Check out the new design

വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) * - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക


പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ശ്ശുഅറാഅ്   ആയത്ത്:
قَالَ وَمَا عِلۡمِي بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Нух аларга айтты: «Мен ал ыймандуулар эмне иш менен алектенгени тууралуу кабарым жок. Мен алардын кылган иштерин санап тургандай көзөмөлдөөчү болгон эмес элем.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنۡ حِسَابُهُمۡ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّيۖ لَوۡ تَشۡعُرُونَ
Алардын эсеп-кысабын алуу Аллахтын мойнунда. Алардын ички жана сырткы дүйнөсүн мен эмес, Аллах Өзү билет, эгер айткан сөзүңөрдү өзүңөр түшүнгөн болсоңор.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَمَآ أَنَا۠ بِطَارِدِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Мен силерди ыйман келтирсин деген ойдо талабыңарды кабыл алып ыймандууларды отурган жайымдан кууп жибербейм.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنۡ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ مُّبِينٞ
Мен болгону ачык эскерткен эскертүүчүмүн. Силерге Аллахтын азабын эскертем».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمَرۡجُومِينَ
Эли ага айтты: «Эгерде бизди үгүттөп жаткан нерсеңди токтотпосоң, анда сен сөзсүз сөгүшкө калып, ташбараңга алынып өлөсүң».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوۡمِي كَذَّبُونِ
Нух Раббисине дуба кылып айтты: «Оо, Раббим! Элим мени жалганга чыгарды жана Сен тараптан алып келген нерседе мага ишенишпеди.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَٱفۡتَحۡ بَيۡنِي وَبَيۡنَهُمۡ فَتۡحٗا وَنَجِّنِي وَمَن مَّعِيَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Алар жалгандан баш тартышпаганы үчүн биздин ортобузда аларды жок кыла тургандай өкүм чыгар. Ошондой эле мени жана мени менен бирге болгон ыймандууларды элимдеги каапырларды жок кылган нерседен куткар».
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَأَنجَيۡنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ
Анан Биз анын дубасына жооп бердик жана адамдар менен айбанаттарга толгон кемеде аны менен бирге ыймандууларды куткардык.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا بَعۡدُ ٱلۡبَاقِينَ
Андан соң алардын артында калган Нухтун коомун чөктүрдүк.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Чындыгында бул айтылган Нухтун коому менен болгон окуяда, Нух жана аны менен бирге болгон ыймандуулардын куткарылышында жана коомундагы каапырлардын кыйроосунда адамдар үчүн үлгү-насааттар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
كَذَّبَتۡ عَادٌ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Аад коому да алардын пайгамбары Худду жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды жалганга чыгарышты.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Эстегин, бир кезде аларга тектеш тууганы Худ минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Андан башка сыйынган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!".
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Аллах мага буйруганды ашырбастан жана кемитпестен жеткирген аманаткөймүн.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
أَتَبۡنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ ءَايَةٗ تَعۡبَثُونَ
Силер эмне, дүйнөңөргө жана акыретиңерге пайда алып келбеген имараттарды оюн, белги катары бийик дөбөлүү жерлерге кура бересиңерби?!
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمۡ تَخۡلُدُونَ
Ошондой эле бул дүйнөдө түбөлүк калчудай, андан кетпечүдөй болуп сепилдерди жана сарайларды салып жатасыңар?!
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَإِذَا بَطَشۡتُم بَطَشۡتُمۡ جَبَّارِينَ
Эгер силер өлтүрүү же уруп-сабоо менен кол салсаңар, анда эч ырайым кылбастан канкордук менен кол саласыңар.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِيٓ أَمَدَّكُم بِمَا تَعۡلَمُونَ
Силердин өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтын каарынан корккула!
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
أَمَدَّكُم بِأَنۡعَٰمٖ وَبَنِينَ
Ал силерге үй жаныбарларын жана бала-чакаларды берди.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
وَجَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ
Ал силерге бакчаларды жана аккан булактарды берди.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн улуу кыямат күнүндөгү азаптан коркомун.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
قَالُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡنَآ أَوَعَظۡتَ أَمۡ لَمۡ تَكُن مِّنَ ٱلۡوَٰعِظِينَ
Эли ага айтты: «Сенин бизге эскерткениң менен эскертпегениң бирдей. Биз сага ыйман келтирбейбиз жана эч качан тутунган жолубуздан кайтпайбыз.
അറബി തഫ്സീറുകൾ:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• أفضلية أهل السبق للإيمان حتى لو كانوا فقراء أو ضعفاء.
Алсыздардан же жардылардан болсо да биринчилерден болуп ыйманга келгендердин артыкчылыгы.

• إهلاك الظالمين، وإنجاء المؤمنين سُنَّة إلهية.
Залымдардын кыйроосу жана ыймандуулардын аман калуусу – Аллахтын койгон эрежелеринен.

• خطر الركونِ إلى الدنيا.
Дүйнөгө берилип ага таянуунун коркунучу.

• تعنت أهل الباطل، وإصرارهم عليه.
Жалган ээлеринин көктүгү жана андан кайтпай көшөрүүсү.

 
പരിഭാഷ അദ്ധ്യായം: ശ്ശുഅറാഅ്
സൂറത്തുകളുടെ സൂചിക പേജ് നമ്പർ
 
വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - ഖുർആൻ സംക്ഷിപ്ത വിശദീകരണം - പരിഭാഷ (കിർഗിസ്) - വിവർത്തനങ്ങളുടെ സൂചിക

മർക്കസ് തഫ്സീർ പ്രസിദ്ധീകരിച്ചത്.

അവസാനിപ്പിക്കുക