Check out the new design

Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Sura: Ta-Ha   Ajet:
فَأَخۡرَجَ لَهُمۡ عِجۡلٗا جَسَدٗا لَّهُۥ خُوَارٞ فَقَالُواْ هَٰذَآ إِلَٰهُكُمۡ وَإِلَٰهُ مُوسَىٰ فَنَسِيَ
Самирий ал зергер буюмдардан Исраил урпактарына жансыз музоонун сөлөкөтүн жасап берди. Андан уйдун мөөрөгөнүндөй үн чыгат эле. Самирийдин кылган ишине азгырылгандар айтышты: «Мына ушул силердин жана Мусанын кудайы. Ал аны ушул жерге унутуп таштап кетиптир».
Tefsiri na arapskom jeziku:
أَفَلَا يَرَوۡنَ أَلَّا يَرۡجِعُ إِلَيۡهِمۡ قَوۡلٗا وَلَا يَمۡلِكُ لَهُمۡ ضَرّٗا وَلَا نَفۡعٗا
Мына ошол музоого азгырылып сыйынып кеткендер, ал музоо аларга сүйлөй албаганын, жооп кайтара албаганын, алардан жана башкалардан зыянды кетире албаганын, өзүнө жана башкаларга пайда бере албаганын көрбөй жатышабы?!
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَقَدۡ قَالَ لَهُمۡ هَٰرُونُ مِن قَبۡلُ يَٰقَوۡمِ إِنَّمَا فُتِنتُم بِهِۦۖ وَإِنَّ رَبَّكُمُ ٱلرَّحۡمَٰنُ فَٱتَّبِعُونِي وَأَطِيعُوٓاْ أَمۡرِي
Муса аларга кайтып келгенге чейин Харун аларга айткан: «Алтындан куюлган музоонун сөлөкөтү жана андан мөөрөгөн үндүн угулганы — силердин ыймандууңарды каапырларыңардан айырмалаш үчүн гана болгон сыноо. Эй, элим! Чындыгында Раббиңер — ырайымдуулук Ээси. Ал силерге ар кандай пайда келтире алуучу, зыяндан коргоочу Зат. Андыктан жалгыз Ага сыйынууда мени ээрчигиле, буйругума баш ийип, Андан башкага сыйынганды токтоткула!».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالُواْ لَن نَّبۡرَحَ عَلَيۡهِ عَٰكِفِينَ حَتَّىٰ يَرۡجِعَ إِلَيۡنَا مُوسَىٰ
Музоого сыйынып азгырылып кеткендер айтышты: «Муса бизге кайтып келгенге чейин биз ага сыйына беребиз».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ يَٰهَٰرُونُ مَا مَنَعَكَ إِذۡ رَأَيۡتَهُمۡ ضَلُّوٓاْ
Муса бир тууганы Харунга айтты: «Алардын Аллахтан башка музоого сыйынып адашкандарын көргөн кезде аларды кайтаруудан сени эмне токтотту.
Tefsiri na arapskom jeziku:
أَلَّا تَتَّبِعَنِۖ أَفَعَصَيۡتَ أَمۡرِي
Эмнеге аларды таштап мага келген жоксуң? Мен сени аларга башчы кылып дайындап кеткенимде менин буйругума каршы чыктыңбы?».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ يَبۡنَؤُمَّ لَا تَأۡخُذۡ بِلِحۡيَتِي وَلَا بِرَأۡسِيٓۖ إِنِّي خَشِيتُ أَن تَقُولَ فَرَّقۡتَ بَيۡنَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَلَمۡ تَرۡقُبۡ قَوۡلِي
Муса бир тууганы Харундун кылганына кыжырланып анын сакалынан жана чачынан тартканда ал мага ырайым кыл дегендей: «Сакалымдан, чачымдан тартпачы. Чындыгында менин алар менен калганымдын себеби бар. Эгерде мен аларды өздөрүн эле таштап койчу болсом, алар бөлүнүп, чачырап кетишеби деп корктум. Ошондо сен мага аларды бөлдүң жана алар тууралуу мага айткан осуятыңды аткарбай койдуң демексиң».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ فَمَا خَطۡبُكَ يَٰسَٰمِرِيُّ
Муса Самирийге айтты: «Эй, Самирий! Бул эмне кылганың? Муну кылышыңа эмне түрткү берди?».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ بَصُرۡتُ بِمَا لَمۡ يَبۡصُرُواْ بِهِۦ فَقَبَضۡتُ قَبۡضَةٗ مِّنۡ أَثَرِ ٱلرَّسُولِ فَنَبَذۡتُهَا وَكَذَٰلِكَ سَوَّلَتۡ لِي نَفۡسِي
Самирий Мусага айтты: «Мен алар көрбөгөн нерсени көрдүм. Мен Жебреилди ат үстүндө баратканын көрүп, анын аты баскан жерден бир ууч топурак алгам. Кийин аны зергер буюмдардан эритилип куюлган музоонун сөлөкөтүнө чачтым эле, ал музоонун сөлөкөтүнөн мөөрөгөн үн чыкты. Напсим дагы кылган ишимди кооз кылып көргөздү».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ فَٱذۡهَبۡ فَإِنَّ لَكَ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ أَن تَقُولَ لَا مِسَاسَۖ وَإِنَّ لَكَ مَوۡعِدٗا لَّن تُخۡلَفَهُۥۖ وَٱنظُرۡ إِلَىٰٓ إِلَٰهِكَ ٱلَّذِي ظَلۡتَ عَلَيۡهِ عَاكِفٗاۖ لَّنُحَرِّقَنَّهُۥ ثُمَّ لَنَنسِفَنَّهُۥ فِي ٱلۡيَمِّ نَسۡفًا
Муса Самирийге айтты: «Кеткин! Эми сен өмүрүң өткүчө «мага тийбегилечи, мен да тийбейм» деп кордукта жашап өтөсүң. Кыямат күнү сурак берип жана жазаланарыңа убада бар. Аллах бул убаданы эч качан бузбайт. Сен Аллахтан башка кудай деп сыйынып жаткан музооңду карачы? Биз аны ээригенче отко күйгүзөбүз. Анан эч нерсесин калтырбай деңизге чачып салабыз».
Tefsiri na arapskom jeziku:
إِنَّمَآ إِلَٰهُكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ وَسِعَ كُلَّ شَيۡءٍ عِلۡمٗا
Эй, адамдар! Аллах гана силердин чыныгы кудайыңар. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтып алган. Жана Ага эч бир нерсенин илими жашыруун эмес.
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• خداع الناس بتزوير الحقائق مسلك أهل الضلال.
Акыйкат нерселерди бурмалап адамдарды алдоо — адашкан адамдардын жолу.

• الغضب المحمود هو الذي يكون عند انتهاكِ محارم الله.
Мактоого татыктуу ачуулануу - Аллахтын тыюусун бузгандарга болгон ачуулануу

• في الآيات أصل في نفي أهل البدع والمعاصي وهجرانهم، وألا يُخَالَطوا.
Адамдар динге бурмалоо, бузукулуктарды киргизген жана күнөө кылгандар менен аралашпаш үчүн аларды бөлүүгө жана алар менен мамилени үзүүгө бул аяттарда негиз бар.

• في الآيات وجوب التفكر في معرفة الله تعالى من خلال مفعولاته في الكون.
Бул ааламдагы болуп жаткан ар кандай окуя-абалдар аркылуу Аллахты таанып билүү тууралуу ой жүгүртүүнүн милдеттиги аяттарда айтылды.

 
Prijevod značenja Sura: Ta-Ha
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. - Sadržaj prijevodā

Izdavač: centar za kur'anske studije "Tefsir".

Zatvaranje