Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 安法里   段:
إِذۡ تَسۡتَغِيثُونَ رَبَّكُمۡ فَٱسۡتَجَابَ لَكُمۡ أَنِّي مُمِدُّكُم بِأَلۡفٖ مِّنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ مُرۡدِفِينَ
Бадр согушу болгон күнү душмандарыңарга каршы жеңиш тилеп, жардам сураганыңарды эстегиле. Ошондо Аллах силердин дубаңарды кабыл кылып, биринин артынан бири келген миң периштени түшүрүп силерди колдоду.
阿拉伯语经注:
وَمَا جَعَلَهُ ٱللَّهُ إِلَّا بُشۡرَىٰ وَلِتَطۡمَئِنَّ بِهِۦ قُلُوبُكُمۡۚ وَمَا ٱلنَّصۡرُ إِلَّا مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Оо, ыймандуулар, Аллах периштелер менен колдоону силердин душманыңарды жеңгениңер үчүн сүйүнчү катары жана жеңишке жүрөгүңөр тынчтануусу үчүн көрсөттү. Жеңиш аскердин санынын көптүгү менен болбойт, жеңиш - Аллахтын колунда. Акыйкатта, Аллаалх падышалыгында Кубаттуу, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, шарият жана тагдыр кылууда Даашынман.
阿拉伯语经注:
إِذۡ يُغَشِّيكُمُ ٱلنُّعَاسَ أَمَنَةٗ مِّنۡهُ وَيُنَزِّلُ عَلَيۡكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ لِّيُطَهِّرَكُم بِهِۦ وَيُذۡهِبَ عَنكُمۡ رِجۡزَ ٱلشَّيۡطَٰنِ وَلِيَرۡبِطَ عَلَىٰ قُلُوبِكُمۡ وَيُثَبِّتَ بِهِ ٱلۡأَقۡدَامَ
Оо, ыймандуулар, дагы эстегиле, душманыңар тараптан болгон коркунучтан аман сактоо үчүн Аллах силерге жеңил уйку берди. Жүрөгүңөрдү тазалап, силерден шайтандын азгырыгын кетирүү үчүн жана жолуккан учурда жүрөгүңөр жана денеңер бекем болуусу үчүн, ошондой эле кумдуу жерде басканда бутуңар тайгылбоосу үчүн жамгыр жаадырды.
阿拉伯语经注:
إِذۡ يُوحِي رَبُّكَ إِلَى ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ أَنِّي مَعَكُمۡ فَثَبِّتُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ سَأُلۡقِي فِي قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلرُّعۡبَ فَٱضۡرِبُواْ فَوۡقَ ٱلۡأَعۡنَاقِ وَٱضۡرِبُواْ مِنۡهُمۡ كُلَّ بَنَانٖ
Оо, пайгамбар, Бадр күнү ыймандууларды колдоо үчүн түшүргөн периштелерге Аллах минтип аян-кабар берди: Эй, периштелер, жардам жана колдоо көрсөтүүдө Мен силер мененмин, ыймандуулардын эрктүүлөрүн душманга каршы турууга шыктандыргыла. Азыр каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч саламын. Эй, ыймандуулар, силер да каапырларды моюнун кыя чапкыла, муун-муундарына кылыч шилтеп, согушка жараксыз кылгыла.
阿拉伯语经注:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ شَآقُّواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۚ وَمَن يُشَاقِقِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Каапырларды минтип өлтүрүүнүн жана уруунун себеби, алар Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгышты. Алар буйрулуган ишти аткарган жок, тыюу салынган иштен тыйылган жок. Ким бул иштерде Аллахка жана Анын элчисине каршы болсо, акыйкатта, Аллах бул дүйнөдө аларды өлтүрүү жана туткун кылуу, акыретте болсо тозокко түшүрүү менен катуу азаптайт.
阿拉伯语经注:
ذَٰلِكُمۡ فَذُوقُوهُ وَأَنَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابَ ٱلنَّارِ
Оо, Аллахка жана Анын элчисине каршы болгондор, айтылган азаптардын даамын бул дүйнөдө тез арада таткыла, акыретте болсо силерге тозок азабы бар, эгер ушинтип каапырлыгыңарда жана кежирлигиңерде өтүп кетсенер.
阿拉伯语经注:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا لَقِيتُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ زَحۡفٗا فَلَا تُوَلُّوهُمُ ٱلۡأَدۡبَارَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисин ээрчигендер эгер согушта бутпарастарга бетме-бет келсеңер, алардан коркпогула жана артыңарды салып качпагыла. Тескерисинче, тике карап бекем тургула, бет келгениңерге сабыр кылгыла, жардам жана колдоо көрсөтүп Аллах силер менен бирге.
阿拉伯语经注:
وَمَن يُوَلِّهِمۡ يَوۡمَئِذٖ دُبُرَهُۥٓ إِلَّا مُتَحَرِّفٗا لِّقِتَالٍ أَوۡ مُتَحَيِّزًا إِلَىٰ فِئَةٖ فَقَدۡ بَآءَ بِغَضَبٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَمَأۡوَىٰهُ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Ким аларга артын салып качса, Аллахтан ачуусуна качат жана ошого татыктуу болот. Акыретте анын орду тозок, бул ал бара турган жана көчо турган жайдын эң жаманы. Ал эми ким согуштун жүрүшүн өзгөртүү үчүн душман көзүнө качымыш болуп айлакерик кылса же бака мусулман тобуна кошулуу үчүн чегинсе эч нерсе эмес.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• في الآيات اعتناء الله العظيم بحال عباده المؤمنين، وتيسير الأسباب التي بها ثبت إيمانهم، وثبتت أقدامهم، وزال عنهم المكروه والوساوس الشيطانية.
Аяттарда Аллахтын ыймандуу пенделерине болгон чоң камкордугу, алардын ыйманын жанан кадамдарын бекемдөөчү себептерди жеңил кылганы, алардын кыйынчылыкты жана шайтандын азгырыгын кетиргендиги айтылган.

• أن النصر بيد الله، ومن عنده سبحانه، وهو ليس بكثرة عَدَدٍ ولا عُدَدٍ مع أهمية هذا الإعداد.
Акыйкатта, жардам Аллахтын жана Андагылардын колунда. Сандын көп болуусу негизги ролду ойногонуна карабастан,жеңиш сандын көптүгүндө эмес.

• الفرار من الزحف من غير عذر من أكبر الكبائر.
Эч себепсиз согуш талаасынан качуу чоң күнөөлөрдөн

• في الآيات تعليم المؤمنين قواعد القتال الحربية، ومنها: طاعة الله والرسول، والثبات أمام الأعداء، والصبر عند اللقاء، وذِكْر الله كثيرًا.
Аяттарда ыймандууларга согушуу эрежелери үйрөтүлдү. Мисалы, Аллахка жана анын элчисине баш ийүү, душмандын алдында бекем болуу, бет келгенде сабыр кылуу жана Аллахты көп зикир кылуу.

 
含义的翻译 章: 安法里
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭