Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 安比亚仪   段:
وَمِنَ ٱلشَّيَٰطِينِ مَن يَغُوصُونَ لَهُۥ وَيَعۡمَلُونَ عَمَلٗا دُونَ ذَٰلِكَۖ وَكُنَّا لَهُمۡ حَٰفِظِينَ
Жана ал үчүн деңиздин түбүнө чумкуп берметтерди жана башка нерселерди алып чыккан жана курулуш сыяктуу иштерди кылган жин-шайтандарды ага моюн сундурдук. Биз алардын санын жана кылган иштерин көзөмөлдөөчүбүз. Алардын эч бир нерсесин өткөрүп жиберген жокпуз.
阿拉伯语经注:
۞ وَأَيُّوبَ إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَسَّنِيَ ٱلضُّرُّ وَأَنتَ أَرۡحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Оо, пайгамбар! Аюбдун окуясын эстечи, ал балээге туш болгондо Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Чындыгында мен ооруга жана үй-бүлөмдү жоготууга кабылдым. Сен баарына ырайым кылгандардын ырайымдуусусуң. Башыма түшкөн нерседен мени алыстат» – деп дуба кылды.
阿拉伯语经注:
فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ فَكَشَفۡنَا مَا بِهِۦ مِن ضُرّٖۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ أَهۡلَهُۥ وَمِثۡلَهُم مَّعَهُمۡ رَحۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَا وَذِكۡرَىٰ لِلۡعَٰبِدِينَ
Биз анын дубасын кабыл кылып, ал зыян тарткан нерседен аны алыстаттык жана ал жоготкон үй-бүлө, бала-чакасын өзүнө кайтарып, алардын үстүнө да ошончо кошуп бердик. Бул нерселерде Аллахка ибадат кылып, баш ийгендерге ийгиликке жетүү үчүн Аюб сабыр кылгандай сабыр кылуу керек деген эскертме-үлгү бар. Ушунун баарын ага Өз ырайымыбызды төккөндүктөн кылдык.
阿拉伯语经注:
وَإِسۡمَٰعِيلَ وَإِدۡرِيسَ وَذَا ٱلۡكِفۡلِۖ كُلّٞ مِّنَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Оо, пайгамбар! Исмаил, Идрис жана Зулкифлди эстечи, алардын баарысы сыноого жана Аллах аларга милдет кылган өкүмдөрдү аткарууда сабырдуулардан болушкан.
阿拉伯语经注:
وَأَدۡخَلۡنَٰهُمۡ فِي رَحۡمَتِنَآۖ إِنَّهُم مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Биз аларды Өз ырайымыбызга алып, аларды пайгамбар кылдык жана аларды бейишке киргиздик. Чындыгында алар Раббисине ибадат кылган, ички жана сырты дүйнөсү таза болгон Аллахтын салих-жакшы пенделеринен.
阿拉伯语经注:
وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَٰضِبٗا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقۡدِرَ عَلَيۡهِ فَنَادَىٰ فِي ٱلظُّلُمَٰتِ أَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبۡحَٰنَكَ إِنِّي كُنتُ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, пайгамбар! Киттин ээси Юнустун (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) окуясын эстечи, ал элинин баш ийбестигине ачууланып Раббисинин уруксатысыз кетип калган эле. Ал кетип калганы үчүн Биз аны кысымга албайбыз деп ойлогон. Кийин кит аны жуткан кезде катуу кысылып, камакта калып сыналды. Ошондо ал киттин, деңиздин жана түндүн караңгылыктарында күнөөсүн моюнга алып Аллахка тообо кылып: «Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң жана ыйыксың. Чындыгында мен залымдардан болдум» – деп дуба кылды.
阿拉伯语经注:
فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ وَنَجَّيۡنَٰهُ مِنَ ٱلۡغَمِّۚ وَكَذَٰلِكَ نُـۨجِي ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Биз анын дубасын кабыл кылдык жана аны караңгылыктардан жана киттин ичинен чыгарып чоң кыйынчылыктан куткардык. Биз Юнусту бул кыйынчылыгынан куткарган сыяктуу эле кыйынчылыкка түшүп, Аллахка дуба кылган ыймандууларды да куткарабыз.
阿拉伯语经注:
وَزَكَرِيَّآ إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ رَبِّ لَا تَذَرۡنِي فَرۡدٗا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡوَٰرِثِينَ
Оо, пайгамбар! Закариянын окуясын эстечи, ал Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Мени баласыз жалгыз калтырба! Сен калуучулардын, жакшылыкты мага калтыруучулардын эң жакшысысың! Мага өзүмдөн кийин кала турган перзент бер» – деп дуба кылды.
阿拉伯语经注:
فَٱسۡتَجَبۡنَا لَهُۥ وَوَهَبۡنَا لَهُۥ يَحۡيَىٰ وَأَصۡلَحۡنَا لَهُۥ زَوۡجَهُۥٓۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَيَدۡعُونَنَا رَغَبٗا وَرَهَبٗاۖ وَكَانُواْ لَنَا خَٰشِعِينَ
Биз анын дубасын кабыл кылып, ага Яхьяны бала кылып бердик жана аялын айыктырдык. Ал төрөбөс аял эле, бирок ошондон кийин төрөй турган болуп калды. Чындыгында Закария, аялы жана баласы жакшылыктарды кылууга шашылгандардан эле. Алар Биздин алдыбыздагы соопторду каалашып жана жазадан коркушуп Бизге дуба кылышат эле. Алар бизге жалынып жалбарышкан моюн сунуучулардан эле.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• الصلاح سبب للرحمة.
Түз жүрүү – ырайымдуулукка жетүүнүн себеби.

• الالتجاء إلى الله وسيلة لكشف الكروب.
Аллахка жалбаруу – кыйынчылыктан кутулуунун жолу.

• فضل طلب الولد الصالح ليبقى بعد الإنسان إذا مات.
Өзү дүйнөдөн өткөндөн кийин артынан дуба кыла турган (ыймандуу) перзент суроонун артыкчылыгы (айтылган).

• الإقرار بالذنب، والشعور بالاضطرار لله وشكوى الحال له، وطاعة الله في الرخاء من أسباب إجابة الدعاء وكشف الضر.
Күнөөнү моюнга алуу, Аллахка болгон муктаждыкты сезүү, абалын Аллахка гана айтып даттануу жана кеңиричилик, жыргалчылык учурда Ага баш ийүү – кыйынчылыктан кутулуунун жана дубанын кабыл болуу себептеринен.

 
含义的翻译 章: 安比亚仪
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭