Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Yūsuf   Ayah:
وَٱتَّبَعۡتُ مِلَّةَ ءَابَآءِيٓ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَۚ مَا كَانَ لَنَآ أَن نُّشۡرِكَ بِٱللَّهِ مِن شَيۡءٖۚ ذَٰلِكَ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ عَلَيۡنَا وَعَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشۡكُرُونَ
Мен ата-бабаларым – Ибрахим, Исхак жана Якубдун динин ээрчидим. Ал – жалгыз Аллахка сыйынуу дини. Биз үчүн Аллахка башкаларды шерик кылуу ылайык эмес жана жалгыз сыйынуучулук Ага гана таандык. Мен жана ата-бабаларым тутунган ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук менен ыйман – бизге ийгилик берген Аллахтын жакшылыктарынан жана жалпы адамдарга кылган жакшылыктарынан. Анткени Ал аларга пайгамбарларды жиберди. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылышпайт, тескерисинче, аларды танышат».
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰصَٰحِبَيِ ٱلسِّجۡنِ ءَأَرۡبَابٞ مُّتَفَرِّقُونَ خَيۡرٌ أَمِ ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ
Андан соң Юсуф зындандагы эки жигитке кайрылып айтты: «Көп кудайларга сыйынуу жакшыбы, же эч бир шериги жок Жалгыз жана жеңилбес Каардуу Аллахка сыйынган жакшыбы?».
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ أَسۡمَآءٗ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер өзүңөр жана ата-бабаларыңар кудайлар деп атап алышкан атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок. Силер аларга ысымдарды ыйгарып алганыңарды туура дегенге Аллах эч кандай далил түшүргөн эмес. Бүткүл жаратылгандардын өкүмү – силер жана ата-бабаларыңар атап алган ысымдарга эмес, жалгыз Аллахка гана таандык. Аллах силерди жалгыз Ага гана сыйынууңарды буйруду жана Ага башкаларды шерик кылууңарды тыйды. Мына ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук – эч кандай бурмалануусу жок туура дин. Бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт. Ошол себептен алар Аллахка шерик кошушуп, кээ бир жаратылгандарга сыйынышат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰصَٰحِبَيِ ٱلسِّجۡنِ أَمَّآ أَحَدُكُمَا فَيَسۡقِي رَبَّهُۥ خَمۡرٗاۖ وَأَمَّا ٱلۡأٓخَرُ فَيُصۡلَبُ فَتَأۡكُلُ ٱلطَّيۡرُ مِن رَّأۡسِهِۦۚ قُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ ٱلَّذِي فِيهِ تَسۡتَفۡتِيَانِ
Оо, менин зындандагы шериктерим! Түшүндө шарап жасаш үчүн жүзүм сыгып жатканын көргөн адам мурунку ишине кайтып, кожоюнуна шарап куюп берет. Ал эми түшүндө башына нан көтөрүп, андан чымчыктар чокуп жатканын көргөн адам болсо буту-кулунан дарга кагылып өлтүрүлөт, анан чымчыктар анын башынын этинен чокуп жешет. Силер өкүмүн сураган иштин толук чечмелениши ушундай. Ал сөзсүз ишке ашат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالَ لِلَّذِي ظَنَّ أَنَّهُۥ نَاجٖ مِّنۡهُمَا ٱذۡكُرۡنِي عِندَ رَبِّكَ فَأَنسَىٰهُ ٱلشَّيۡطَٰنُ ذِكۡرَ رَبِّهِۦ فَلَبِثَ فِي ٱلسِّجۡنِ بِضۡعَ سِنِينَ
Юсуф экөөсүнөн аман чыгат деп ойлогонуна, тагыраак айтканда кожоюнуна шарап куюп бере турганына айтты: «Кожоюнуңа менин окуямды жана абалымды айтканды унутпа! Балким ал мени зындандан чыгарар». Кийин шайтан шарап коюучуга Юсуф тууралуу кожоюна айтканды унуттуруп койду. Ошондон кийин да Юсуф зынданда бир топ жыл жатты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالَ ٱلۡمَلِكُ إِنِّيٓ أَرَىٰ سَبۡعَ بَقَرَٰتٖ سِمَانٖ يَأۡكُلُهُنَّ سَبۡعٌ عِجَافٞ وَسَبۡعَ سُنۢبُلَٰتٍ خُضۡرٖ وَأُخَرَ يَابِسَٰتٖۖ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَأُ أَفۡتُونِي فِي رُءۡيَٰيَ إِن كُنتُمۡ لِلرُّءۡيَا تَعۡبُرُونَ
Падыша айтты: «Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп жатыптыр. Ошондой эле жети даана жашыл машак жана жети даана куураган машак көрдүм. Эй, башчылар жана кадырмандар! Кимиңер бул түштүн жандырмагын билсеңер, анда мага түшүмдү жоруп бергиле».
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• وجوب اتباع ملة إبراهيم، والبراءة من الشرك وأهله.
Ибрахим пайгамбардын динин ээрчүнүн жана ширк менен мушриктерден баш тартуунун милдеттиги.

• في قوله:﴿ءَأَرْبَابٌ مُّتَفَرِّقُونَ ...﴾ دليل على أن هؤلاء المصريين كانوا أصحاب ديانة سماوية لكنهم أهل إشراك.
Аллахтын «бытыранды кудайларбы?...» деген сөзүндө айтылган адамдар – көктөн түшкөн диндерди тутунгандар экенине далил болот. Бирок алар ширк кылган адамдар.

• كلُّ الآلهة التي تُعبد من دون الله ما هي إلا أسماء على غير مسميات، ليس لها في الألوهية نصيب.
Аллахтан башка сыйынылган кудайлар – алар атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок.

• استغلال المناسبات للدعوة إلى الله، كما استغلها يوسف عليه السلام في السجن.
Аллахка даават кылууда мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калуу. Юсуф пайгамбар да зынданда ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаланды.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Yūsuf
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara