Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd   Ayah:
قَالَتۡ يَٰوَيۡلَتَىٰٓ ءَأَلِدُ وَأَنَا۠ عَجُوزٞ وَهَٰذَا بَعۡلِي شَيۡخًاۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيۡءٌ عَجِيبٞ
Периште Сарага бул кабарды сүйүнчүлөгөн кезде ал таңыркап: «Мен картайып баладан үмүтсүз болсом, күйөөм да карылык жашына жеткен болсо, кантип төрөймүн? Ушул куракта боюна бала болуусу адатта таң калаарлык нерсе эсмепи» – деп айтты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُوٓاْ أَتَعۡجَبِينَ مِنۡ أَمۡرِ ٱللَّهِۖ رَحۡمَتُ ٱللَّهِ وَبَرَكَٰتُهُۥ عَلَيۡكُمۡ أَهۡلَ ٱلۡبَيۡتِۚ إِنَّهُۥ حَمِيدٞ مَّجِيدٞ
Сара бул сүйүнчү кабарга таңыркаганда периштелер айтышты: «Сен Аллах тагдыр кылган нерсеге жана Анын буйругуна таң каласыңбы?». Албетте сендей адамдар үчүн Аллах таала бардык нерсеге кудуреттүү экендиги жашыруун эмес. Эй, Ибрахимдин үй бүлөсү! Силерге Аллахтын ырайымы жана берекеси болсун. Чындыгында Аллах сыпаттарында жана иштеринде мактоого ээ болгон зат жана Даңазалуу, Улуулук ээси.
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَلَمَّا ذَهَبَ عَنۡ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلرَّوۡعُ وَجَآءَتۡهُ ٱلۡبُشۡرَىٰ يُجَٰدِلُنَا فِي قَوۡمِ لُوطٍ
Ибрахим пайгамбар тамагын жебеген конокторунан кабатырланды. Ал аларды периште экендигин билип анын коркунучу кеткенден кийин ага: «Албетте Ибрахимден Исхак, андан кийин Исхактан Якуб төрөлөт» – деген шашылыш кабар келди. Биздин элчибиз Лут коомунун абалы тууралуу, тактап айтканда периштелер аларга түшүүчү азапты кечиктиришеби же болбосо алар Лут жана анын үй-бүлөсүн куткарышабы деген үмүт менен талашып-тартыша баштады.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ لَحَلِيمٌ أَوَّٰهٞ مُّنِيبٞ
Чындыгында Ибрахим түшө турган азаптын кечигүүсүн жакшы көргөн сабырдуу, өз Раббисине көп-көп ибадат, көп-көп дуба, тообо кылуучу.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ أَعۡرِضۡ عَنۡ هَٰذَآۖ إِنَّهُۥ قَدۡ جَآءَ أَمۡرُ رَبِّكَۖ وَإِنَّهُمۡ ءَاتِيهِمۡ عَذَابٌ غَيۡرُ مَرۡدُودٖ
Периштелер айтышты: «Оо, Ибрахим! Лут коому тууралуу болгон талаш-тартышты таштагын. Анткени аларга тагдыр кылган азаптын түшүүсүнө Раббиңдин буйругу келди. Чындыгында Лут коомуна чоң азап келет. Аны талаш-тартыш да, дуба да кайтара албайт».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَمَّا جَآءَتۡ رُسُلُنَا لُوطٗا سِيٓءَ بِهِمۡ وَضَاقَ بِهِمۡ ذَرۡعٗا وَقَالَ هَٰذَا يَوۡمٌ عَصِيبٞ
Периштелер Лутка адам сүрөтүндө келишкенде, Лут алардын келүүсүн жаман көрдү. Аялдарды каалашпай эркектер менен кумарларын кандырышкан коомунан Лут корккону себептүү жүрөгү кысылды. Ошондо ал коому үстөмдүк кылып конокторун үстүнө кирип келишет деп кумөн кылып: «Бул оор күн» – деп айтты.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَجَآءَهُۥ قَوۡمُهُۥ يُهۡرَعُونَ إِلَيۡهِ وَمِن قَبۡلُ كَانُواْ يَعۡمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ هَٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِي هُنَّ أَطۡهَرُ لَكُمۡۖ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُخۡزُونِ فِي ضَيۡفِيٓۖ أَلَيۡسَ مِنكُمۡ رَجُلٞ رَّشِيدٞ
Лут пайгамбарга анын коому үйүнө келген коноктору менен бузуку ишти кылуу максатында шашкалактап келишти. Алардын эркектери буга чейин эле аялдарын карабастан эркектер менен кумарланууну адат кылып алышкан эле. Лут өз коомун коргоп, конокторунун алдында үзүр сурап, коомуна мындай деп айтты: «Тиги менин кыздарым силердин коомуңардагы аялдардан, мына ошолорго үйлөнгүлө. Анткени алар силер үчүн бузукулук ишиңерден таза. Аллахтан коркула. Мени конокторумдун алдында уятка калтырбагыла. Оо, коомум! Силердин араңарда бул бузуку иштен тоскон акылдуу кайтаруучу эркек жокпу?
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَا لَنَا فِي بَنَاتِكَ مِنۡ حَقّٖ وَإِنَّكَ لَتَعۡلَمُ مَا نُرِيدُ
Ага коому мындай деп айтты: «Оо, Лут! Чындыгында биз сенин кыздарыңа жана коомуңдун аялдарына да, алар менен кумарланууга да муктаж эместигибизди билгенсиң. Албетте сен биз эмнени каалап жаткан нерсени да билгенсиң. Биз эркектерди гана каалап турабыз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ لَوۡ أَنَّ لِي بِكُمۡ قُوَّةً أَوۡ ءَاوِيٓ إِلَىٰ رُكۡنٖ شَدِيدٖ
Лут айтты: «Аттиң ай! Силерди токтотууга күчүм жеткенде же мени коргогон коомум болгондо, анда мен силерди конокторумдан тосмокмун».
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ يَٰلُوطُ إِنَّا رُسُلُ رَبِّكَ لَن يَصِلُوٓاْ إِلَيۡكَۖ فَأَسۡرِ بِأَهۡلِكَ بِقِطۡعٖ مِّنَ ٱلَّيۡلِ وَلَا يَلۡتَفِتۡ مِنكُمۡ أَحَدٌ إِلَّا ٱمۡرَأَتَكَۖ إِنَّهُۥ مُصِيبُهَا مَآ أَصَابَهُمۡۚ إِنَّ مَوۡعِدَهُمُ ٱلصُّبۡحُۚ أَلَيۡسَ ٱلصُّبۡحُ بِقَرِيبٖ
Лут пайгамбарга периштелер айтышты: «Оо, Лут! Чындыгында биз Аллах жиберген элчибиз. Коомуң эч качан сага жамандык жеткире албайт. Сен бул айылдан үй-бүлөң менен караңгы түн болгондо чыгып кеткин. Силердин эч кимиңер артын бурулуп карабасын. Бирок сенин аялың артка бурулуп калып калат. Анткени коомуңа жеткен азап ага да жетет. Алардын кыйроо убактысы таңга жуук болот. Ал өтө жакынкы убакыт».
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• بيان فضل ومنزلة خليل الله إبراهيم عليه السلام، وأهل بيته.
• Аллахка эң жакын болгон Ибрахим пайгамбардын жана үй-бүлөсүнүн артыкчылыгы баяндалды.

• مشروعية الجدال عمن يُرجى له الإيمان قبل الرفع إلى الحاكم.
• Ыйман келтирүүсү күтүлгөн адамдын ишин сотко берерден алдын аны менен талашып-тартышууга уруксат.

• بيان فظاعة وقبح عمل قوم لوط.
• Лут коомунун бузукулук жана коркунучтуу иштерин баяндоо.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Hūd
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara