Check out the new design

Prijevod značenja Plemenitog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Sura: Jusuf   Ajet:
يَٰبَنِيَّ ٱذۡهَبُواْ فَتَحَسَّسُواْ مِن يُوسُفَ وَأَخِيهِ وَلَا تَاْيۡـَٔسُواْ مِن رَّوۡحِ ٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ لَا يَاْيۡـَٔسُ مِن رَّوۡحِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Аларга атасы айтты: «Оо, балдарым! Баргыла да Юсуф менен инисинен кабар алгыла! Аллахтын пенделерине болгон куткаруусунан үмүт үзбөгүлө! Чындыгында каапыр коом гана анын куткаруусунан үмүт үзөт. Анткени алар Аллахтын кудуретинин улуулугун жана пенделерине кылган жашыруун жакшылыктарын билишпейт».
Tefsiri na arapskom jeziku:
فَلَمَّا دَخَلُواْ عَلَيۡهِ قَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡعَزِيزُ مَسَّنَا وَأَهۡلَنَا ٱلضُّرُّ وَجِئۡنَا بِبِضَٰعَةٖ مُّزۡجَىٰةٖ فَأَوۡفِ لَنَا ٱلۡكَيۡلَ وَتَصَدَّقۡ عَلَيۡنَآۖ إِنَّ ٱللَّهَ يَجۡزِي ٱلۡمُتَصَدِّقِينَ
Алар атасынын буйругуна баш ийишип Юсуф менен инисин издеп жөнөштү. Качан алар Юсуфка киришкенде ага айтышты: «Башыбызга катаалчылык жана жакырчылык түштү. Биз сага сатканга бир аз буюмдарыбызды алып келдик. Эми сен мурда тартып бергендей кылып толук эле тартып бер. Бизге бир аз ашырып же арзыбаган буюмдарыбызга карабай садака кыла көр. Чындыгында Аллах садака берүүчүлөргө эң жакшы сыйлыктарды тартуулайт».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ هَلۡ عَلِمۡتُم مَّا فَعَلۡتُم بِيُوسُفَ وَأَخِيهِ إِذۡ أَنتُمۡ جَٰهِلُونَ
Алардын сөздөрүн уккандан кийин аларга боору ооруп кетти да аларга өзүнүн ким экенин айтып: «Кылган ишиңердин акыбети эмнеге алып барарын билбестен туруп Юсуф менен инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?» – деди.
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالُوٓاْ أَءِنَّكَ لَأَنتَ يُوسُفُۖ قَالَ أَنَا۠ يُوسُفُ وَهَٰذَآ أَخِيۖ قَدۡ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡنَآۖ إِنَّهُۥ مَن يَتَّقِ وَيَصۡبِرۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Ошондо алар айран таң калышып: «Сен чын эле Юсуфсуңбу?» – дегенде Юсуф аларга айтты: «Ооба, мен Юсуфмун. Мына бу жанымда турган менин бир тууган иним. Аллах бизди мурунку абалыбыздан куткарып жана кадырыбызды көтөрүп бизге жакшылык кылды. Кимде-ким Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Ага моюн сунса жана кыйынчылыкка сабыр кылса, анда анын кылганы жакшылык иштерден. Аллах жакшылык кылгандардын сообун жок кылбайт. Тескерисинче, аны алар үчүн сактап коёт».
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالُواْ تَٱللَّهِ لَقَدۡ ءَاثَرَكَ ٱللَّهُ عَلَيۡنَا وَإِن كُنَّا لَخَٰطِـِٔينَ
Бир туугандары кылган иштери үчүн кечирим сурашып: «Аллахка ант! Аллах сага кемчиликсиз сыпаттарды берип сени бизден артык кылды. Чынында биз сага кылган ишибизде каталык жана зулумдук кылдык» – деп айтышты.
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالَ لَا تَثۡرِيبَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡيَوۡمَۖ يَغۡفِرُ ٱللَّهُ لَكُمۡۖ وَهُوَ أَرۡحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Юсуф аларды кечирип мындай деп айтты: «Бүгүн силерди жазалап же жамандай тургандай силерге эч кандай айыптоо жок. Аллахтан силерди кечирүүсүн сурайм. Ал ырайымдуулардын Ырайымдуусу».
Tefsiri na arapskom jeziku:
ٱذۡهَبُواْ بِقَمِيصِي هَٰذَا فَأَلۡقُوهُ عَلَىٰ وَجۡهِ أَبِي يَأۡتِ بَصِيرٗا وَأۡتُونِي بِأَهۡلِكُمۡ أَجۡمَعِينَ
Алар атасынын көзүнө эмне болгону тууралуу ага айтышканда ал көйнөгүн берип: «Бул көйнөгүмдү алып барып атамдын жүзүнө жапкыла, ошондо көзү көрүп калат. Баарыңар үй-бүлөңөр менен мага кайтып келгиле» – деп айтты.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَمَّا فَصَلَتِ ٱلۡعِيرُ قَالَ أَبُوهُمۡ إِنِّي لَأَجِدُ رِيحَ يُوسُفَۖ لَوۡلَآ أَن تُفَنِّدُونِ
Кербен Мисирден чыгып шаардан алыстаган кезде Якуб пайгамбар балдарына жана жанындагы жердештерине: «Мен чындап эле Юсуфтун жытын сезип жатам. Силер бул чал алжып калды, эмне деп жатканын да билбейт деп мени акылынан адашкан деп жүрбөгүлө» – деп айтты.
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالُواْ تَٱللَّهِ إِنَّكَ لَفِي ضَلَٰلِكَ ٱلۡقَدِيمِ
Анын алдындагы балдары ага: «Аллахка ант! Сиз дагы деле Юсуфтун кадырын эстеп жана аны экинчи ирет көрүүгө мүмкүнчүлүк болот деген эски ойлоруңуздан эч эле кайтпадыңыз го» – дешти.
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• عظم معرفة يعقوب عليه السلام بالله حيث لم يتغير حسن ظنه رغم توالي المصائب ومرور السنين.
Якуб пайгамбардын Аллахты таанып билүүсүнүн күчтүүлүгү. Анткени жылдар өтсө дагы, кыйынчылыктар үлгүлтүксүз келсе дагы анын Аллах тууралуу жакшы ою өзгөргөн жок.

• من خلق المعتذر الصادق أن يطلب التوبة من الله، ويعترف على نفسه ويطلب الصفح ممن تضرر منه.
Чындап кечирим сураган адамдын сыпаттарынан – Аллахка тообо кылууну суроо, мойнуна алуу жана зыян берген адамдан кечирим суроо.

• بالتقوى والصبر تنال أعظم الدرجات في الدنيا وفي الآخرة.
Такыбалык менен сабырдуулук эки дүйнөдө эң бийик даражаларга жеткирет.

• قبول اعتذار المسيء وترك الانتقام، خاصة عند التمكن منه، وترك تأنيبه على ما سلف منه.
Күнөөлүү адамдын сураган кечиримин кабылдоо, өч алуудан алыс болуу, айрыкча өч алууга кудурети жеткен абалдарда жана өткөн нерсе үчүн аны жемелебөө.

 
Prijevod značenja Sura: Jusuf
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja Plemenitog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. - Sadržaj prijevodā

Izdavač: centar za kur'anske studije "Tefsir".

Zatvori