Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 章: 哈吉拉   段:
ٱلَّذِينَ جَعَلُواْ ٱلۡقُرۡءَانَ عِضِينَ
Алар Куранды бөлүк-бөлүк кылышып: «Бул сыйкыр же төлгөө же ыр саптары» – деп айтышты.
阿拉伯语经注:
فَوَرَبِّكَ لَنَسۡـَٔلَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аны бөлүктөргө бөлгөндөрдүн баарысын кыямат күнү сөзсүз суракка алабыз.
阿拉伯语经注:
عَمَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Биз алардын бул дүйнөдө кылышкан каапырлыктары жана күнөөлөрү тууралуу сөзсүз сурайбыз.
阿拉伯语经注:
فَٱصۡدَعۡ بِمَا تُؤۡمَرُ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Оо, пайгамбар! Аллах сени даават кылууга буйруган нерсени жарыя кыл жана мушриктердин айткандарына жана кылгандарына көңүл бурба!
阿拉伯语经注:
إِنَّا كَفَيۡنَٰكَ ٱلۡمُسۡتَهۡزِءِينَ
Жана алардан коркпо! Курайштын сени шылдыңдаган каапыр башчыларынын айлакерлигине Биз Өзүбүз жетиштүүбүз.
阿拉伯语经注:
ٱلَّذِينَ يَجۡعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ
Алар Аллах менен катар башка нерселерди кудай кылып алышкандар. Жакында алар кылган ширктеринин жаман натыйжасын билишет.
阿拉伯语经注:
وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدۡرُكَ بِمَا يَقُولُونَ
Оо, пайгамбар! Биз алардын сени шылдыңдап жана жалганга чыгарып жаткандары себептүү көкүрөгүң кысылып жатканын билебиз.
阿拉伯语经注:
فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ
Аллахка ылайык келбеген нерселерден Аны аруулап жана кемчиликсиз сыпаттар менен Ага мактоолорду айтып, Ага гана бет ал. Аллахка ибадат кылгандардан жана Ал үчүн намаз окугандардан бол. Бул нерседе сенин көкүрөгүңдүн кысылганына шыпаа бар.
阿拉伯语经注:
وَٱعۡبُدۡ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأۡتِيَكَ ٱلۡيَقِينُ
Ошондой эле Раббиңе дайым ибадат кыл жана ошого бекем болуп сага өлүм келгенге чейинки тирүүлүгүңдө аны үзбөй улант.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• عناية الله ورعايته بصَوْن النبي صلى الله عليه وسلم وحمايته من أذى المشركين.
Аллахтын пайгамбарды мушриктердин зыяндарынан коргоосу жана Ага көрсөткөн камкордугу.

• التسبيح والتحميد والصلاة علاج الهموم والأحزان، وطريق الخروج من الأزمات والمآزق والكروب.
Аллахты аруулоо, Ага мактоо айтуу жана пайгамбарга дуба жолдоо – кайгы-капачылыктан арылуунун дабасы жана кыйынчылыктардан кутулуунун жолу.

• المسلم مطالب على سبيل الفرضية بالعبادة التي هي الصلاة على الدوام حتى يأتيه الموت، ما لم يغلب الغشيان أو فقد الذاكرة على عقله.
Мусулман адамга өлүм келгенге чейин намаз ибадатын калтырбай аткаруу милдеттүү түрдө парз кылынган. Бир гана эси ооп калып же акыл-эсин жоготуп койгон учурда гана кечиримдүү.

• سمى الله الوحي روحًا؛ لأنه تحيا به النفوس.
Аллах асмандан түшкөн кабарды рух деп атады. Анткени ал адамдардын жан дүйнөсүн тирилтет.

• مَلَّكَنا الله تعالى الأنعام والدواب وذَلَّلها لنا، وأباح لنا تسخيرها والانتفاع بها؛ رحمة منه تعالى بنا.
Аллах таала Өзү ырайым кылып бизди үй жаныбарларына жана айбанаттарга ээлик кылды жана аларды бизге баш ийдирди. Ошондой эле аларды пайдаланууга жана колдонууга уруксат берди.

 
含义的翻译 章: 哈吉拉
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭