Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 隋德   段:
وَقَالُواْ مَا لَنَا لَا نَرَىٰ رِجَالٗا كُنَّا نَعُدُّهُم مِّنَ ٱلۡأَشۡرَارِ
Чектен чыккан текеберлер айтышты: «Эмнеге биз дүйнөдө азапка татыктуу бактысыздар деп эсептеген кишилерди биз менен чогу көрбөй жатабыз?
阿拉伯语经注:
أَتَّخَذۡنَٰهُمۡ سِخۡرِيًّا أَمۡ زَاغَتۡ عَنۡهُمُ ٱلۡأَبۡصَٰرُ
Биз аларды шылдыңдаганыбыз катачылык болуп, алар азапка татыктуу болбой калыштыбы же биз аларды шылдыңдаганыбыз туура болуп, алар тозокко кириштиби? Биз аларды көрбөй жатабыз го?».
阿拉伯语经注:
إِنَّ ذَٰلِكَ لَحَقّٞ تَخَاصُمُ أَهۡلِ ٱلنَّارِ
Чындыгында Биз силерге айткан каапырлардын кыяматтагы талашып-тартышуусу эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат нерсе.
阿拉伯语经注:
قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ مُنذِرٞۖ وَمَا مِنۡ إِلَٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ
Оо, Мухаммад! Коомуңдагы каапырларга айт: «Акыйкатта мен болгону силерге каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү Аллахтын азабы келип калуусунан эскертүүчүмүн. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал Өз улуктугунда жана ысым-сыпаттарында Жалгыз. Ал баарын багынткан жана баш ийдирген Каардуу.
阿拉伯语经注:
رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفَّٰرُ
Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Ал Өз бийлигинде эч кимден жеңилбеген Кудуреттүү. Ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү.
阿拉伯语经注:
قُلۡ هُوَ نَبَؤٌاْ عَظِيمٌ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Акыйкатта Куран – улуу мартабалуу кабар.
阿拉伯语经注:
أَنتُمۡ عَنۡهُ مُعۡرِضُونَ
Силер бул улуу мартабалуу кабарга көңүл бурбастан, андан жүз буруп жатасыңар.
阿拉伯语经注:
مَا كَانَ لِيَ مِنۡ عِلۡمِۭ بِٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰٓ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ
Эгерде Аллах мага вахий түшүрүп, мени үйрөтпөгөндө, анда менде периштелер менен Адамдын жаралуусунун ортосунда болгон сөз тууралуу илим болмок эмес.
阿拉伯语经注:
إِن يُوحَىٰٓ إِلَيَّ إِلَّآ أَنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٌ
Чындыгында Аллах Өзү вахий кылган нерселерди гана мага түшүрдү. Анткени мен силерге Анын азабын ачык эскертүүчүмүн».
阿拉伯语经注:
إِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي خَٰلِقُۢ بَشَرٗا مِّن طِينٖ
Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге айтты: «Мен ылайдан адамды жаратам. Ал – Адам.
阿拉伯语经注:
فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ
Мен анын тулку-боюн түздөп, келбет берип жана ага Өз Рухумдан жан салганда, ага сажда кылгыла».
阿拉伯语经注:
فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ
Периштелер Раббисинин буйругуна баш ийип, баарысы сый-урмат катары сажда кылышты. Алардын арасынан Адамга сажда кылбаган бири да калган жок.
阿拉伯语经注:
إِلَّآ إِبۡلِيسَ ٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Бир гана Иблис сажда кылуудан текеберленди. Ал Раббисинин буйругуна текеберлик кылганы үчүн каапырлардан болду.
阿拉伯语经注:
قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَن تَسۡجُدَ لِمَا خَلَقۡتُ بِيَدَيَّۖ أَسۡتَكۡبَرۡتَ أَمۡ كُنتَ مِنَ ٱلۡعَالِينَ
Аллах айтты: «Эй, Иблис! Өзүмдүн эки Колум менен жараткан Адамга сажда кылууга сага эмне тоскоол болду? Сени сажда кылуудан текеберлик тостубу же сен буга чейин эле Раббиңе текеберленип, менменсинип калдың беле?».
阿拉伯语经注:
قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ
Ибилис: «Мен Адамдан артыкмын. Сени мени оттон, аны болсо ылайдан жараттың» – деди. Анын оюнда от топурактан шарапаттуу эле.
阿拉伯语经注:
قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ
Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Эми сен каргышка жана сөгүшкө калдың.
阿拉伯语经注:
وَإِنَّ عَلَيۡكَ لَعۡنَتِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ
Сен сыйлык жана жаза күн болгон кыяматка чейин бейиштен куулдуң».
阿拉伯语经注:
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
Иблис айтты: «Пенделериңди кайра тирилткен күнгө чейин мага мөөнөт бер жана мени өлтүрбө».
阿拉伯语经注:
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ
Аллах айтты: «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.
阿拉伯语经注:
إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ
Сени жок кылуу үчүн белгилүү бир убакыт келген күнгө чейин».
阿拉伯语经注:
قَالَ فَبِعِزَّتِكَ لَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Иблис айтты: «Сенин кудуреттүүлүгүңө жана каардуулугуңа ант болсун! Мен бүткүл адам баласын адаштырамын.
阿拉伯语经注:
إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Сен менин адаштыруумдан коргогондорду жана жалгыз Өзүңө чын ыкластан ибадат кылгандарды гана адаштыра албайм».
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• القياس والاجتهاد مع وجود النص الواضح مسلك باطل.
Ачык-айкын далил турганына карабастан, салыштыруу (кыяс) же терең изилдөө (ижтихад) ыкмаларын колдонуу – туура эмес жол.

• كفر إبليس كفر عناد وتكبر.
Иблистин каапырлыгы – текеберлик жана баш ийбестик каапырлыгы.

• من أخلصهم الله لعبادته من الخلق لا سبيل للشيطان عليهم.
Адамдардан Аллах кимди Өзүнө гана чын ыкластан ибадат кылууга тандаган болсо, аларды шайтан адаштыра албайт.

 
含义的翻译 章: 隋德
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭