Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አዝ ዛሪያት   አንቀጽ:
۞ قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Ибрахим алайхи салам периштелерге: силерге эмне болду? эмнени максат кылып жатасыңар - деди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ
Периштелер ага жооп кылып айтышты: бизди Аллах ыплас күнөөлөрдү аткарган күнөөкөр коомго жиберди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
لِنُرۡسِلَ عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن طِينٖ
Алардын үстүнө катуу чопо-таштарды жаадырыш үчүн
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلۡمُسۡرِفِينَ
Оо, Ибрахим ал сенин Раббыңдын алдында Аллахтын чегинен ашып, каапырлык жана күнөө иштерге чуңкуп киргендерге белгиленип коюлган.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأَخۡرَجۡنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Лут коому (жашаган) айылдагы ыймандууларды күнөөкөрлөргө жеткен азап жетпеши үчүн чыгардык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَمَا وَجَدۡنَا فِيهَا غَيۡرَ بَيۡتٖ مِّنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Алардын айлында бир үйдөн башка мусулмандарды таппадык. Алар Лут алайхи саламдын үй-бүлөсү эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَتَرَكۡنَا فِيهَآ ءَايَةٗ لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ
Луттун коому (жашаган) айылга түшкөн жан чыдагыс азаптан коркуп, үлгү алып, андан кутулуу үчүн ал жолго барбай тургандарга далил боло турган белгилерди калтырдык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِي مُوسَىٰٓ إِذۡ أَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Мусаны Фараонго ачык далилдер менен жибергенибизде да жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн белгилер бар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَتَوَلَّىٰ بِرُكۡنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٞ
Фараон кубатына жана аскерлерине ишенип, акыйкаттан жүз бурду да Муса алайхи салам жөнүндө мындай деди: ал адамдарды сыйкырлаган сыйкырчы жана тушүнүксүз сөздөрдү сүйлөгөн жинди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٞ
Аны, аскерлерин баарын азаптап деңизге таштадык. Алар чөгүп өлүштү. Фараон (элчини) жалганга чыгарып, Кудайлыкты даава кылып айыпталуучу иш кылды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِي عَادٍ إِذۡ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلۡعَقِيمَ
Худ коому Аадка түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар. Биз аларга жамгыр көтөрбөгөн, дарак чаңдаштырбаган берекесиз шамал жибергенбиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مَا تَذَرُ مِن شَيۡءٍ أَتَتۡ عَلَيۡهِ إِلَّا جَعَلَتۡهُ كَٱلرَّمِيمِ
Эч бир жанды да малды да андан башкасын да калтырбай, баарын талкалап, чирип майдаланган (сөөк) сыяктуу кылып койду.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِي ثَمُودَ إِذۡ قِيلَ لَهُمۡ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٖ
Салих алайхи саламдын коому Самудка (бул дүйнө) жашооңорду ажалыңар келгенче пайдаланып калгыла деп айтылганда түшкөн жан чыдагыс азаптан корккондор үчүн үлгү (сабак) бар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمۡ يَنظُرُونَ
Раббыларынын ыйман келтирип, баш ийгиле деген буйругуна текеберденип каршы чыгышты. Ошондо аларды ач айкырык азабы кармады. Алар анын түшөөрүн күтүп турушкан эле. Анткени, (ал азап) аларга үч күн мурда убада кылынган эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مِن قِيَامٖ وَمَا كَانُواْ مُنتَصِرِينَ
Өздөрүнө түшкөн азапты кетире алышпады. Андан коргоно турган күчтөрү деле жок эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Чынында алардан (Аад, Самуд жана Фараондон) мурда Нух коомун да чөктүрүп жок кылганбыз. Алар Аллахка баш ийбей, жазага татыктуу болушкан.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱلسَّمَآءَ بَنَيۡنَٰهَا بِأَيۡيْدٖ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ
Биз асманды мыктылап, бекемдеп курдук жана анын айланасын кеңейте беребиз.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَٱلۡأَرۡضَ فَرَشۡنَٰهَا فَنِعۡمَ ٱلۡمَٰهِدُونَ
Жерди анын бетинде жашагандарга төшөк сымал тегиз кылып даярдадык. Биз кандай жакшы даярдоочубуз, себеби аны аларга тегиз кылып даярдадык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمِن كُلِّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَا زَوۡجَيۡنِ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ
Аллахтын жалгыздыгын жана кудуретин эскерүүңөр үчүн эркек-ургаачы, асман-жер, кургактык-деңиз сыяктуу ар бир нерсени жубу менен жараттык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَفِرُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ
Аллахка күнөөкөр болбой, Ага баш ийип, Анын жазасынан сообуна качкыла (шашылгыла). Оо, адамдар! Мен силерге Анын жазасынан ачык эскертүүчүмүн.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَا تَجۡعَلُواْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ
Аллах менен бирге (өзүңөргө) андан башка сыйынган кудай кылып албагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الإيمان أعلى درجة من الإسلام.
Ыйман Исламдан жогору даражада турат.

• إهلاك الله للأمم المكذبة درس للناس جميعًا.
Аллахтын (пайгамбарларды) жалганга чыгарган коомдорду жок кылуусу бардык адамзат үчүн сабак болот.

• الخوف من الله يقتضي الفرار إليه سبحانه بالعمل الصالح، وليس الفرار منه.
Аллахтан коркуу дегени - салих (жакшы) амалдарды атакарып Анын сообуна шашылуу, Андан качуу эмес.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አዝ ዛሪያት
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት