Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Ibrāhīm   Ayah:
قَالَتۡ لَهُمۡ رُسُلُهُمۡ إِن نَّحۡنُ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَمُنُّ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَمَا كَانَ لَنَآ أَن نَّأۡتِيَكُم بِسُلۡطَٰنٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Пайгамбарлары аларга жооп кылып мындай деп айтышты: “Биз силер сыяктуу эле адамбыз. Биз силерге окшош экенибизди четке какпайбыз. Бирок, биздин силерге болгон окшоштугубуз бардык нерседе окшошбуз дегенге жатпайт. Аллах өзгөчө жакшылыктарын Өзү каалаган пенделерине берип, адамдардын арасынан пайгамбарларды тандап алат. Силер талап кылган далилди Аллах кааласа гана алып келе алабыз. Ал далилди алып келүү биздин күч-кудуретибизге байланыштуу эмес. Ал далилди алып келүүгө жалгыз Аллахтын гана күч-кудурети жетет. Ошондуктан ыймандуу мусулмандар бардык ишинде жалгыз Аллахка гана тобокел кылышат”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَا لَنَآ أَلَّا نَتَوَكَّلَ عَلَى ٱللَّهِ وَقَدۡ هَدَىٰنَا سُبُلَنَاۚ وَلَنَصۡبِرَنَّ عَلَىٰ مَآ ءَاذَيۡتُمُونَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Аллахка тобокел кылуудан бизди кандай каршылык, кандай себеп тыйып турат? Чынында, Аллах бизди эң туура акыйкат жолуна салды. Силер бизди жалганга чыгарып, шылдыңдап азап бергениңерге биз сабыр кылабыз. Жалгыз Аллахка тобокел кылуучулар бардык ишинде Ага гана тобокел кылат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِرُسُلِهِمۡ لَنُخۡرِجَنَّكُم مِّنۡ أَرۡضِنَآ أَوۡ لَتَعُودُنَّ فِي مِلَّتِنَاۖ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ رَبُّهُمۡ لَنُهۡلِكَنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ
Өз коомдорунан чыккан элчилерге каапыр болгондор аларга каршы далил айтуудан алсыз болгон кезде: «Албетте биз силерди айылыбыздан чыгарабыз же болбосо силерди сөзсүз диниңерден өзүбүздүн динибизге кайтарабыз» – деп айтышты. Ошондо Аллах аларды бекемдеп пайгамбарларга: «Албетте Биз Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгон заалымдарды кыйратып жок кылабыз» – деп вахий түшүрдү.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَنُسۡكِنَنَّكُمُ ٱلۡأَرۡضَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۚ ذَٰلِكَ لِمَنۡ خَافَ مَقَامِي وَخَافَ وَعِيدِ
Оо, элчилер! Биз аларды кыйратып жок кылгандан кийин албетте силерди жана силерди ээрчигендерди бул жерге жашатабыз. Бул жалганчы каапырларды кыйратуу, ыймандууларды жана элчилерди бул жерге жашатуу аларды кыйратып жок кылгандан кийин болот. Ал жердеги жашоо Менин улуулугумду, көзөмөлүмдү сезе билген жана эскерткен азабымдан корккон адамдар үчүн гана болот.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱسۡتَفۡتَحُواْ وَخَابَ كُلُّ جَبَّارٍ عَنِيدٖ
Элчилер Раббисинен душмандарын жеңүүгө жардам сурашты. Акыйкатка каршы чыккан бардык тоң моюн текеберлер зыянга учурашты. Акыйкат анык болсо да аны ээрчишпеди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
مِّن وَرَآئِهِۦ جَهَنَّمُ وَيُسۡقَىٰ مِن مَّآءٖ صَدِيدٖ
Кыямат күнү бул текебердин алдында тозок күтүп турат. Анткени ал тозок анын бараар жайы. Анда ага тозок ээлеринен аккан ириңден ичирилет. Мындан анын чаңкоосу да таркабайт. Ал дайыма чаңкоолук менен жана андан башка түрдүү азаптар менен азапталат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَتَجَرَّعُهُۥ وَلَا يَكَادُ يُسِيغُهُۥ وَيَأۡتِيهِ ٱلۡمَوۡتُ مِن كُلِّ مَكَانٖ وَمَا هُوَ بِمَيِّتٖۖ وَمِن وَرَآئِهِۦ عَذَابٌ غَلِيظٞ
Ал ириң аябай ачуу, ысык, сасык жыты болгондугу үчүн кыйналып кайра кайра ичүүгө аракет кылат. Аны жутууга күчү да жетпейт. Ага ар тараптан өлүмгө тете болгон катуу азаптан өлүм келет. Ал эс алуу үчүн өлүп да калбайт. Тескерисинче, ал азапты чегип тирүү бойдон кала берет. Жана анын алдында андан да башка катуу азап күтүп турат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَّثَلُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡۖ أَعۡمَٰلُهُمۡ كَرَمَادٍ ٱشۡتَدَّتۡ بِهِ ٱلرِّيحُ فِي يَوۡمٍ عَاصِفٖۖ لَّا يَقۡدِرُونَ مِمَّا كَسَبُواْ عَلَىٰ شَيۡءٖۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلضَّلَٰلُ ٱلۡبَعِيدُ
Каапырлар берген садака, башкаларга жакшылык кылуусу, алсыздарга ырайымдуулук кылуусу сыяктуу жакшылык иш-аракеттеринин мисалы бороондуу күндө шамал учуруп кеткен күлгө окшош. Анткени аны шамал көтөрүп ар тарапка изин калтырбай чачып салат. Кудум ушундай эле каапырлардын каапырчылыгы да жакшылык иш-аракеттерин учуруп жок кылат. Кыямат күнү жакшылык иш-аракеттери аларга пайда бербейт. Иш-аракеттер ыйманга негизделбеген болсо, анда ал акыйкат жолунан алыс болгон адашуу болот.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أن الأنبياء والرسل بشرٌ من بني آدم، غير أن الله تعالى فضلهم بحمل الرسالة واصطفاهم لها من بين بني آدم.
Пайгамбарлар жана элчилер да Адам атанын урпактары. Аллах таала аларды башкалардан өзгөчөлөп пайгамбар кылып көтөрдү. Жана аларды Адам атанын урпактарынан пайгамбарлыкка тандап алды.

• على الداعية الذي يريد التغيير أن يتوقع أن هناك صعوبات جَمَّة سوف تقابله، ومنها الطرد والنفي والإيذاء القولي والفعلي.
Жамандыктарды жакшылыкка өзгөртүүнү каалап даават кылган адамга тоскоол боло турган көптөгөн кыйынчылыктар болот. Ал кыйынчылыктар даават кылган адамды элден чыгарып салуу, көп нерседен тосуп коюу жана кол менен жана тил менен да ага ыза берүү.

• أن الدعاة والصالحين موعودون بالنصر والاستخلاف في الأرض.
Албетте даават кылган адамдарга жана салих адамдарга жеңиш жана жер бетинде орун басар болуп калууга убада берилген.

• بيان إبطال أعمال الكافرين الصالحة، وعدم اعتبارها بسبب كفرهم.
Каапырларга жакшы иш-аракеттери да пайда бербейт. Анткени алардын кылган иш-аракеттери каапырчылык себебинен эске алынбайт.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Ibrāhīm
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara