Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আন-নাবা'   আয়াত:

Наба

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان أدلة القدرة على البعث والتخويف من العاقبة.
Кайра тирилтүүгө кудуреттүү экендигине далилдерди баяндоо жана акыбеттин жаман болуп калуусун эскертип коркутуу.

عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ
Аллах мушриктерге Өз элчисин жибергенден кийин алар бири-биринен эмне тууралуу сурап жатышат?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلۡعَظِيمِ
Алар бири-биринен улуу Кабар тууралуу сурап жатышат. Ал алардын пайгамбарына түшүрүлгөн, өзүнө кайра тирилүүнү камтыган – бул Куран.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ مُخۡتَلِفُونَ
Алар талашып-тартышкан бул Куранды сыйкыр же поэзия же төлгөчүлүк же байыркылардын уламыштары деп сыпатташат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ
Абал алар ойлогондой эмес! Куранды жалганга чыгаргандар жакында жалгандарынын акыбети жаман болорун билишет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ثُمَّ كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ
Андан соң аларга аны дагы баса белгиледи.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ مِهَٰدٗا
Биз алар үчүн жерди турукташууга ылайыктуу тегиз кылып койбодукпу?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادٗا
Ал силкилдебеш үчүн анын үстүнө тоолорду казык кылдабыкпы?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَخَلَقۡنَٰكُمۡ أَزۡوَٰجٗا
Оо, адамдар! Биз силерди ар кандай түрдө жараттык, араңарда эркектер жана аялдар бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتٗا
Силер тиричиликти токтотуп эс алууңар үчүн уйкуңарды кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا
Жана силер үчүн караңгы түндү уяттуу жериңерди жапкан кийим сыяктуу тосмо кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَعَلۡنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشٗا
Ал эми күндүздү жумуш кылуу жана ырыскы издөө үчүн майдан кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَبَنَيۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعٗا شِدَادٗا
Жана силердин үстүңөргө бекем курулуштагы жана кынтыксыз жасалыштагы жети асманды курдук.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَعَلۡنَا سِرَاجٗا وَهَّاجٗا
Жана Күндү абдан жалындап жаркыраган чырак кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡمُعۡصِرَٰتِ مَآءٗ ثَجَّاجٗا
Жана жамгыр жаай турган мезгили келген булуттардан нөшөрлөп куюлган суу түшүрдүк.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لِّنُخۡرِجَ بِهِۦ حَبّٗا وَنَبَاتٗا
Аны менен ар кандай түрдөгү дандарды жана өсүмдүктөрдү чыгаруу үчүн.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَجَنَّٰتٍ أَلۡفَافًا
Жана бак-дарактарынын бутактары бири-бирине кирип чырмалышкан бакчаларды чыгаруу үчүн.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ كَانَ مِيقَٰتٗا
Макулуктардын ортосун ажыратуучу күн кечикпестен келе турган бир убакытка белгиленген.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَتَأۡتُونَ أَفۡوَاجٗا
Ал күнү периште экинчи жолу кернейди тартат. Оо, адамдар! Ошондо силер топ-топ болуп келесиңер.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ أَبۡوَٰبٗا
Асман ачылып, анда ачылган эшиктер сыяктуу тешиктер пайда болот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَسُيِّرَتِ ٱلۡجِبَالُ فَكَانَتۡ سَرَابًا
Тоолор жылып, бырыксыган чаңга айланат жана закым сыяктуу болуп калат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتۡ مِرۡصَادٗا
Чындыгында тозок аңдып күтүп туруучу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابٗا
Жана залымдар кайтып баруучу жай.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحۡقَابٗا
Алар ал жакта акыры жок замандар жана кылымдар бою калышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرۡدٗا وَلَا شَرَابًا
Алар ал жакта тозоктун ысыгын муздаткан салкын абаны да, моокумду кандырган суусундукту да татышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِلَّا حَمِيمٗا وَغَسَّاقٗا
Алар өтө ысык сууну жана тозоктогулардан аккан ириңди гана татышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
جَزَآءٗ وِفَاقًا
Бул алардын каапырлыгына жана адашуусуна ылайыктуу жаза!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّهُمۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ حِسَابٗا
Чындыгында алар дүйнөдө Аллахтын акыреттеги сурагынан коркушкан эмес. Анткени алар кайра тирилүүгө ишенишкен жок. Эгерде алар кайра тирилүүдөн корккондо, анда Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылышмак.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابٗا
Жана алар элчибизге түшүргөн аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ كِتَٰبٗا
Биз алардын иш-аракеттерине байланыштуу бардык нерселерди эсептеп тактап койдук. Ал алардын амал баракчаларында жазылган.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمۡ إِلَّا عَذَابًا
Эй, залымдар! Бул түбөлүктүү азапты таткыла! Эми Биз азабыңардын үстүнө азапты көбөйтөбүз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• إحكام الله للخلق دلالة على قدرته على إعادته.
Аллахтын кынтыксыз жаратуусу – Анын кайра жаратууга болгон кудуреттүүлүгүнө далил болот.

• الطغيان سبب دخول النار.
Зулумдук кылуу тозокко кирүүгө себеп болот.

• مضاعفة العذاب على الكفار.
Каапырларга азаптын эселеп берилүүсү.

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا
Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор үчүн көздөгөндөрүнө жеткирген жеңиш орду бар, ал – бейиш.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبٗا
Бакчалар жана жүзүмзарлар бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابٗا
Бирдей курактагы көкүрөгү тирсийген селкилер бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكَأۡسٗا دِهَاقٗا
Мелтилдеген шарап кеселер бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا كِذَّٰبٗا
Алар бейиште жалган жана калп сөздөрдү угушпайт жана бири-бирине жалган да айтышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
جَزَآءٗ مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابٗا
Мына ушулардын баарысы Аллахтын аларга берген жетиштүү белеги жана сыйлыгы.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابٗا
Ал – асмандар менен жердин жана алардын ортосунда нерселердин Раббиси, дүйнөнүн жана акыреттин Ырайымдуусу. Ал уруксат бермейинче, жердегилердин же асмандагылардын эч кимиси Андан сурай албайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفّٗاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابٗا
Жебреил жана периштелер сап-сап болуп турган күнү Ырайымдуу шапаат кылууга уруксат бергендер гана башка бирөөгө шапаат кылуу тууралуу сүйлөй алат жана Аллахка гана сыйынууга чакырган сөз сыяктуу тууралыкты айтат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا
Силерге баяндалган бул нерсе – анын болорунда эч кандай шек-күмөнү болбогон күн. Ким ал күндө Аллахтын азабынан кутулууну кааласа, анда ага карай жолду тутунуп, Раббисин ыраазы кылган жакшылык иштерди кылсын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا
Оо, адамдар! Биз силерге жакында болуучу азапты эскерттик. Ал күндө адам баласы дүйнөдө кылган иштерин көрөт жана каапыр адам азаптан кутулууну тилеп мындай дейт: «Аттиң-ай! Кыямат күнү жаныбарларга «топуракка айлангыла!» деп айтылганда мен дагы аларга окшоп топуракка айланып кетсем кана!».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• التقوى سبب دخول الجنة.
Такыбалык – бейишке кирүүгө себеп болот.

• تذكر أهوال القيامة دافع للعمل الصالح.
Кыямат коркунучтарын эстөө – жакшылык иштерге түрткү берет.

• قبض روح الكافر بشدّة وعنف، وقبض روح المؤمن برفق ولين.
Каапырдын жаны катаалдык жана оройлук менен алынат. Ал эми ыймандуунун жаны жеңилдик жана жумшактык менен алынат.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আন-নাবা'
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ