Check out the new design

《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 * - 译解目录


含义的翻译 段: (54) 章: 优素福
وَقَالَ ٱلۡمَلِكُ ٱئۡتُونِي بِهِۦٓ أَسۡتَخۡلِصۡهُ لِنَفۡسِيۖ فَلَمَّا كَلَّمَهُۥ قَالَ إِنَّكَ ٱلۡيَوۡمَ لَدَيۡنَا مَكِينٌ أَمِينٞ
Падыша Юсуфтун күнөөсүз экенин билгенден кийин жардамчыларына: «Аны мага алып келгиле! Мен аны өзүмө жакын алып жүрөйүн" деди. Юсуфту ага алып келишти. Аны менен сүйлөшкөндөн кийин анын билимдүү жана акылдуу экени анык болду. Падыша ага: «Юсуф! Бүгүнтөн тарта сен биздин алдыбызда кадырлуу, ардактуу жана ишенимдүү адамга айландың» деди.
阿拉伯语经注:
这业中每段经文的优越:
• من أعداء المؤمن: نفسه التي بين جنبيه؛ لذا وجب عليه مراقبتها وتقويم اعوجاجها.
Ыймандуунун бирден бир душманы – анын напсиси. Мына ошондуктан ал аны көзөмөлдөөгө жана кемчиликтерин оңдоп түзөөгө буйрулган.

• اشتراط العلم والأمانة فيمن يتولى منصبًا يصلح به أمر العامة.
Жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы көздөлгөн бийлик ордуна отурган адамга билим менен аманаттын шарт кылынышы.

• بيان أن ما في الآخرة من فضل الله، إنما هو خير وأبقى وأفضل لأهل الإيمان.
Акыретте болуучу нерселер Аллахтын жакшылыктарынан экенин баяндоо. Чындыгында бул ыймандуулар үчүн эң жакшы, эң абзел жана түбөлүктүү.

• جواز طلب الرجل المنصب ومدحه لنفسه إن دعت الحاجة، وكان مريدًا للخير والصلاح.
Эгерде адам жакшылыкты жана пайда алып келүүнү көздөгөн болсо, анда ал өзүн бийлик ордуна сунуштаса жана зарылдык болсо өзүн мактаса да уруксат.

 
含义的翻译 段: (54) 章: 优素福
章节目录 页码
 
《古兰经》译解 - 古兰经注释吉尔吉斯文简要翻译 - 译解目录

古兰经注释研究中心发行。

关闭