Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 段: (3) 章: 尼萨仪
وَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا تُقۡسِطُواْ فِي ٱلۡيَتَٰمَىٰ فَٱنكِحُواْ مَا طَابَ لَكُم مِّنَ ٱلنِّسَآءِ مَثۡنَىٰ وَثُلَٰثَ وَرُبَٰعَۖ فَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا تَعۡدِلُواْ فَوَٰحِدَةً أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَلَّا تَعُولُواْ
Эгер кепилдигиңердеги жетим кыздарга үйлөнүүдө аларга адилет боло албайм деп, же аларга берчү махыр акысын толук бере албай калам деп, же аларга мамиле кылууда кемчилик кетирем деп корксоңор, анда алардан башка аялдарга кааласаңар экөөнө, үчөөнө же төртөөнө үйлөнгүлө. А эгер булардын ортосунда адилеттүү боло албайм деп корксоңор, анда бирөө менен чектелгиле же кол алдыңардагы күң аялдарды алгыла (пайдалангыла). Анткени, күңдөрдө эркин аялдарда сакталчу укуктардын көбү жок. Ушул жогоруда айтылган жетимдерге адилеттүү болуу, бир аял менен чектелүү, күң аялдарды пайдалануу зыян тартып калбооңорго себеп болчу амалдар
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الأصل الذي يرجع إليه البشر واحد، فالواجب عليهم أن يتقوا ربهم الذي خلقهم، وأن يرحم بعضهم بعضًا.
Адамзаттын жаралышы да, кайтчу жери да бир. Жараткан Жаратуучусунан коркуу, бири-бирин урматтоо адам баласына важыб, милдет.

• أوصى الله تعالى بالإحسان إلى الضعفة من النساء واليتامى، بأن تكون المعاملة معهم بين العدل والفضل.
Аллах Таала аялдарга жана жетимдерге жакшы мамиле кылууну осуят кылды. Аларга адил, жакшы мамиле кылуу зарыл.

• جواز تعدد الزوجات إلى أربع نساء، بشرط العدل بينهن، والقدرة على القيام بما يجب لهن.
Төрт аял алууга уруксат, бирок баарына адилет болуу шарт жана алардын акысын берүүгө кудурети жетүүсү кажет.

• مشروعية الحَجْر على السفيه الذي لا يحسن التصرف، لمصلحته، وحفظًا للمال الذي تقوم به مصالح الدنيا من الضياع.
Малды туура пайдалана албаган акыл-эси кем адамдын мал-мүлкүн убактылуу алып турууга шариятта уруксат. Анткени, жашоого зарыл болгон мал-мүлкүн жоготуп алуу коркунучу бар жана буга жол бербүүгө болбойт

 
含义的翻译 段: (3) 章: 尼萨仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭