Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: كەھپ   ئايەت:

Кахф

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
بيان منهج التعامل مع الفتن.
Фитна учурунда кандай мамиледе болуу жолдорун баяндоо.

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ عَلَىٰ عَبۡدِهِ ٱلۡكِتَٰبَ وَلَمۡ يَجۡعَل لَّهُۥ عِوَجَاۜ
Кемчиликсиз жана улуу сыпаттар менен ачык жана жашыруун жакшылыктар үчүн жалгыз Аллахка гана мактоо болсун. Ал Аллахтын кулу жана элчиси болгон Мухаммадга Куранды түшүрдү. Ал бул Куранды акыйкаттан чыгып же андан ооп кетүүчү кылган жок.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَيِّمٗا لِّيُنذِرَ بَأۡسٗا شَدِيدٗا مِّن لَّدُنۡهُ وَيُبَشِّرَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ أَجۡرًا حَسَنٗا
Тескерисинче, Аллах каапырларды Өзүнүн алдындагы, аларды күтүп турган катуу азаптан коркутуу үчүн жана жакшы иш-аракеттерди аткарган ыймандууларга теңдеши жок жакшы сооп-сыйлыктар менен кубандыра турган кабарды берүү үчүн Аллах Куранды туура, кемчиликсиз, карама-каршылыгы жок кылды.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
مَّٰكِثِينَ فِيهِ أَبَدٗا
Ал сооп-сыйлыктар аларга түбөлүк берилет жана ал сыйлыктар алардан эч качан токтоп калбайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَيُنذِرَ ٱلَّذِينَ قَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ وَلَدٗا
«Аллахтын баласы бар» деп айткан жөөттөрдү, христиандарды жана кээ бир мушриктерди коркутуу үчүн.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أنزل الله القرآن متضمنًا الحق والعدل والشريعة والحكم الأمثل .
Аллах акыйкатты, адилеттүүлүктү, шариятты жана толук өкүмдөрдү камтыган Куранды түшүрдү.

• جواز البكاء في الصلاة من خوف الله تعالى.
Намазда Аллахтан коркуп ыйлоого уруксат.

• الدعاء أو القراءة في الصلاة يكون بطريقة متوسطة بين الجهر والإسرار.
Намазда дуба кылууда же Куран окууда жарыя кылбай же өтө купуя кылбай орточо окуу.

• القرآن الكريم قد اشتمل على كل عمل صالح موصل لما تستبشر به النفوس وتفرح به الأرواح.
Ыйык Куран жанды кубанткан жана сүйүнткөн бардык жакшы иш-аракеттерди камтыйт.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: كەھپ
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش