Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Hijr   Ayah:

Хижр

Ilan sa mga Layon ng Surah:
توعد المستهزئين بالقرآن، والوعد بحفظه تأييدًا للنبي وتثبيتًا له.
Куранды шылдыңдагандарды азаптоого убада берүү жана пайгамбарды колдоп, Куранды сактоого убада берүү.

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ وَقُرۡءَانٖ مُّبِينٖ
Алим, лаам, ро. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башталышында айтылган. Аллахтын алдынан түшкөндүгүн билдирген бийик даражалуу бул аяттар – жалгыз Аллахка сыйынууну жана шарияттарды ачыктап түшүндүргөн Куран аяттары.
Ang mga Tafsir na Arabe:
رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ كَانُواْ مُسۡلِمِينَ
Кыямат күнү каапырларга баары ачык болгондо жана бул дүйнөдөгү алардын каапырлыгы жокко чыкканы билингенде алар мусулман болууну эңсешет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ذَرۡهُمۡ يَأۡكُلُواْ وَيَتَمَتَّعُواْ وَيُلۡهِهِمُ ٱلۡأَمَلُۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларды тим кой! Алар малдарга окшоп жеп-ичип, бул убактылуу дүйнөнүн ырахаттарын пайдаланып жана дүйнөгө берилүү аларды ыйман менен жакшылык иштерди кылуудан алаксыта берсин. Алар кыямат күнү Аллахтын алдына келишкенде кандай жоготууга учурагандарын билишет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٞ مَّعۡلُومٞ
Зулумдук кылган шаарлардын кайсынысына кыйроону түшүрбөйлүк, Аллахтын илиминде анын белгиленген мөөнөтү болгон, ал алдыга да артка да жылдырылган эмес.
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَّا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ
Кайсы гана коом болбосун, анын кыйроо мөөнөтү келмейинче кыйроого учурабайт, кыйроо мөөнөтү келген болсо, анда ал кечиктирилбейт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِي نُزِّلَ عَلَيۡهِ ٱلذِّكۡرُ إِنَّكَ لَمَجۡنُونٞ
Меккелик каапырлар пайгамбарга айтышты: «Эй, эскертме түшкөн адам! Чындыгында сен бул айткан сөзүң менен анык жиндисиң. Сен өзүндү жиндилердей алып жүрөсүң».
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَّوۡمَا تَأۡتِينَا بِٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Сен чын эле жиберилген пайгамбар жана бизге азап келээринде чынчыл болсоң, сага күбөлүккө өткөн периштелерди алып келбейсиңби?
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَا نُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَمَا كَانُوٓاْ إِذٗا مُّنظَرِينَ
Алардын периштелерди алып кел деген сөздөрүнө Аллах жооп кылды: «Силерди азап менен жок кылууга убакыт келгенде Биз даанышмандык талап кылган абалда гана периштелерди түшүрөбүз. Биз периштелерди жибергенде алар ыйман келтиришпесе, аларга мөөнөт берилбейт. Тескерисинче, жазаны эрте алышат».
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا ٱلذِّكۡرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ
Чындыгында бул Куранды Биз Мухаммаддын жүрөгүнө адамдарга эскертүү болуш үчүн түшүрдүк жана Куранды бурмалануудан, өзгөртүүдөн, ашырып же кемитүүдөн Өзүбүз сактайбыз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ فِي شِيَعِ ٱلۡأَوَّلِينَ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун каапырлык кылган абалкы жамааттарга пайгамбарларды жибергенибизде аларды жалганга чыгарышты. Коомуңдун сени жалганга чыгаруусу пайгамбарлардын арасынан сага биринчи жолу болуп жаткан жок.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Абалкы каапыр жамааттарга пайгамбар келсе, алар аны жалганга чыгарышты жана аны мазактап күлүштү.
Ang mga Tafsir na Arabe:
كَذَٰلِكَ نَسۡلُكُهُۥ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Биз ошол коомдордун жүрөктөрүнө жалганга чыгарууну салып койгон сыяктуу Мекке мушриктеринин жүрөктөрүнө да жүз бурууну жана көк беттикти салып коёбуз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَا يُؤۡمِنُونَ بِهِۦ وَقَدۡ خَلَتۡ سُنَّةُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Алар Мухаммадга түшүрүлгөн бул Куранга ыйман келтиришпейт. Буга чейин пайгамбарлар алып келгенди жалганга чыгарышкан адамдардын жок кылынганы тууралуу Аллахтын өкүмү болуп өттү. Эми сени жалганга чыгаргандар сабак алышсын.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَوۡ فَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَابٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّواْ فِيهِ يَعۡرُجُونَ
Ошол жалганга чыгаргандар менен көк беттик кылгандарга ачык-айкын далилдердин негизинде акыйкат көрүнүп турса дагы жана аларга асмандан эшик ачылып, көтөрүлүп баратышса дагы
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَقَالُوٓاْ إِنَّمَا سُكِّرَتۡ أَبۡصَٰرُنَا بَلۡ نَحۡنُ قَوۡمٞ مَّسۡحُورُونَ
Алар эч ишенишпейт жана сөзсүз айтышат: «Чындыгында көздөрүбүз башкаларды көрүүдөн тосулуп калды. Биз көрүп турган нерсе сыйкырдын гана таасири. Биз сыйкырланып калдык».
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• القرآن الكريم جامع بين صفة الكمال في كل شيء، والوضوح والبيان.
Ыйык Куран бүт тараптан кемчиликсиз сыпатты жана ачыктап баяндоо сыпатын өзүнө камтыган.

• يهتم الكفار عادة بالماديات، فتراهم مُنْغَمِسين في الشهوات والأهواء، مغترين بالأماني الزائفة، منشغلين بالدنيا عن الآخرة.
Каапырлар адатта материалдык жактарга көңүл бурушат. Ошол себептен алар шакыбат каалоолорго батышып, куру кыялдарга азгырылып, акыретти таштап бул дүйнө менен алек болуп кеткендиктерин көрөсүң.

• هلاك الأمم مُقَدَّر بتاريخ معين، ومقرر في أجل محدد، لا تأخير فيه ولا تقديم، وإن الله لا يَعْجَلُ لعجلة أحد.
Коомдордун кыйрап жок болушу атайын бир мөөнөткө жана белгилүү бир убакытка чектелген. Ал алдыга да артка да жылбайт. Чындыгында Аллах бирөөнүн шаштырганы үчүн шашылбайт.

• تكفل الله تعالى بحفظ القرآن الكريم من التغيير والتبديل، والزيادة والنقص، إلى يوم القيامة.
Аллах таала Куранды бурмалануудан, өзгөртүүдөн, ашырып же кемитүүдөн кыямат күнүнө чейин Өзү сактайм деп кепилдик берди.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Hijr
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara