Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (7) سۈرە: زۇمەر
إِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ عَنكُمۡۖ وَلَا يَرۡضَىٰ لِعِبَادِهِ ٱلۡكُفۡرَۖ وَإِن تَشۡكُرُواْ يَرۡضَهُ لَكُمۡۗ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُم مَّرۡجِعُكُمۡ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Эй, адамдар! Эгерде Раббиңерге каапырлык кылсаңар, Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес. Силердин каапырлыгыңар Ага зыян келтирбейт. Анын зыяны өзүңөргө гана кайтат. Ал пенделеринин Ага каапырлык кылууларына ыраазы эмес жана аларды каапырлыкка да буйрубайт. Анткени Аллах букузукулукка жана күнөөгө буйрубайт. Эгерде Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар жана Ага ыйман келтирсеңер, анда Ал шүгүрчүлүгүңөргө ыраазы болот жана ал үчүн соопторду берет. Эч бир жан башканын күнөөсүн көтөрбөйт. Тескерисинче, ар бир жан кылган ишине жараша кармалып турат. Кийин силер кыяматта жалгыз Раббиңерге кайтасыңар. Ошондо Ал силердин дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет. Силерге иш-аракеттериңер үчүн сыйлыгын берет. Чындыгында Ал пенделеринин жүрөктөрүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• رعاية الله للإنسان في بطن أمه.
Адам энесинин курсагында болгон кездеги Аллахтын ага кылган камкордугу.

• ثبوت صفة الغنى وصفة الرضا لله.
Аллахтын бай жана ыраазы болуу сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо.

• تعرّف الكافر إلى الله في الشدة وتنكّره له في الرخاء، دليل على تخبطه واضطرابه.
Каапыр адамдын кыйынчылыкта Аллахты таанып, ал эми барчылыкта Аны танып кетүүсү – анын каталыгына жана экиленүүсүнө далил болот.

• الخوف والرجاء صفتان من صفات أهل الإيمان.
Коркуу жана үмүт кылуу – ыймандуу адамдардын сыпаттарынан.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (7) سۈرە: زۇمەر
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش