Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: Āl-‘Imrān   Ayah:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ
Асман жердегинин баарынын жаралуусу да, башкарылуусу да Жалгыз Аллахка тиешелүү, баарынын иши Ага кайтат, анан ар бирине өзүнө тиешелүү жазасын же сыйын берет
Arabic explanations of the Qur’an:
كُنتُمۡ خَيۡرَ أُمَّةٍ أُخۡرِجَتۡ لِلنَّاسِ تَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَتَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِۗ وَلَوۡ ءَامَنَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۚ مِّنۡهُمُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَأَكۡثَرُهُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Оо, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөтү, силер үммөттөрдүн арасынан ыйманыңарда жана амалыңарда эң жакшы үммөт болдуңар. Адамдарга эң пайдалуу болдуңар, шарият көрсөткөн жана акылга туура келген жакшы иштерге чакырасыңар, шарият тыюу салган жана акылга сыйбас жаман иштеден тыясыңар. Аллахка чындап ишенип, ишенимиңерди иш жүзүндө далилдейсиңер. Эгер тиги китеп берилген яхудилер менен христиандар Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жанамактоо дубасы болсун) ишенишсе алардын дүйнө акырети үчүн жакшы болмок. Алардын арасынан азы гана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген динге ишеништи, көбү Аллахтын дини жана шариятынан сыртта калды
Arabic explanations of the Qur’an:
لَن يَضُرُّوكُمۡ إِلَّآ أَذٗىۖ وَإِن يُقَٰتِلُوكُمۡ يُوَلُّوكُمُ ٱلۡأَدۡبَارَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ
Оо, ыймандуулар, алардын душмандыгы канчалык күчөбөсүн силердин диниңерге жана өзүңөргө эч зыян тийгизе албайт, болгону доомат артып, же силерди шылдыңдап тили менен зыян тийгизет. Кокус согушуп калсаңар, алдыңарга түшүп качышат, аларга эч ким эч качан жардам бербейт
Arabic explanations of the Qur’an:
ضُرِبَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلذِّلَّةُ أَيۡنَ مَا ثُقِفُوٓاْ إِلَّا بِحَبۡلٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَحَبۡلٖ مِّنَ ٱلنَّاسِ وَبَآءُو بِغَضَبٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَضُرِبَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلۡمَسۡكَنَةُۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَانُواْ يَكۡفُرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَيَقۡتُلُونَ ٱلۡأَنۢبِيَآءَ بِغَيۡرِ حَقّٖۚ ذَٰلِكَ بِمَا عَصَواْ وَّكَانُواْ يَعۡتَدُونَ
Яхудилер кайда барбасын кор, жер көз болуп жүрүшөт. Аллахтын же адамдардын келишимин аткарып жашашса гана тынч болушат. Алар Аллахтын каар-казабына калышты, эми алар муктаждыкта бечара өмүр сүрүшөт. Себеби алар Аллахтын аятына каапырлык кылышты, заалымдык менен пайгамбарларын өлтүрүштү, күнөөгө батып Аллах чийген чектен чыгып кетишти
Arabic explanations of the Qur’an:
۞ لَيۡسُواْ سَوَآءٗۗ مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ أُمَّةٞ قَآئِمَةٞ يَتۡلُونَ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ ءَانَآءَ ٱلَّيۡلِ وَهُمۡ يَسۡجُدُونَ
Китеп берилгендердин баарынын абалы окшош эмес, алардын арасында Аллахтын дининде бекем болгон тайпасы да бар. Буйругун аткарат, күнөөдөн тыйылат, Аллах үчүн намазга туруп, түнү Аллахтын аяттарын окуйт. Бул тайпа Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) жиберилгенге чейин болчу. Алардын катарындагылардан пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгына жеткени, Исламды кабыл кылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَيَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Аллахка жана кыямат күнүнө шексиз, толук ишенишет, туура, жакшы иштерге чакырат, тыюу салынган, жаман иштерден кайтарышат. Жакшы амалдарды жасоого шашылат. ибадаттын жемишин татышат. Булар ниет жана амалы түз болгон пенделер
Arabic explanations of the Qur’an:
وَمَا يَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَلَن يُكۡفَرُوهُۗ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلۡمُتَّقِينَ
Булар жакшы иштери азбы, көппү, анын сообу жоголбойт жана кемибейт. Буйругун аткарып, тыйганынан тыйылган такыба кишилерди Аллах жакшы билет. Алардын эмне кылып жатканынан бей капар эмес, кийин аларды ошол амалдарына жараша сыйлайт
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• أعظم ما يميز هذه الأمة وبه كانت خيريتها - بعد الإيمان بالله - الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر.
Бул үммөттү өзгөчөлөткөн жана жакшылыгын күчөткөн, Аллахка ыйман келтьирүүдөн кийинки эле иш, бул - жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу

• قضى الله تعالى بالذل على أهل الكتاب لفسقهم وإعراضهم عن دين الله، وعدم وفائهم بما أُخذ عليهم من العهد.
келишимди бузганы, Аллахтын дининен баш тартып бузукулук кылганы үчүн Аллах Таала китеп берилгендерди кор кылып койду

• أهل الكتاب ليسوا على حال واحدة؛ فمنهم القائم بأمر الله، المتبع لدينه، الواقف عند حدوده، وهؤلاء لهم أعظم الأجر والثواب. وهذا قبل بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп берилгендердин баары окшош эмес; алардын арасында Аллахтын буйругун аткарган, динин карманган, чегин сактагандары бар. Алардын сооп-сыйы чоң. Булар пайгамбарыбыздын пайгамбарчылыгынан мурда болгон

 
Translation of the meanings Surah: Āl-‘Imrān
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close