Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Baqarah   Ayah:
قُلۡ إِن كَانَتۡ لَكُمُ ٱلدَّارُ ٱلۡأٓخِرَةُ عِندَ ٱللَّهِ خَالِصَةٗ مِّن دُونِ ٱلنَّاسِ فَتَمَنَّوُاْ ٱلۡمَوۡتَ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Эй, жөөттөр! Эгерде акыретте адамдардан бейишке силер гана киресиңер деген сөзүңөр чын болсо, анда бул даражага тезирээк жетиш үчүн жана дүйнө жашоосунун түйшүктөрүнөн жана кайгыларынан эс алыш үчүн өлүмдү тилеп, аны сурагылачы».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَن يَتَمَنَّوۡهُ أَبَدَۢا بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ
Алар эч качан өлүмдү тилешпейт, анткени жашоосунда Аллахка каапырлык кылышты, Анын элчилерин жалганга чыгарышты жана Китептерин бурмалашты. Аллах алардан жана башкалардан болгон залымдарды Билүүчү. Жакында алардын ар бирине иш-аракеттерине жараша жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَتَجِدَنَّهُمۡ أَحۡرَصَ ٱلنَّاسِ عَلَىٰ حَيَوٰةٖ وَمِنَ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْۚ يَوَدُّ أَحَدُهُمۡ لَوۡ يُعَمَّرُ أَلۡفَ سَنَةٖ وَمَا هُوَ بِمُزَحۡزِحِهِۦ مِنَ ٱلۡعَذَابِ أَن يُعَمَّرَۗ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِمَا يَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Дүйнө жашоосу канчалык кор жана арзыбаган болсо да, сен адамдардын арасынан жөөттөрдүн жашоого айрыкча жанталашканын көрөсүң. Алар кайра тирилүүгө жана сурак берүүгө ишенген Китеп ээлери болушса да, кайра тирилүүгө жана сурак берүүгө ишенбеген мушриктерден өтүп жанталашышат. Эгер алардын бирөөсү миң жашка жетүүнү кааласа да, анын өмүрүнүнүн узактыгы аны Аллахтын азабынан алыстата албайт. Аллах алардын иш-аракеттерин Билүүчү, Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قُلۡ مَن كَانَ عَدُوّٗا لِّـجِبۡرِيلَ فَإِنَّهُۥ نَزَّلَهُۥ عَلَىٰ قَلۡبِكَ بِإِذۡنِ ٱللَّهِ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَهُدٗى وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ
Оо, пайгамбар! Жөөттөрдөн: «Периштелердин арасынан Жебрейил –биздин душман» дегендерге айт: «Ким эгер жакшылыкка чакырган жана Аллах ыймандууларга даярдаган жыргалчылыкты сүйүнчүлүгөн, ошондой эле Тоорат жана Инжил сыяктуу Аллахтын мурунку китептерин тастыктаган Куранды Аллахтын уруксаты менен сенин жүрөгүңө алып түшкөн, мына ушундай сыпаттарга жана кызматка ээ болгон Жебрейилге душмандык кылса, анда ал адашуучулардан».
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَن كَانَ عَدُوّٗا لِّلَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَجِبۡرِيلَ وَمِيكَىٰلَ فَإِنَّ ٱللَّهَ عَدُوّٞ لِّلۡكَٰفِرِينَ
Кимде-ким Аллахка, периштелерине, элчилерине жана эки жакын периштеси Жебрейил менен Микаилге душмандык кылса, анда Аллах силерден жана башкалардан болгон каапырларга душман. Ал эми Аллах кимге душман болсо, анда ал анык жоготууга учурайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَقَدۡ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖۖ وَمَا يَكۡفُرُ بِهَآ إِلَّا ٱلۡفَٰسِقُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага пайгамбарчылык жана вахий сыяктуу алып келген нерседе чынчылдыгыңды көрсөткөн ачык аят-белгилерди түшүрдүк. Бул нерселер ачык-айкын болуп турса дагы, ага Аллахтын дининен чыккандар гана каапырлык кылышат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَوَكُلَّمَا عَٰهَدُواْ عَهۡدٗا نَّبَذَهُۥ فَرِيقٞ مِّنۡهُمۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Жөөттөрдүн жаман адаттарынан, качан алар өздөрү убада беришсе, (анын ичинде Тооратта Мухаммаддын пайгамбарлыгын билдирген нерселерге ыйман келтирүү да бар), алардын бир тобу аны бузушат. Жадагалса ал жөөттөрдүн көпчүлүгү Аллах түшүргөн нерселерге чындап ыйман келтиришпейт. Анткени ыйман убаданы аткарууга түрткү берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَمَّا جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ مُصَدِّقٞ لِّمَا مَعَهُمۡ نَبَذَ فَرِيقٞ مِّنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ كِتَٰبَ ٱللَّهِ وَرَآءَ ظُهُورِهِمۡ كَأَنَّهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Качан Мухаммад аларга Тооратта келген сыпаттарга ылайык Аллах тараптан элчи болуп келгенде, алардын бир тобу андагы айтылгандардан жүз бурушту, ошондой эле ага маани бербестен, андагы келген акыйкаттан жана туура жолдон пайда албаган нааданга окшоп артына таштап коюшту, ага көңүл да бурушпады.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• المؤمن الحق يرجو ما عند الله من النعيم المقيم، ولهذا يفرح بلقاء الله ولا يخشى الموت.
Чыныгы ыймандуу адам Аллахтын алдындагы түбөлүк жыргалчылыкты үмүт кылат. Ошол себептен Аллахка жолукканга кубанат жана өлүмдөн коркпойт.

• حِرص اليهود على الحياة الدنيا حتى لو كانت حياة حقيرة مهينة غير كريمة.
Дүйнө жашоосунун барксыз, арзыбаган жана кордук абалда болгонуна карабастан, жөөттөр ага жанталашышат.

• أنّ من عادى أولياء الله المقربين منه فقد عادى الله تعالى.
Ким Аллахтын Өзүнө жакын туткан сүйүктүүлөрүнө душмандык кылса, ал Аллах таалага душмандык кылды.

• إعراض اليهود عن نبوة محمد صلى الله عليه وسلم بعدما عرفوا تصديقه لما في أيديهم من التوراة.
Жөөттөр Мухаммаддын пайгамбарлыгынын чындыгын колдорундагы китептерден билгенден кийин жүз буруп кетишти.

• أنَّ من لم ينتفع بعلمه صح أن يوصف بالجهل؛ لأنه شابه الجاهل في جهله.
Илиминен пайда албаган адамды наадан деп айтуу туура. Анткени ал сабатсыздыгы жактан нааданга окшош.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara