Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Ayah: (30) Surah: An-Nahl
۞ وَقِيلَ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ مَاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمۡۚ قَالُواْ خَيۡرٗاۗ لِّلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٞۚ وَلَدَارُ ٱلۡأٓخِرَةِ خَيۡرٞۚ وَلَنِعۡمَ دَارُ ٱلۡمُتَّقِينَ
Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккон адамдардан: «Силердин пайгамбарыңарга Раббиңер эмне түшүрдү?» – деп суралганда, алар: «Аллах ага улуу жакшылыкты түшүрдү» – дешет. Аллахка талаптагыдай ибадат кылышып жана бул дүйнө жашоосунда адамдар менен жакшы мамиледе болгондор үчүн жеңиш жана мол ырыскы ж.б. жакшы сыйлыктар бар. Ал эми Аллахтын алар үчүн акыретте даярдап койгон сыйлыгы – аларга бул дүйнөдө бергенинен да жакшыраак. Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстаган такыбалардын жайы болгон акырет жайы кандай сонун!
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• فضيلة أهل العلم، وأنهم الناطقون بالحق في الدنيا ويوم يقوم الأشهاد، وأن لقولهم اعتبارًا عند الله وعند خلقه.
Илимдүүлөрдүн артыкчылыгы. Алар бул дүйнөдө жана күбөлөр күбөлүккө өткөн күндө чындык менен сүйлөшөт жана алардын сөзү Аллахтын жана адамдардын алдында өтүмдүү.

• من أدب الملائكة مع الله أنهم أسندوا العلم إلى الله دون أن يقولوا: إنا نعلم ما كنتم تعملون، وإشعارًا بأنهم ما علموا ذلك إلا بتعليم من الله تعالى.
Периштелердин Аллах менен болгон адептеринен – алар илимди Аллахка гана таандык кылышты. Алар: «Биз силердин кылганыңарды билебиз» – дешкен жок. Алар муну Аллахтын үйрөткөнү аркылуу гана билишкенин айтышты.

• من كرم الله وجوده أنه يعطي أهل الجنة كل ما تمنوه عليه، حتى إنه يُذَكِّرهم أشياء من النعيم لم تخطر على قلوبهم.
Аллах бейишке киргендерге алар каалаган бардык нерсени берүүсү, жадакалса алардын жүрөктөрү да сезбеген кээ бир жакшылыктарды эскерүүсү – Аллахтын берешендигинен.

• العمل هو السبب والأصل في دخول الجنة والنجاة من النار، وذلك يحصل برحمة الله ومنَّته على المؤمنين لا بحولهم وقوتهم.
Жакшылык иш-аракеттерди кылуу – бейишке кирүүнүн жана тозоктон кутулуунун негизи. Бул нерсе ыймандуулардын өз күчү менен эмес, Аллахтын аларга кылган ырайымдуулугунан жана айкөлдүгүнөн болот.

 
Translation of the meanings Ayah: (30) Surah: An-Nahl
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close