Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አዝ ዛሪያት   አንቀጽ:
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡحُبُكِ
Аллах жолдору бар кооз жаратылган асман менен ант берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّكُمۡ لَفِي قَوۡلٖ مُّخۡتَلِفٖ
Эй, Мекке калкы! Силердин айткан сөзүңөр бири-бирине каршы келет, кээде «Куран сыйкыр» дейсиңер, кээде аны «поэзия» дейсиңер, кээде «Мухаммад сыйкырчы» дейсиңер, кээде аны акын дейсиңер.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يُؤۡفَكُ عَنۡهُ مَنۡ أُفِكَ
Куранга жана пайгамбарга ыйман келтирүүдөн бурулган адам Аллахтын илиминде да андан бурулган. Анткени Ал анын ыйман келтирбесин билген. Ошондуктан ага туура жолго түшүүгө ийгилик берген жок.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قُتِلَ ٱلۡخَرَّٰصُونَ
Куран жана пайгамбар тууралуу ар кандай сөздөрдү айткан жалганчыларга каргыш болсун!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي غَمۡرَةٖ سَاهُونَ
Алар акырет жайы тууралуу бейкапар наадандыкта, ага көңүл да бурушпайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَسۡـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلدِّينِ
Алар: «Жаза жана сыйлык күн качан?» – деп сурашат. Бирок ал үчүн эч кандай аракет деле кылышпайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
يَوۡمَ هُمۡ عَلَى ٱلنَّارِ يُفۡتَنُونَ
Аллах алардын суроосуна жооп кылып айтты: «Алар тозокто азапталган күн».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ذُوقُواْ فِتۡنَتَكُمۡ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ
Аларга: «Азабыңарды тарткыла! Силерге эскертилген кезде аны эртелет деп шылдыңдап сураганыңар – мына ушул» – деп айтылат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор кыямат күнү бакчаларда жана агып туруучу булактарда болушат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُحۡسِنِينَ
Алар Раббиси берген улуу сыйлыкты алышат. Анткени алар бул улуу сыйлыкка чейин дүйнөдө жакшылыктарды кылгандар эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَانُواْ قَلِيلٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مَا يَهۡجَعُونَ
Алар түндөсү намаз окуп, аз гана убакыт укташат эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَبِٱلۡأَسۡحَارِ هُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ
Ал эми таң заарларда күнөөлөрү үчүн Аллахтан кечирим сурашат эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ
Алар сурап келген адамга жана кандайдыр бир себептертен улам ырыскысынан куру калса да сурай албаган адамдарга мал-мүлкүнөн ыктыярдуу түрдө алардын акысын берчи.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِي ٱلۡأَرۡضِ ءَايَٰتٞ لِّلۡمُوقِنِينَ
Жерде жана Аллах ага жайгаштырган тоолордо, деңиздерде, дарыяларда, бак-дарактарда, өсүмдүктөрдө жана жаныбарларда Аллах келбет Берүүчү, Жаратуучу деп терең ишенгендер үчүн Анын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ
Оо, адамдар! Өзүңөрдө да Аллахтын кудуреттүүлүгүнө белгилер бар. Сабак алыш үчүн назар салбайсыңарбы?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَفِي ٱلسَّمَآءِ رِزۡقُكُمۡ وَمَا تُوعَدُونَ
Асманда силердин дүйнөгө жана динге байланыштуу ырыскыңар бар жана силерге убада кылынган жакшылыктар же жамандыктар бар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِنَّهُۥ لَحَقّٞ مِّثۡلَ مَآ أَنَّكُمۡ تَنطِقُونَ
Асман менен жердин Раббисине ант! Чындыгында кайра тирилүү силердин сүйлөп жатканыңардай эле шек-күмөнсүз акыйкат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ
О, пайгамбар! Сага Ибрахимге сыйлуу конок болуп келген периштелер тууралуу кабар берилдиби?
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗاۖ قَالَ سَلَٰمٞ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ
Качан алар анын үстүнө киршкенде: «Салам» – дешти. Ибрахим аларга: «Салам» – алик алып, ичинен: «Булар бейтааныш адамдар го» – деди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجۡلٖ سَمِينٖ
Ал үй-бүлөсүнө жашыруун барып, ал жактан толук семиз музоону алып келди. Ал аларды адамзат деп ойлогон.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيۡهِمۡ قَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ
Анан музоону аларга жакындатып, жумшактык менен кайрылып: «Алдыңарга коюлган тамактаң жебейсиңерби?» – деди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأَوۡجَسَ مِنۡهُمۡ خِيفَةٗۖ قَالُواْ لَا تَخَفۡۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ
Алардын жебегенин көргөндө ичинен коркуп кетти. Алар аны сезип, анын көңүлүн тынчтантып: «Коркпо! Биз Аллахтын алдынан келген элчилербиз» – дешти. Жана ага көптөгөн илимге ээ болгон перзенттүү балалуу болорун сүйүнчүлөштү. Ал сүйүнчүлөнгөн бала Исхак болчу.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَأَقۡبَلَتِ ٱمۡرَأَتُهُۥ فِي صَرَّةٖ فَصَكَّتۡ وَجۡهَهَا وَقَالَتۡ عَجُوزٌ عَقِيمٞ
Качан анын аялы сүйүнчүнү укканда кубанганынан кыйкырып келип, өзүн жүзүнө чапкылап, таң калган абалда: «Кемпир дагы төрөйбү?» – деди. Ал буга чейин төрөгөн эмес эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالُواْ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡعَلِيمُ
Ага периштелер айтышты: «Биз сага айткан кабарды Раббиң Өзү айтты. Ал эмнени айтса, аны эч ким кайтара албайт. Чындыгында Ал жаратуусунда жана тагдыр кылуусунда Даанышман, пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• إحسان العمل وإخلاصه لله سبب لدخول الجنة.
Аллах үчүн чын ыкластан жакшылык иштерди кылуу бейишке кирүүгө себеп болот.

• فضل قيام الليل وأنه من أفضل القربات.
Түнкү намаздын артыкчылыгы жана ал Аллахка жакындаткан иштердин эң жакшысы.

• من آداب الضيافة: رد التحية بأحسن منها، وتحضير المائدة خفية، والاستعداد للضيوف قبل نزولهم، وعدم استثناء شيء من المائدة، والإشراف على تحضيرها، والإسراع بها، وتقريبها للضيوف، وخطابهم برفق.
Конок тосуунун адептеринен – саламдын эң жакшы түрү менен алик алуу, билгизбей дасторкон жаюу, конок келгенге чейин даярдык көрүү, дасторконго баарын коюу, анын даярдыгына баш көз болуу, тездетүү, конокко жакын коюу жана аларга сылык сүйлөө.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አዝ ዛሪያት
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት