Сен балаңды курмандыкка чалуу тууралуу көргөн түшүндү экиленбестен аткардың. Чындыгында Биз сени бул чоң сыноодон куткарып сыйлаганыбыз сыяктуу жакшылык кылган адамдарды да сыноолордон жана кыйынчылыктардан куткарабыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡبَلَٰٓؤُاْ ٱلۡمُبِينُ
Акыйкатта бул анык сыноо болчу. Ибрахим андан ийгиликтүү өттү.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَفَدَيۡنَٰهُ بِذِبۡحٍ عَظِيمٖ
Биз Исмаилдин ордуна курмандыкка чалыш үчүн чоң кочкорду тартуу кылдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Жана келечек муундарга Ибрахим тууралуу алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ
Аллахтан ага дубай салам жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!
Arabic explanations of the Qur’an:
كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биз Ибрахимге моюн сунганы үчүн ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу жакшылык кылгандарга да сыйлыктарды тартуулайбыз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Ибрахим Аллахка кулчулук кылуунун талаптарын аткарган ыймандуу пенделерибизден эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَبَشَّرۡنَٰهُ بِإِسۡحَٰقَ نَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Жана ал Аллахка моюн сунуп жалгыз баласы Исмаилди курмандыкка чалгандыгынын сыйлыгы катары Биз ага пайгамбар жана такыба пенде боло турган Исхак аттуу балалуу болорун сүйүнчүлөдүк.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَبَٰرَكۡنَا عَلَيۡهِ وَعَلَىٰٓ إِسۡحَٰقَۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحۡسِنٞ وَظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ مُبِينٞ
Биз ага жана баласы Исхакка Өзүбүз тараптан береке түшүрдүк жана аларга көп жакшылыктарды бердик. Ал жакшылыктардан – алардын балдарынын көп болуусу. Алардын урпактарынын ичинде Раббисине моюн сунуп жакшылык кылгандары бар жана ошондой эле каапырлык жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө ачык зулумдук кылгандары да бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга пайгамбарлык бердик.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَنَجَّيۡنَٰهُمَا وَقَوۡمَهُمَا مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ
Биз аларды жана алардын коому Исраил урпактарын Фараондун кулчулугунан жана сууга чөгүүдөн сактадык.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَنَصَرۡنَٰهُمۡ فَكَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ
Биз аларды Фараонго жана анын аскерине каршы колдодук. Душмандын үстүнөн жеңишке жетүү алар тарапта болду.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَءَاتَيۡنَٰهُمَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلۡمُسۡتَبِينَ
Жана Биз Муса менен анын бир тууганы Харунга Аллах тараптан ачык-айкын Тоорат китебин бердик.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَهَدَيۡنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ
Аларды эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салдык. Ал -– Жаратуучунун ыраазылыгына жеткирген Ислам дининин жолу.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِمَا فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Жана алар тууралуу келечек муунга алкыш-мактоо сөздөрдү калтырдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
Аллахтан ал экөөсүнө дубай салам, алкыш-мактоолор жана бүткүл балээ-кырсыктардан аман болуу тууралуу каалоо-тилектер болсун!
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Чындыгында Биз Муса менен Харунга ушундай ардактуу сыйлыкты бергенибиз сыяктуу Раббисине моюн сунуп жакшылыктарды кылгандарга да сыйлыктарды беребиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُمَا مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Муса менен Харун Аллахтын шариятын аткарган ыймандуу пенделерибизден болчу.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّ إِلۡيَاسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Ошондой эле Илияс дагы Раббиси тараптан жиберилген элчилерибизден эле. Аллах ага пайгамбарчылыкты жана элчиликти тартуу кылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде ал жиберилген Исраил урпактарына мындай деди: «Оо, элим! Аллахтын жалгыз Ага гана сыйынуу сыяктуу өкүм-буйруктарын аткарып, ширк сыяктуу тыюуларын таштап Андан коркпойсуңарбы?!
Arabic explanations of the Qur’an:
أَتَدۡعُونَ بَعۡلٗا وَتَذَرُونَ أَحۡسَنَ ٱلۡخَٰلِقِينَ
Аллахтан башка кудайыңар Баалга сыйынып, эң мыкты Жаратуучу Аллахка сыйынууну таштап коёсуңарбы?!
Arabic explanations of the Qur’an:
ٱللَّهَ رَبَّكُمۡ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Аллах силерди жана силерден мурунку ата-бабаларыңарды жараткан Раббиңер. Андан башка пайда да, зыян да бербеген айкелдер эмес, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• قوله: ﴿فَلَمَّآ أَسْلَمَا﴾ دليل على أن إبراهيم وإسماعيل عليهما السلام كانا في غاية التسليم لأمر الله تعالى.
«Качан ал экөөсү моюн сунушканда» деген сөз – Ибрахим менен Исмаилдин Аллахтын буйругуна толук моюн сунгандарына далил болот.

• من مقاصد الشرع تحرير العباد من عبودية البشر.
Адамдарды адамга сыйынуудан бошотуу – шарияттын түпкү максаттарынан.

• الثناء الحسن والذكر الطيب من النعيم المعجل في الدنيا.
Алкыш-мактоолордун жана жакшы сөздөрдүн айтылуусу – бул дүйнөдө алдын ала берилген жакшылыктардан.

فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ
Аны коому жалганга чыгаргандан башка эч нерсе кылбады. Эми алар жалганга чыгарышканы себептүү азапка топтолуп келишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Ал эми анын коомундагы Аллахка чын ыкластан сыйынган ыймандуулар – алар азапка топтолуп келүүдөн аман калышат.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ
Ал эми келечек муундарга ал тууралуу алкыш-мактоо сөздөрүн калтырдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلۡ يَاسِينَ
Аллахтан Илияска дубай саламдар жана мактоолор болсун!
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Биз Илияска ушундай сыйлык бергенибиз сыяктуу ыймандуу пенделерибиздин жакшылык кылгандарына да сыйлыктарды беребиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында Илияс Раббисине чындап ыйман келтирген чыныгы ыймандуу пенделерибизден эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّ لُوطٗا لَّمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Лут дагы өз коомдоруна куш кабарчы жана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِذۡ نَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ
Биз аны жана бүт үй-бүлөсүн коомуна жиберилген азаптан сактаган кезибизди эстечи.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ
Бир гана аялынан башкасын. Анткени ал аял коому сыяктуу каапыр болгону үчүн аны да азап алды.
Arabic explanations of the Qur’an:
ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ
Анан Биз аны жалганга чыгарган жана ал алып келгенге ишенбеген коомунун калгандарын кыйратып жок кылдык.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّكُمۡ لَتَمُرُّونَ عَلَيۡهِم مُّصۡبِحِينَ
Эй, Мекке эли! Силер таң эрте Шамга карай сапарларыңарда алардын жерлеринен өтүп жатасыңар го!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَبِٱلَّيۡلِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Жана ал жерлерден түндөсү да өтүп жатасыңар. Акыл жүгүртпөйсүңөрбү? Алардын жалганынын, каапырлыгынын жана ага чейин болбогондой бузукулук кылгандарынын арты эмне болгонунан сабак албайсыңарбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Юнус дагы өз коомдоруна куш кабарчы жана эскертүүчү болуп жиберилген Аллахтын элчилеринен эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِذۡ أَبَقَ إِلَى ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ
Бир кезде ал Раббисинин уруксатысыз коомунан качып, жүргүнчүлөргө жана буюмдарга толгон кемеге отурду.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ
Кеме жүккө толгону үчүн чөгөйүн деп калды. Ошондо жүргүнчүлөр адамдын көптүгүнөн кеме чөгүп кетүүсүнөн коркуп, арасынан кээ бирлерин ыргытыш үчүн чүчү кулак ташташты. Юнус ошол утулгандардын арасында болчу. Аны деңизге ыргытышты.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱلۡتَقَمَهُ ٱلۡحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٞ
Качан аны деңизге ыргытканда аны кит жутуп алды. Ал Раббисинин уруксатысыз деңизге кетип калгандыгы үчүн ал өзү жемеге алынган нерсеге туш болду.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَلَوۡلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُسَبِّحِينَ
Эгер Юнус бул иш болгонго чейин Аллахты көп зикир кылгандардан болбогондо, эгер ал киттин курсагында Аллахты аруулаганы болбогондо
Arabic explanations of the Qur’an:
لَلَبِثَ فِي بَطۡنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
киттин курсагында кыямат күнгө чейин калып калмак. Ал ага кабыр сыяктуу болуп калмак.
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ فَنَبَذۡنَٰهُ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٞ
Анан Биз аны киттин курсагынан чыгарып, эч кандай бак-дарак, курулуш болбогон жерде таштадык. Ал киттин курсагында канча бир убакыт болгону үчүн анын денеси алсырап калган эле.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَنۢبَتۡنَا عَلَيۡهِ شَجَرَةٗ مِّن يَقۡطِينٖ
Анан Биз ал бош жерге аны көлөкөлөнсүн жана азыктансын деп ашкабак дарагын өстүрдүк.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلۡفٍ أَوۡ يَزِيدُونَ
Биз аны жүз миң же андан көбүрөөк элине пайгамбар кылып жибергенбиз.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ
Алар ага ыйман келтиришти жана ал алып келгенди акыйкат деп ишеништи. Ошентип Аллах аларга дүйнө жашоосунда алардын ажалы келгенге чейин жакшылыктарды пайдаландырды.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَلِرَبِّكَ ٱلۡبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلۡبَنُونَ
Оо, Мухаммад! Мушриктерден ачуулана сурачы: «Силер өзүңөр жаман көргөн кыз балдарды Аллахка таандык кылып, ал эми уул балдарды өзүңөргө таандык кылып алдыңарбы? Бул эмне деген бөлүштүрүү?!
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ خَلَقۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثٗا وَهُمۡ شَٰهِدُونَ
Алар кандайча периштелерди ургаачы деп ойлоп жатышат, аларды жаратканда катышышкан да эмес, көрүшкөн да эмес го?!
Arabic explanations of the Qur’an:
أَلَآ إِنَّهُم مِّنۡ إِفۡكِهِمۡ لَيَقُولُونَ
Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Чынында, мушриктер Аллахка жалган айтып жана Ага жалаа жаап Анын баласы бар дешет. Алар бул жалаасында анык жалганчы.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَصۡطَفَى ٱلۡبَنَاتِ عَلَى ٱلۡبَنِينَ
Аллах алар жакшы көргөн уул балдарды таштап, Өзү үчүн алар жаман көргөн кыз балдарды тандап алыптырбы? Жок!
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• سُنَّة الله التي لا تتبدل ولا تتغير: إنجاء المؤمنين وإهلاك الكافرين.
Ыймандууларды куткарып, каапырларды жок кылуу – Аллахтын тутунган өзгөрбөс жана бурмаланбас жолу.

• ضرورة العظة والاعتبار بمصير الذين كذبوا الرسل حتى لا يحل بهم ما حل بغيرهم.
Пайгамбарларды жалганга чыгаргандардын башына келген нерсе алардын да башына келбеш үчүн алардын акыбети кандай болгонун карап андан ибарат жана сабак алуунун зарылдыгы.

• جواز القُرْعة شرعًا لقوله تعالى: ﴿ فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ اْلْمُدْحَضِينَ ﴾.
Шариятта чүчү кулак тартуу уруксат. Анткени Аллах айтты: «Чүчү кулак тартышканда ал жеңилгендерден болуп калды».

مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ
Эй, мушриктер! Силерге эмне болду?! Аллахка кыз балдарды таандык кылып, ал эми өзүңөргө уул балдарды таандык кылып, эмнеге мындай адилетсиз өкүм кылып жатасыңар?!
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Силер тутунган бул бузук ишенимдин жалгандыгын билип эсиңерге келбейсиңерби?! Силер эсиңерге келгенде мындай сөздү айтпайт болчуңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَمۡ لَكُمۡ سُلۡطَٰنٞ مُّبِينٞ
Же силерде бул жөнүндө китепте же пайгамбардан келген ачык далил барбы?
Arabic explanations of the Qur’an:
فَأۡتُواْ بِكِتَٰبِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Эгер бул айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда силер буга далил кылган китебиңерди алып келгилечи!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَجَعَلُواْ بَيۡنَهُۥ وَبَيۡنَ ٱلۡجِنَّةِ نَسَبٗاۚ وَلَقَدۡ عَلِمَتِ ٱلۡجِنَّةُ إِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ
Мушриктер Аллах менен алар көрбөгөн периштелердин ортосунда тууганчылык бар деп периштелерди Аллахтын кыздары деп ойлошот. Периштелер болсо Аллах мушриктерди суракка алып келерин билишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ
Мушриктердин Аллахтын баласы бар, шериги бар деп Ага ылайык келбеген сыпаттоолорунан Аллах таала аруу жана таза.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Аллахтын чын ыкластуу пенделери гана Аны Өзүнө ылайык келгендей улуулук жана кемчиликсиз сыпаттар менен сыпатташат.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِنَّكُمۡ وَمَا تَعۡبُدُونَ
Эй, мушриктер! Силер жана Аллахтан башка сыйынган кудайларыңар
Arabic explanations of the Qur’an:
مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ بِفَٰتِنِينَ
акыйкат динден эч кимди адаштыра албайсыңар.
Arabic explanations of the Qur’an:
إِلَّا مَنۡ هُوَ صَالِ ٱلۡجَحِيمِ
Бирок тозок ээлеринен болот деп өкүм кылынгандан башкасын. Анткени Аллах ага Өз өкүмүн жүргүзөт, анан ал каапырлык кылып, тозокко кирет. Ал эми силердин жана кудайларыңардын буга эч кандай күч-кубаты жетпейт.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٞ مَّعۡلُومٞ
Периштелер Аллахка болгон кулчулуктарын жана мушриктердин ойлогон ойлоруна катышы жок экендиктерин ачыктап мындай дешет: «Биздин арабызда ким болбосун, анын Аллахка сыйынууда жана моюн сунууда белгилүү орду бар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلصَّآفُّونَ
Биз, периштелер Аллахка ибадат кылууда жана моюн сунууда саптарга тизилип турабыз. Биз Аллахты Ага ылайык келбеген сыпаттардан аруулайбыз».
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلۡمُسَبِّحُونَ
Биз, периштелер Аллахка ибадат кылууда жана моюн сунууда саптарга тизилип турабыз. Биз Аллахты Ага ылайык келбеген сыпаттардан аруулайбыз».
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِن كَانُواْ لَيَقُولُونَ
Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَوۡ أَنَّ عِندَنَا ذِكۡرٗا مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ
Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَكَفَرُواْ بِهِۦۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ
Мекке элинен болгон мушриктер Мухаммаддын пайгамбарчылыгына чейин мындай деп айтышчу: «Эгерде бизде да Тоорат сыяктуу абалкылардын китебиндей китеп болгондо биз Аллахка чын ыкластан сыйынмакпыз». Бирок алар бул нерседе жалганчылар. Аларга Мухаммад Куранды алып келди, бирок алар ага каапырлык кылышты. Эми жакында алар кыямат күндөгү катаал азап күтүп турганын билишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَلَقَدۡ سَبَقَتۡ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук себептүү алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет. Жеңиш – Аллахтын сөзү улук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта».
Arabic explanations of the Qur’an:
إِنَّهُمۡ لَهُمُ ٱلۡمَنصُورُونَ
Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук себептүү алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет. Жеңиш – Аллахтын сөзү улук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта».
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلۡغَٰلِبُونَ
Пайгамбарларыбызга Биздин сөзүбүз алдын ала айтылган: «Аллах аларга берген далилдер жана күч-кубаттуулук себептүү алар душмандарынын үстүнөн жеңишке жетишет. Жеңиш – Аллахтын сөзү улук болсун деп Анын жолунда согушкан аскерлерибиз тарапта».
Arabic explanations of the Qur’an:
فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٖ
Оо, пайгамбар! Сен ал каршы чыккан мушриктерден Аллахка белгилүү болгон алардын азап убактысынын мөөнөтү келгенге чейин жүзүңдү бур!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَبۡصِرۡهُمۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ
Аларга азап келген учурда аларды карап тур. Жакында алар азапты өз көзү менен көрөт, бирок көрүү эми эч кандай пайда бербейт.
Arabic explanations of the Qur’an:
أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ
Мушриктер Аллахтын азабын шаштырып жатышабы?
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمۡ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلۡمُنذَرِينَ
Эгер аларга Аллахтын азабы түшсө, анда ошол таң алар үчүн эң жаман таң болот!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٖ
Оо, пайгамбар! Аллах аларга азапты өкүм кылганга чейин алардан жүзүңдү бур!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَبۡصِرۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ
Аларга Аллахтын азабы жана жазасы келерин карап тур, алар дагы карашсын.
Arabic explanations of the Qur’an:
سُبۡحَٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلۡعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ
Оо, Мухаммад! Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң мушриктер сыпаттап жаткан кемчилик сыпаттардан аруу.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَسَلَٰمٌ عَلَى ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Ардактуу пайгамбарларга Аллахтын саламы жана алкышы болсун!
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Бүткүл мактоолор Аллахка гана таандык. Ал Өзү ага татыктуу. Ал бүткүл ааламдын Раббиси. Алардын Андан башка Раббиси жок.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• سُنَّة الله نصر المرسلين وورثتهم بالحجة والغلبة، وفي الآيات بشارة عظيمة؛ لمن اتصف بأنه من جند الله، أنه غالب منصور.
Пайгамбарларды жана алардын мураскорлорун далилдер жана жеңиш менен колдоо – Аллахтын өкүм жолу. Бул аяттарда Аллахтын аскери деген атка конгондор үчүн алардын жеңишке жетери тууралуу улуу сүйүнчү кабар камтылган.

• في الآيات دليل على بيان عجز المشركين وعجز آلهتهم عن إضلال أحد، وبشارة لعباد الله المخلصين بأن الله بقدرته ينجيهم من إضلال الضالين المضلين.
Бул аяттарда мушриктер жана алардын кудайлары адамды адаштырууга алсыз экендигине далилдер камтылган, ошондой эле Аллах ыкластуу пенделерин Өз кудуреттүүлүгү менен адашкандардын жана адаштыруучулардын адаштыруусунан сактайт деген сүйүнчү кабар камтылган.

 
Translation of the meanings Surah: As-Sāffāt
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close