Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Isrā’   Ayah:
وَمَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلۡمُهۡتَدِۖ وَمَن يُضۡلِلۡ فَلَن تَجِدَ لَهُمۡ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِهِۦۖ وَنَحۡشُرُهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ عُمۡيٗا وَبُكۡمٗا وَصُمّٗاۖ مَّأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ كُلَّمَا خَبَتۡ زِدۡنَٰهُمۡ سَعِيرٗا
Оо, пайгамбар! Аллах кимге туура жолго түшүүгө ийгилик берсе, анда ал чыныгы туура жолдо болот. Ал эми кимди Аллах кор кылып туура жолдон адаштырса, аларды акыйкатка сала турган жардамчы таппайсың. Ал жардамчылары алардан зыянды кетирип жана аларга пайда бере албайт. Биз аларды кыямат күнү кайра тирилтебиз. Алар жүздөрү менен сүйрөлгөндө көрбөгөн, сүйлөбөгөн, укпаган абалда болушат. Алардын баш калкалап барар жери тозок. Анын жалыны азайганда Биз анын жалынын күчөтөбүз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ذَٰلِكَ جَزَآؤُهُم بِأَنَّهُمۡ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَقَالُوٓاْ أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا وَرُفَٰتًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ خَلۡقٗا جَدِيدًا
Биздин пайгамбарга түшкөн аяттарга каапырлык кылышып жана кайра тирилүүнү жокко чыгарышып: “Эгер биз өлгөндөн кийин чириген сөөк болуп жана үгөлөнгөн бөлүктөргө айлангандан кийин кантип кайрадан тирилмек элек?”- деп айткандарынын жазасы катары алар ушул азапка туш болушту.
Ang mga Tafsir na Arabe:
۞ أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ قَادِرٌ عَلَىٰٓ أَن يَخۡلُقَ مِثۡلَهُمۡ وَجَعَلَ لَهُمۡ أَجَلٗا لَّا رَيۡبَ فِيهِ فَأَبَى ٱلظَّٰلِمُونَ إِلَّا كُفُورٗا
Кайра тирилүүнү четке каккандар билишпейби. Асмандар менен жерди чоңдугуна карабастан жаратууга кудуреттүү болгон Аллах, ошол экөөсүнө окшогон нерселерди жаратканга кудуреттүү. Ал эми ким чоң нерсени жаратууга кудуреттүү болсо, анда ал андан кичине нерсени да жаратууга кудуреттүү. Чындыгында Аллах бул дүйнөдө аларга жашоолору бүткүчө белгиленген убакыт берди. Ошондой эле аларга ажал бердик, андан кийин аларды шексиз кайра тирилтебиз. Кайра тирилүүнүн далилдери ачык болсо да мушриктер аны четке кагышты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قُل لَّوۡ أَنتُمۡ تَمۡلِكُونَ خَزَآئِنَ رَحۡمَةِ رَبِّيٓ إِذٗا لَّأَمۡسَكۡتُمۡ خَشۡيَةَ ٱلۡإِنفَاقِۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ قَتُورٗا
Оо, пайгамбар! Мушриктерге мындай деп айт: “Эгер Раббимдин түгөнбөс ырайым казынасына ээлик кылсаңар, анда силер анын түгөнүп калуусунан коркуп, кедей болуп калабыз деп аны сарптамак эмессиңер”. Момундардан башка адамдар табиятында сараң болушат. Момундар Аллахтын соопторун үмүт кылып сарпташат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَىٰ تِسۡعَ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖۖ فَسۡـَٔلۡ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ إِذۡ جَآءَهُمۡ فَقَالَ لَهُۥ فِرۡعَوۡنُ إِنِّي لَأَظُنُّكَ يَٰمُوسَىٰ مَسۡحُورٗا
Чындыгында Биз Мусага күбө боло турган ачык тогуз далил бердик. Алар аса таяк, жаркыраган кол, ачарчылык жылдар, жемиштердин аз болушу, топон суу, чегиртке, бит, бака, кан. Эй, пайгамбар! Жөөттөрдөн тигил аяттарды Муса өткөн ата-бабаларына алып келгендигин сурачы. Фараон Мусага мындай деп айтты: “Эй, Муса! Мен сени сыйкырланган адам деп ойлоп жатам. Анткени сен таң калыштуу нерселерди алып келип жатасың”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَآ أَنزَلَ هَٰٓؤُلَآءِ إِلَّا رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ بَصَآئِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَٰفِرۡعَوۡنُ مَثۡبُورٗا
Муса аларга жооп кайтарып мындай деп айтты: “Эй, Фараон! Бул аят-белгилерди асмандар менен жердин Раббиси болгон Аллах гана түшүргөнүн жакшы билесиң. Бул аят-белгилерди Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана пайгамбардын чынчылдыгын тастыкташ үчүн түшүрдү. Бирок сен бул аят-белгилерди четке кактың. Эй, Фараон! Албетте сен өлүп зыянга учурашыңды билемин.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَأَرَادَ أَن يَسۡتَفِزَّهُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ فَأَغۡرَقۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ جَمِيعٗا
Фараон Муса пайгамбарды жана анын коомун жазалап Мисирден чыгарууну каалады. Ошондо Биз Фараонду жана аны менен бирге болгон жан-жөкөрлөрүн чөктүрүп өлтүрдүк.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقُلۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ لِبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱسۡكُنُواْ ٱلۡأَرۡضَ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ ٱلۡأٓخِرَةِ جِئۡنَا بِكُمۡ لَفِيفٗا
Биз Фараон жана анын жан-жөкөрлөрүн өлтүргөндөн кийин Исраил урпактарына мындай деп айттык: “Шам жеринде жашагыла. Кыямат күнү Биз силердин баарыңарды сурак майданына алып келебиз”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الله تعالى هو المنفرد بالهداية والإضلال، فمن يهده فهو المهتدي على الحقيقة، ومن يضلله ويخذله فلا هادي له.
Жалгыз Аллах гана туура жолго салат жана адаштырат. Ал кимди туура жолго салса, анда ал акыйкат жолдо. Ал эми кимди кор кылып адаштырса, анда аны туура жолго салуучуну таппайсың.

• مأوى الكفار ومستقرهم ومقامهم جهنم، كلما سكنت نارها زادها الله نارًا تلتهب.
Каапырлардын баш калкалап барар жери тозок болот. Ал эми тозоктун оту азайган сайын Аллах анын отун күчөтөт.

• وجوب الاعتصام بالله عند تهديد الطغاة والمُسْتَبدين.
Чектен ашкандар менен залымдарды коркутууда Аллахка гана таянуу милдет.

• الطغاة والمُسْتَبدون يلجؤون إلى استخدام السلطة والقوة عندما يواجهون أهل الحق؛ لأنهم لا يستطيعون مواجهتهم بالحجة والبيان.
Чектен ашкандар менен залымдар акыйкат ээлерине каршылык көрсөтүшкөндө өздөрүнүн күч-кубатын жана бийлигин колдонушуп жана ошого таянышат. Анткени алар ачык далилдер менен каршылык көрсөтүүгө кудуреттери жетпейт.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Isrā’
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara