Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Muhammad   Ayah:
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَوۡلَا نُزِّلَتۡ سُورَةٞۖ فَإِذَآ أُنزِلَتۡ سُورَةٞ مُّحۡكَمَةٞ وَذُكِرَ فِيهَا ٱلۡقِتَالُ رَأَيۡتَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ نَظَرَ ٱلۡمَغۡشِيِّ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَأَوۡلَىٰ لَهُمۡ
Ыйман келтиргендер Аллах Өз элчисине согушууну камтыган сүрөөнү түшүрсө экен деп үмүт кылып: «Аллах согушуу тууралуу айткан сүрөө түшүрсө болот эле!» – деп айтышат. Оо, пайгамбар! Качан Аллах согушуу тууралуу сөздү камтыган, баяндоосу жана өкүмдөрү анык сүрөөнү түшүргөндө жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр катуу коркунучтан улам өздөрүн жоготуп сени тиктеп туруп калышканын көрөсүң. Аллах аларга согушуудан кетекчиктеп, андан коркушканы үчүн аларга жакын калган азапты эскертти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
طَاعَةٞ وَقَوۡلٞ مَّعۡرُوفٞۚ فَإِذَا عَزَمَ ٱلۡأَمۡرُ فَلَوۡ صَدَقُواْ ٱللَّهَ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡ
Ошондой эле Аллахтын буйругуна баш ийүүсү жана жамандыкты камтыбаган жакшы сөздөрдү сүйлөөсү алар үчүн жакшыраак. Согуш парз кылынып, иш олуттуу болгон кезде алар Аллахка ыйман келтирүүдө жана Ага моюн сунууда чынчыл болушса, анда бул алар үчүн эки жүздүүлүктөн жана Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылуудан жакшыраак болмок.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَهَلۡ عَسَيۡتُمۡ إِن تَوَلَّيۡتُمۡ أَن تُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَتُقَطِّعُوٓاْ أَرۡحَامَكُمۡ
Абалыңарга карай турган болсок, силер Аллахка ыйман келтирүүдөн жана Ага баш ийүүдөн баш тартсаңар, анда караңгы доордогу абалыңар сыяктуу жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып, туугандык мамилелерди үзүп жиберишиңер мүмкүн.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فَأَصَمَّهُمۡ وَأَعۡمَىٰٓ أَبۡصَٰرَهُمۡ
Жер бетинде бузукулукту жайган жана туугандык мамилени үзгөн сыяктуу сыпаттагы адамдарды Аллах Өз ырайымынан алыстатты, кулактарын акыйкатты кабыл алып угуудан дүлөй кылды жана көздөрүн үлгү алып кароодон сокур кылды.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ ٱلۡقُرۡءَانَ أَمۡ عَلَىٰ قُلُوبٍ أَقۡفَالُهَآ
Мына ошол жүз бургандар Куран жөнүндө ойлонушпайбы жана андагы айтылгандарга ой жүгүртүшпөйбү? Эгерде ал тууралуу ой жүгүртүшкөндө, ал аларды жакшылыкка багыттамак жана бардык жамандыктардан алыстатмак. Же алардын жүрөктөрүндө насаатты жеткирбеген, эскертмеден пайда бербеген бекем жабуучу кулпулар барбы?
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱرۡتَدُّواْ عَلَىٰٓ أَدۡبَٰرِهِم مِّنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ ٱلۡهُدَى ٱلشَّيۡطَٰنُ سَوَّلَ لَهُمۡ وَأَمۡلَىٰ لَهُمۡ
Аларга далил келип, пайгамбардын чынчылдыгы анык болгондон кийин ыймандан баш тартып, каапырлык менен эки жүздүүлүккө кайткандарга шайтан алардын каапырлыгы менен эки жүздүүлүгүн кооз кылып көргөзүп койду, аны аларга жеңил кылды жана аларды куру кыялдар менен үмүттөндүрүп койду.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُواْ لِلَّذِينَ كَرِهُواْ مَا نَزَّلَ ٱللَّهُ سَنُطِيعُكُمۡ فِي بَعۡضِ ٱلۡأَمۡرِۖ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِسۡرَارَهُمۡ
Бул адашуунун себеби, алар пайгамбарга түшкөн аян-кабарды жаман көргөн мушриктерге жашыруун сыр кылып: «Биз согушуудан баш тартуу сыяктуу кээ бир иштерде силер менен биргебиз» – дешти. Аллах алардын жаап-жашырган сырларын билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал ал сырлардан Өзү каалаганын пайгамбарына билдирет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَكَيۡفَ إِذَا تَوَفَّتۡهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَضۡرِبُونَ وُجُوهَهُمۡ وَأَدۡبَٰرَهُمۡ
Жан алууга милдеттүү болгон периштелер алардын жандарын алып, аларды жүздөрүнө жана аркаларына темир союл менен уруп жаткандагы алардын азабы жана оор абалы кандай болот деп ойлойсуң?
Ang mga Tafsir na Arabe:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱتَّبَعُواْ مَآ أَسۡخَطَ ٱللَّهَ وَكَرِهُواْ رِضۡوَٰنَهُۥ فَأَحۡبَطَ أَعۡمَٰلَهُمۡ
Бул азаптын себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирген каапырлык, эки жүздүүлүк, Аллахка жана Анын элчисине каршы чыгуу сыяктуу бардык нерселерди ээрчишти жана алар Аллахка ыйман келтирүү, Анын элчисин ээрчүү сыяктуу Раббисинин ыраазылыгына жеткирип, Ага жакындаткан нерселерди жаман көрүштү. Мына ошондуктан Аллах алардын иштерин жокко чыгарды.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ أَن لَّن يُخۡرِجَ ٱللَّهُ أَضۡغَٰنَهُمۡ
Жүрөктөрүндө шек-күмөнү бар эки жүздүүлөр, Аллах алардын жек көрүүлөрүн ачыкка чыгарбайт деп ойлоштубу? Ыйман келтирүүдө чынчылды жалганчыдан айырмалаш үчүн, ыймандууну ачыктап, эки жүздүүнүн жүзүн ачыш үчүн Ал аларды сыноолор аркылуу сөзсүз ачыкка чыгарат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• التكليف بالجهاد في سبيل الله يميّز المنافقين من صفّ المؤمنين.
Аллах жолунда согушуунун милдет болуусу ыймандуулардын катарынан эки жүздүүлөрдү айырмалап көргөзөт.

• أهمية تدبر كتاب الله، وخطر الإعراض عنه.
Аллахтын Китеби тууралуу ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгү жана андан жүз буруунун коркунучу.

• الإفساد في الأرض وقطع الأرحام من أسباب قلة التوفيق والبعد عن رحمة الله.
Жер бетинде бузукулукту жаюу жана туугандык мамилелерди үзүү – ийгиликтин аздыгынын жана Аллахтын ырайымынан алыс болуунун себептеринен.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Muhammad
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara