Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 印菲塔尔   段:

Инфитар

每章的意义:
تحذير الإنسان من الاغترار ونسيان يوم القيامة.
Инсанды Кыямат күндү эсинен чыгарып коюудан жана кайдыгер болуудан эскертип коркуткан.

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتۡ
Периштелер түшүү үчүн асман жарылганда.
阿拉伯语经注:
وَإِذَا ٱلۡكَوَاكِبُ ٱنتَثَرَتۡ
Жылдыздар күбүлүп түшкөндө.
阿拉伯语经注:
وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ فُجِّرَتۡ
Деңиздер бири-бирине ачылып кошулганда.
阿拉伯语经注:
وَإِذَا ٱلۡقُبُورُ بُعۡثِرَتۡ
Кабырдагы өлүктөр кайра тирилүү үчүн анын топурагы оодарылганда.
阿拉伯语经注:
عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّا قَدَّمَتۡ وَأَخَّرَتۡ
Ошол кезде ар бир жан кандай иш-аракет даярдаганын жана кайсынысын кылбастан таштап койгондугун билет.
阿拉伯语经注:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ ٱلۡكَرِيمِ
Эй, Раббисине каапырлык кылган инсан! Раббиң кең пейилдиги менен сага мөөнөт берип, сени жазалоого шашылбаган кезде Анын буйругуна каршы чыгууңа эмне себеп болду?
阿拉伯语经注:
ٱلَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّىٰكَ فَعَدَلَكَ
Ал сени жок жерден жаратты жана дене-мүчөлөрүңдү келишкен турпатта кылды.
阿拉伯语经注:
فِيٓ أَيِّ صُورَةٖ مَّا شَآءَ رَكَّبَكَ
Ал сени Өзү каалаган келбетте жаратты жана сага жакшылык кылды, анткени ал сени эшектин же маймылдын же иттин же башка нерселердин келбетинде жараткан жок.
阿拉伯语经注:
كَلَّا بَلۡ تُكَذِّبُونَ بِٱلدِّينِ
Эй, алдангандар! Абал силер элестеткендей эмес. Бирок силер сурак күнүн жалганга чыгардыңар, ал үчүн аракет да кылбадыңар.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ عَلَيۡكُمۡ لَحَٰفِظِينَ
Чындыгында силердин үстүңөрдө иш-аракеттериңерди сактоочу периштелер бар.
阿拉伯语经注:
كِرَامٗا كَٰتِبِينَ
Аллахтын алдында ардактуулар, силердин иш-аракеттериңерди жазуучулар.
阿拉伯语经注:
يَعۡلَمُونَ مَا تَفۡعَلُونَ
Силер кандай иш кылбагыла, алар аны билип жазып турушат.
阿拉伯语经注:
إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٖ
Чындыгында жакшылык иштерди жана ибадаттарды көп кылгандар кыямат күнү түбөлүк жыргалчылыкта болушат.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ ٱلۡفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٖ
Чындыгында күнөөкөр адамдар жалындаган тозокто болушат.
阿拉伯语经注:
يَصۡلَوۡنَهَا يَوۡمَ ٱلدِّينِ
Алар ага сурак күнү киришет, анын ысыктык азабын тартышат.
阿拉伯语经注:
وَمَا هُمۡ عَنۡهَا بِغَآئِبِينَ
Алар андан эч качан жок болуп кетишпейт, ал жакта түбөлүк калышат.
阿拉伯语经注:
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ
Оо, пайгамбар! Сен сурак күн эмне экенин кандай билмек элең?
阿拉伯语经注:
ثُمَّ مَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ
Сен дагы сурак күнү эмне экенин кайдан билмек элең?
阿拉伯语经注:
يَوۡمَ لَا تَمۡلِكُ نَفۡسٞ لِّنَفۡسٖ شَيۡـٔٗاۖ وَٱلۡأَمۡرُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ
Ал күнү эч ким башка бирөөгө пайда келтире албайт. Ал күнү бүткүл иш башкаларга эмес, Аллахка гана таандык. Ал аны Өзү каалагандай кылат.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• التحذير من الغرور المانع من اتباع الحق.
Акыйкатты ээрчүүгө тоскоол болгон азгырык ойлордон эскертүү.

• الجشع من الأخلاق الذميمة في التجار ولا يسلم منه إلا من يخاف الله.
Ач көздүк соодагерлерде бар айыптуу сыпаттардан. Аллахтан корккон адам гана андан саламатта болот.

• تذكر هول القيامة من أعظم الروادع عن المعصية.
Кыяматтагы коркунучтарды эстөө – күнөөдөн тоскон эң чоң себептердин бири.

 
含义的翻译 章: 印菲塔尔
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭