Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 金尼   段:

Джин

每章的意义:
إبطال دين المشركين، ببيان حال الجنّ وإيمانهم بعد سماع القرآن.
Куранды уккандан кийин ыйман келтирген жиндердин абалын баяндоо аркылуу мушриктердин "динин" жокко жараксыздыгы (айтылды).

قُلۡ أُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّهُ ٱسۡتَمَعَ نَفَرٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَقَالُوٓاْ إِنَّا سَمِعۡنَا قُرۡءَانًا عَجَبٗا
Оо, пайгамбар! Үммөтүңө айт: «Аллах мага вахий кылды, жиндердин бир жамааты менин Куран окуганымды Нахла өрөөнүндө угушту. Качан алар өз коомуна кайтып келишкенде, аларга айтышты: «Чындыгында биз айкындык жана чечендик менен окулуп жаткан суктанарлык сөздү уктук.
阿拉伯语经注:
يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلرُّشۡدِ فَـَٔامَنَّا بِهِۦۖ وَلَن نُّشۡرِكَ بِرَبِّنَآ أَحَدٗا
Биз уккан бул сөз ишенимде, сөздө жана иш-аракетте тууралыкка багыттайт экен. Ошондуктан биз ага ыйман келтирдик жана аны кимдир-бирөөгө түшүргөн Раббибизге ширк кылбайбыз.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّهُۥ تَعَٰلَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا ٱتَّخَذَ صَٰحِبَةٗ وَلَا وَلَدٗا
Ошондой эле мушриктер айткандай Ал Өзүнө эч кандай аял да, перзент да алган эмес. Раббибиздин улуулугу жана касиеттүүлүгү бийик болду.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطٗا
Ал эми Иблис болсо, Аллахтын аялы бар, баласы бар деп Ага каршы бурмаланган жалаа сөздү айтып жүрүптүр.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن تَقُولَ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا
Биз адамзат менен жиндерден болгон мушриктердин Анын аялы жана баласы бар деген ойлорунда жалган айтышпайт деп ойлогонбуз. Ошондуктан биз аларды ээрчип, айткан сөздөрүнө ишенгенбиз.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّهُۥ كَانَ رِجَالٞ مِّنَ ٱلۡإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٖ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَزَادُوهُمۡ رَهَقٗا
Караңгылык доордо адамзаттан болгон кээ бир эркектер коркунучтуу жерге жайланышканда айрым эркек жиндерден коргоо сурашып, арасынан кээ бири: «Мен бул өрөөндүн кожоюнунан анын коомунун акылсыздарынын зыянынан коргоо сураймын» – деп айтчы. Ошентип адамзаттан болгон эркектердин жиндерден болгон эркектерден болгон коркунучу жана сестенүүсү күч алчы.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّهُمۡ ظَنُّواْ كَمَا ظَنَنتُمۡ أَن لَّن يَبۡعَثَ ٱللَّهُ أَحَدٗا
Эй, жиндер! Адамзат да силер ойлогондой, Аллах эч кимди өлгөндөн кийин сурак алуу үчүн жана сыйлык-жазасын берүү үчүн кайра тирилтпейт деп ойлогон.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا لَمَسۡنَا ٱلسَّمَآءَ فَوَجَدۡنَٰهَا مُلِئَتۡ حَرَسٗا شَدِيدٗا وَشُهُبٗا
Биз асман кабарларын издедик, бирок асман биз мурунтан кылып жүргөн сөз тыңшоодон аны коргогон күчтүү күзөтчү периштелерге толгонун жана ал асманга жакындагандардын баарына каршы атылган жалындуу отторго толгонун көрдүк.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا كُنَّا نَقۡعُدُ مِنۡهَا مَقَٰعِدَ لِلسَّمۡعِۖ فَمَن يَسۡتَمِعِ ٱلۡأٓنَ يَجِدۡ لَهُۥ شِهَابٗا رَّصَدٗا
Биз мурун асмандагы атайын орундарга олтуруп, андан периштелердин өз ара сүйлөшкөн сөздөрүн укчубуз. Кийин аны жер бетиндеги көзү ачыктарга айтып берет элек. Эми абал өзгөрдү. Арабыздан ким азыр сөз тыңшаган болсо, ал үчүн даярдалган жалындуу отту көрөт. Эгер ал жакындачу болсо, анда аны көздөй учуп, күйгүзүп жок кылат.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا لَا نَدۡرِيٓ أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ أَرَادَ بِهِمۡ رَبُّهُمۡ رَشَدٗا
Биз бул катаал күзөтчүлүктүн себебин билбей жатабыз, муну менен жер бетиндегилерге жамандык келгени жатабы же Аллах аларга жакшылык каалап жатабы. Бизге болсо асман кабарлары токтотулду.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا مِنَّا ٱلصَّٰلِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَۖ كُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدٗا
Жиндер жамааты! Биздин арабызда такыба жакшылар бар жана арабызда каапырлар менен бузукулар да бар. Биздин топторубуз ар башка жана каалоолорубуз ар түрдүү эле.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن نُّعۡجِزَ ٱللَّهَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَن نُّعۡجِزَهُۥ هَرَبٗا
Жана Аллах биз үчүн бир нерсе кааласа, биз Андан кутула албастыгыбызды жана Ал бизди толук курчап турганы себептүү Андан качып кете албастыгыбызды анык түшүндүк.
阿拉伯语经注:
وَأَنَّا لَمَّا سَمِعۡنَا ٱلۡهُدَىٰٓ ءَامَنَّا بِهِۦۖ فَمَن يُؤۡمِنۢ بِرَبِّهِۦ فَلَا يَخَافُ بَخۡسٗا وَلَا رَهَقٗا
Качан биз тууралыкка жол көргөзгөн Куранды укканда, ага ыйман келтирдик. Кимде-ким Раббисине ыйман келтирсе, анда ал жакшылык иштеринин азаюусунан же мурунку күнөөлөрүнө күнөө кошулуусунан коркпойт.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• تأثير القرآن البالغ فيمَنْ يستمع إليه بقلب سليم.
Куранды таза жүрөк менен уккандар үчүн анын таасири күчтүү.

• الاستغاثة بالجن من الشرك بالله، ومعاقبةُ فاعله بضد مقصوده في الدنيا.
Жиндерден жардам суроо Аллахка ширк кылууга жатат жана андай кылган адамдын дүйнөдөгү жазасы ал көздөгөндүн тескериси болот.

• بطلان الكهانة ببعثة النبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбардын келиши менен төлгөчүлүктүн жокко чыгуусу.

• من أدب المؤمن ألا يَنْسُبَ الشرّ إلى الله.
Жамандыкты Аллахка шылтабастык – ыймандуунун адептеринен.

 
含义的翻译 章: 金尼
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭