Check out the new design

Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran * - Translations’ Index


Translation of the meanings Surah: An-Nahl   Ayah:
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمۡ سَكَنٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلۡأَنۡعَٰمِ بُيُوتٗا تَسۡتَخِفُّونَهَا يَوۡمَ ظَعۡنِكُمۡ وَيَوۡمَ إِقَامَتِكُمۡ وَمِنۡ أَصۡوَافِهَا وَأَوۡبَارِهَا وَأَشۡعَارِهَآ أَثَٰثٗا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ
Аллах таала силер таштардан жана башка нерселерден курган үйлөрүңөрдү силер үчүн эс алуу жана турак-жай кылды. Жана силерге шаардагы үйлөргө окшош кылып төөнүн, уйдун, койдун терилеринен чөлдөрдө чатырларды кылды. Бир жерден экинчи жерге көчкөн сапарларыңарда аларды ташууну жана конгондо аны орнотууну жеңил кылды. Ошондой эле белгилүү бир убакка чейин пайдаланууңар үчүн койдун, төөнүн, эчкинин жүндөрүнөн үйлөрүңөргө керектүү буюмдарды, кийимдерди, жамынчыларды кылды.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّمَّا خَلَقَ ظِلَٰلٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡجِبَالِ أَكۡنَٰنٗا وَجَعَلَ لَكُمۡ سَرَٰبِيلَ تَقِيكُمُ ٱلۡحَرَّ وَسَرَٰبِيلَ تَقِيكُم بَأۡسَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُسۡلِمُونَ
Аллах силерге ысыкта көлөкөлөнүш үчүн бак-дарактарды, турак-жайларды кылды жана силерге сууктан, ысыктан, душмандан коргонуш үчүн тоолорго үнкүрлөрдү кылды. Ошондой эле ысык-сууктан сактаныш үчүн силерге кебезден ж.б. нерселерден кийим-кечектерди кылды жана согушта бири-бириңердин соккуңардан коргонуш үчүн силерди коргогон соот кийимдерди кылды. Алар аркылуу курал денеңерге тешип кире албайт. Ошондой эле Аллах силерге жогорудагы жакшылыктарды берген сыяктуу эле силер жалгыз Ага моюн сунуп, Ага эч бир нерсени шерик кылбашыңарды каалап Ал силерге жакшылыктарын толук кылып берет.
Arabic explanations of the Qur’an:
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّمَا عَلَيۡكَ ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сен алып келген нерсеге ыйман келтирүүдөн жана ишенүүдөн баш тартышса, анда сенин милдетиң сага буйрулган нерсени гана ачык-айкын кылып жеткирүү. Ал эми аларды туура жолго салуу сенин милдетиң эмес.
Arabic explanations of the Qur’an:
يَعۡرِفُونَ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ ثُمَّ يُنكِرُونَهَا وَأَكۡثَرُهُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Мушриктер Аллахтын аларга берген жакшылыктарын билишет. Аларга пайгамбарды жиберүү да ошол жакшылыктардан. Кийин алар үчүн шүгүр кылышпай, пайгамбарды жалганга чыгарышып жакшылыктарды танышат. Алардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарын тангандар.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَيَوۡمَ نَبۡعَثُ مِن كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدٗا ثُمَّ لَا يُؤۡذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ وَلَا هُمۡ يُسۡتَعۡتَبُونَ
Оо, пайгамбар! Аллах ар бир үммөттөн аларга жиберилген элчини кайра тирилтип, ал мусулмандын ыйманына жана каапырдын каапырлыгына күбөгө өтө турган күндү эстегин. Ошондон кийин каапырларга алардын кылган каапырлыгы үчүн кечирим суроого уруксат берилбейт жана алар Раббисин ыраазы кылган иштерди кылыш үчүн бул дүйнөгө да кайтышпайт. Акырет – ибадат кылуу жайы эмес, сурак берүү жайы.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ ٱلۡعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنۡهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Зулумдук кылган мушриктер азапты көрүшкөндө аларга азап жеңилдетилбейт жана ал кечиктирилип аларга мөөнөт да берилбейт. Тескерисинче, алар түбөлүк азапка киришет.
Arabic explanations of the Qur’an:
وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ شُرَكَآءَهُمۡ قَالُواْ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ شُرَكَآؤُنَا ٱلَّذِينَ كُنَّا نَدۡعُواْ مِن دُونِكَۖ فَأَلۡقَوۡاْ إِلَيۡهِمُ ٱلۡقَوۡلَ إِنَّكُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Мушриктер Аллахка шерик кылып сыйынган кудайларын акыретте көрүшкөндө айтышат: «Оо, Раббибиз! Мына ушулар Сенден башка сыйынган кудайларыбыз». Алар муну күнөөлөрүн аларга артыш үчүн айтышат. Ошондо Аллах алардын кудайларын тилге келтирип, алар айтышат: «Эй, мушриктер! Чындыгында силер Аллах менен катар сыйынган шериктерде анык жалганчысыңар. Аны менен катар сыйынылган эч кандай шерик жок».
Arabic explanations of the Qur’an:
وَأَلۡقَوۡاْ إِلَى ٱللَّهِ يَوۡمَئِذٍ ٱلسَّلَمَۖ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Мушриктер бой сунушуп, жалгыз Аллахка гана баш ийип калышат. Ал эми Аллахтын алдында шапаат кылышат деген ойдо талашып жүрүшкөн кудайлары болсо аларды таштап кетишет.
Arabic explanations of the Qur’an:
Benefits of the verses in this page:
• دلت الآيات على جواز الانتفاع بالأصواف والأوبار والأشعار على كل حال، ومنها استخدامها في البيوت والأثاث.
Бул аяттар бардык абалда малдын жүндөрүн, тыбыттарын жана кылдарын пайдаланууга уруксат экендигине далил болот. Ошондой эле үй ичинде жана эмеректерде пайдаланууга да уруксат.

• كثرة النعم من الأسباب الجالبة من العباد مزيد الشكر، والثناء بها على الله تعالى.
Жакшылыктардын көптүгү пенделерден ашыкча шүгүр кылууну жана ал үчүн Аллахка мактоолорду айтууну талап кылган себептерден.

• الشهيد الذي يشهد على كل أمة هو أزكى الشهداء وأعدلهم، وهم الرسل الذين إذا شهدوا تمّ الحكم على أقوامهم.
Бардык үммөткө күбөгө өткөн адам – эң таза жана адилеттүү күбө. Алар - күбөгө өткөндө коомуна толук өкүм чыгарыла турган пайгамбарлар.

• في قوله تعالى: ﴿وَسَرَابِيلَ تَقِيكُم بِأْسَكُمْ﴾ دليل على اتخاذ العباد عدّة الجهاد؛ ليستعينوا بها على قتال الأعداء.
Аллахтын «соккуңардан сактай турган соот кийимдерди» деген сөзү – пенделер согушка курал-жарактарды камдап жана алардын жардамы менен душмандарга каршы согушууга колдонуусу керектигине далил болот.

 
Translation of the meanings Surah: An-Nahl
Surahs’ Index Page Number
 
Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation of Al-Mukhtsar in interpretation of the Noble Quran - Translations’ Index

Issued by Tafsir Center for Quranic Studies

close