Check out the new design

அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு * - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை


மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (11) அத்தியாயம்: அல்இஸ்ரா
وَيَدۡعُ ٱلۡإِنسَٰنُ بِٱلشَّرِّ دُعَآءَهُۥ بِٱلۡخَيۡرِۖ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ عَجُولٗا
Адам өзүнө жакшылык тилеп дуба кылган сыяктуу ачууланганда да билбестиктен өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө жамандык тилеп дуба кылат. Эгерде Биз анын кылган жаман тилегин кабыл кылганда, ал бала-чакасы жана мал-мүлкү менен кошо кыйрап жок болмок. Адам баласы табиятынан шашкалак. Ошондуктан ал өзүнө зыян берген нерсеге шашат.
அரபு விரிவுரைகள்:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• من اهتدى بهدي القرآن كان أكمل الناس وأقومهم وأهداهم في جميع أموره.
Кимде-ким Курандын жолун ээрчисе, анда ал бардык иштеринде адамдардын эң толугу, адилеттүүсү жана туура жолдогусу болот.

• التحذير من الدعوة على النفس والأولاد بالشر.
Адамды өзүнө жана бала-чакасына жамандык тилеп дуба кылуудан эскертүү.

• اختلاف الليل والنهار بالزيادة والنقص وتعاقبهما، وضوء النهار وظلمة الليل، كل ذلك دليل على وحدانية الله ووجوده وكمال علمه وقدرته.
Түн менен күндүздүн бири-биринен азайып көбөйүп, экөөсү биринин артынан бири келип жана күндүздүн жарыгы жана түндүн караңгылыгы менен айырмаланып туруусу. Мунун баары Аллахтын жалгыздыгына, барлыгына, илиминин жана кудуретинин толуктугуна далил болот.

• تقرر الآيات مبدأ المسؤولية الشخصية، عدلًا من الله ورحمة بعباده.
Аяттардын бекемделип келүүсү – адамдык жоопкерчиликтин башаты. Бул Аллахтын пенделерине болгон адилеттүүлүгү жана ырайымы.

 
மொழிபெயர்ப்பு வசனம்: (11) அத்தியாயம்: அல்இஸ்ரா
அத்தியாயங்களின் அட்டவணை பக்க எண்
 
அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு - மொழிபெயர்ப்பு அட்டவணை

வெளியீடு அல்குர்ஆன் ஆய்வுகளுக்கான தப்ஸீர் மையம்

மூடுக