Check out the new design

Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Sura: Lukman   Ajet:
أَلَمۡ تَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَأَسۡبَغَ عَلَيۡكُمۡ نِعَمَهُۥ ظَٰهِرَةٗ وَبَاطِنَةٗۗ وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَلَا هُدٗى وَلَا كِتَٰبٖ مُّنِيرٖ
Эй, адамдар! Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге Күн, Ай, жылдыздар сыяктуу асмандардагы нерселерди пайдаланууну жеңил кылып койду. Ошондой эле силерге жан-жаныбарлар, бак-дарактар, өсүмдүктөр сыяктуу Жердеги нерселерди пайдаланууну да жеңил кылды. Жана силерге көзгө көрүнгөн сулуу келбет, келишимдүү турпат жана көзгө көрүнбөгөн акыл, илим сыяктуу Өз жакшылыктарын толук кылып берди. Мына ушундай жакшылыктарга карабастан, кээ бир адамдар эч кандай илими жок туруп, Аллахтан келген вахийге же тунук акылга же Аллах тараптан түшкөн ачык китепке таянбастан, Аллахтын жалгыз Зат экендигин кайтарып, талашып-тартышат.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ بَلۡ نَتَّبِعُ مَا وَجَدۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَآۚ أَوَلَوۡ كَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ يَدۡعُوهُمۡ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ
Эгер ошол Аллахтын жалгыздыгы тууралуу талашып-тартышкандарга: «Аллах Өз элчисине түшүргөн жолго ээрчигиле!» – деп айтылса, алар: «Биз аны ээрчибейбиз, тескерисинче биз бут-кудайларыбызга сыйынган ата-бабаларыбызды ээрчийбиз» – дешет. Шайтан аларды бут-кудайларга сыйындырып адаштыруу менен кыямат күнүндөгү тозок азабына чакырып жатса дагы алар ата-бабаларын ээрчишеби?!
Tefsiri na arapskom jeziku:
۞ وَمَن يُسۡلِمۡ وَجۡهَهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰۗ وَإِلَى ٱللَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ
Кимде-ким Аллахка чын ыкластан сыйынып, жакшылык иштерди аткарып Ага бет алса, анда ал кутулууну каалаган адам үзүлүп кетет деп коркпой турган бекем нерсени кармаптыр. Иштердин жүрүшү, акыбети жалгыз Аллахка гана кайтат. Ал баарына өзүнө жараша сыйлыгын же жазасын берет.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَمَن كَفَرَ فَلَا يَحۡزُنكَ كُفۡرُهُۥٓۚ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ فَنُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Оо, пайгамбар! Аллахка каапырлык кылгандардын каапырлыгы сени капалантпасын. Алар кыямат күнү Бизге гана кайтып келишет. Ошондо Биз алардын дүйнөдө кылган жамандыктарынын кабарын угузуп, ага жазасын беребиз. Чындыгында Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү, алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
Tefsiri na arapskom jeziku:
نُمَتِّعُهُمۡ قَلِيلٗا ثُمَّ نَضۡطَرُّهُمۡ إِلَىٰ عَذَابٍ غَلِيظٖ
Биз аларга дүйнө жыргалчылыктарын берип болор-болбос убакыт жыргатабыз. Кийин кыямат күнү аларды тозок азабы болгон катуу азапка салабыз.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Эгер сен мушриктерден: «Асмандарды ким жаратты, жерди ким жаратты?» – деп сурасаң: «Аларды Аллах жаратты» – дешет. Аларга айткын: «Силерге далилди ачык көргөзгөн Аллахка мактоолор болсун». Бирок алардын көпчүлүгү наадандыктары себептүү мактоого ким татыктуу экендигин билишпейт.
Tefsiri na arapskom jeziku:
لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Асмандардагы жана жердеги нерселердин жаралуусу, ээлиги жана башкаруусу жалгыз Аллахка гана таандык. Чындыгында Аллах жаратылгандардын эч бирине муктаж эмес, Ал бул дүйнөдө жана акыретте мактоого татыктуу.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَوۡ أَنَّمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن شَجَرَةٍ أَقۡلَٰمٞ وَٱلۡبَحۡرُ يَمُدُّهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦ سَبۡعَةُ أَبۡحُرٖ مَّا نَفِدَتۡ كَلِمَٰتُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Эгерде жер бетиндеги дарактар кесилип, калемсап болуп учталса жана деңиз ага сыя болуп, ага дагы жети деңиз кошумча берилсе да Аллахтын сөздөрүнүн акыры жок болгону себептүү алар эч качан түгөнбөйт. Чындыгында Аллах Кудуреттүү, Аны эч ким жеңе албайт. Ал Өз жаратуусунда жана башкаруусунда Даанышман.
Tefsiri na arapskom jeziku:
مَّا خَلۡقُكُمۡ وَلَا بَعۡثُكُمۡ إِلَّا كَنَفۡسٖ وَٰحِدَةٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ
Эй, адамдар! Силердин жаралууңар жана кыямат күнү сурак берүү, сыйлык же жаза алуу үчүн кайра тирилүүңөр бир жанды жараткан сыяктуу, аны кайра тирилтүү оңой. Чындыгында Аллах Угуучу, бир үндү угууда ага башка үндөр тоскоолдук жаратпайт. Ал Көрүүчү, бир нерсени көрүүдө ага башка нерселер жолтоо болбойт. Ошол сыяктуу эле бир жанды жаратууда же аны кайра тирилтүүдө Аны башка жанды жаратуу же кайра тирилтүү алаксытпайт.
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• نعم الله وسيلة لشكره والإيمان به، لا وسيلة للكفر به.
Аллахтын жакшылыктары Ага каапырлык кылууга эмес, тескерисинче Ага шүгүр кылууга жана ыйман келтирүүгө себеп болуш керек.

• خطر التقليد الأعمى، وخاصة في أمور الاعتقاد.
Сокур ээрчүнүн коркунучу, айрыкча ишенимге байланыштуу маселелерде.

• أهمية الاستسلام لله والانقياد له وإحسان العمل من أجل مرضاته.
Аллахка толук берилүүнүн, Ага баш ийүүнүн жана Анын ыраазылыгына жетиш үчүн жакшылык иштерди кылуунун маанилүүлүгү.

• عدم تناهي كلمات الله.
Аллахтын сөздөрү эч качан түгөнбөйт.

 
Prijevod značenja Sura: Lukman
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. - Sadržaj prijevodā

Izdavač: centar za kur'anske studije "Tefsir".

Zatvaranje