Check out the new design

ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ * - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ


ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಝ್ಝುಮರ್   ಶ್ಲೋಕ:
وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَصَعِقَ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا مَن شَآءَ ٱللَّهُۖ ثُمَّ نُفِخَ فِيهِ أُخۡرَىٰ فَإِذَا هُمۡ قِيَامٞ يَنظُرُونَ
Ал күнү Сур кернейди тартууга жоопкер периште аны үйлөйт. Ошондо асмандар менен жердеги бардык жандуулар өлөт. Андан соң кайра тирилтүү үчүн Сурду экинчи жолу үйлөйт. Ошол замат бардык тирүү жан Аллах эми аларды эмне кылар экен деп күтүп туруп калышат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَأَشۡرَقَتِ ٱلۡأَرۡضُ بِنُورِ رَبِّهَا وَوُضِعَ ٱلۡكِتَٰبُ وَجِاْيٓءَ بِٱلنَّبِيِّـۧنَ وَٱلشُّهَدَآءِ وَقُضِيَ بَيۡنَهُم بِٱلۡحَقِّ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Пенделердин ортосунда өкүм кылыш үчүн Рабби пайда болгондо Жер жаркырады, адамдардын иш-аракеттери жазылган баракчалар таркатылды, пайгамбарларды алып келишти, ошондой эле пайгамбарлар өз коомдоруна күбө болушу үчүн Мухаммад пайгамбардын үммөтүн да алып келишти. Аллах алардын баарына адилеттик менен өкүм кылды. Ал күнү аларга зулумдук кылынбайт, эч бир адамдын күнөөсү көбөйтүлбөйт жана жакшылыктары азайтылбайт.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَوُفِّيَتۡ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا عَمِلَتۡ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِمَا يَفۡعَلُونَ
Аллах ар бир жандын кылган жакшылык же жамандык иштеринин жаза-сыйлыгын толук берет. Аллах алардын кылып жаткан иштерин билет. Алардын кылган жакшылык, жамандык иштеринин эч бири Ага жашыруун эмес. Ал күн келгенде алар кылган иштеринин сыйлыгын же жазасын алышат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَسِيقَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِلَىٰ جَهَنَّمَ زُمَرًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوهَا فُتِحَتۡ أَبۡوَٰبُهَا وَقَالَ لَهُمۡ خَزَنَتُهَآ أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ رُسُلٞ مِّنكُمۡ يَتۡلُونَ عَلَيۡكُمۡ ءَايَٰتِ رَبِّكُمۡ وَيُنذِرُونَكُمۡ لِقَآءَ يَوۡمِكُمۡ هَٰذَاۚ قَالُواْ بَلَىٰ وَلَٰكِنۡ حَقَّتۡ كَلِمَةُ ٱلۡعَذَابِ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ
Периштелер Аллахка каапырлык кылгандарды топ-тобу менен кордогон абалда тозокко алып келишет. Качан алар тозокко келгенде ага сакчылык кылган периштелер анын эшиктерин ачышат жана аларды жемелелеген абалда: «Силерге Раббиңер тараптан түшкөн аяттарды окуп берген, кыямат күндөгү катуу азаптар болгон жолугушуу тууралуу коркутуп эскерткен, өзүңөрдөн болгон пайгамбарлар келген жок беле?» – деп тосуп алышат. Каапырлык кылгандар моюндарына алып: «Ооба, ошонун баарысы болгон. Бирок азап сөзү каапырлардын башына түшөрү милдет экен. Биз каапырлардан болчубуз» – деп айтышат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
قِيلَ ٱدۡخُلُوٓاْ أَبۡوَٰبَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ فَبِئۡسَ مَثۡوَى ٱلۡمُتَكَبِّرِينَ
Аларды кордош үчүн жана Аллахтын мээриминен жана тозоктон чыгууга үмүтсүз кылыш үчүн аларга айтылат: «Силер түбөлүк кала турган тозоктун эшиктеринен киргиле! Акыйкатка текеберлик кылгандардын жайы кандай жаман!».
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَسِيقَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ رَبَّهُمۡ إِلَى ٱلۡجَنَّةِ زُمَرًاۖ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوهَا وَفُتِحَتۡ أَبۡوَٰبُهَا وَقَالَ لَهُمۡ خَزَنَتُهَا سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡ طِبۡتُمۡ فَٱدۡخُلُوهَا خَٰلِدِينَ
Ал эми Раббисинин буйруктарын аткарып, Анын тыйгандарын таштап Андан корккон ыймандууларды периштелер сыпайылык, сый-урмат менен топ-топ кылып бейишке алып келишет. Качан алар бейишке келгенде анын эшиктери ачылат. Жана ага сакчылык кылган периштелер аларга: «Силерге жакпаган бардык нерселерден жана бүткүл жамандыктардан саламаттык болсун! Жүрөгүңөр да, ишиңер да таза болду. Эми силер түбөлүк кала турган бейишке киргиле!» – деп айтышат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
وَقَالُواْ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي صَدَقَنَا وَعۡدَهُۥ وَأَوۡرَثَنَا ٱلۡأَرۡضَ نَتَبَوَّأُ مِنَ ٱلۡجَنَّةِ حَيۡثُ نَشَآءُۖ فَنِعۡمَ أَجۡرُ ٱلۡعَٰمِلِينَ
Ыймандуулар бейишке киргенде: «Пайгамбарлардын тили менен бизге берген убадасын аткарган Аллахка мактоолор болсун! Ал бизди бейишке киргизем, бейиш жерине мураскор кылам деп убада кылган. Эми биз анын каалаган жеринен орун алабыз. Раббисинин Жүзүн каалап жакшылык иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун!» – деп айтышат.
ಅರಬ್ಬಿ ವ್ಯಾಖ್ಯಾನಗಳು:
ಈ ಪುಟದಲ್ಲಿರುವ ಶ್ಲೋಕಗಳ ಉಪಯೋಗಗಳು:
• ثبوت نفختي الصور.
Сур эки жолу үйлөнөрү анык

• بيان الإهانة التي يتلقاها الكفار، والإكرام الذي يُسْتَقبل به المؤمنون.
Каапырларды тосуп алгандагы кордуктун, ал эми ыймандууларды тосуп алгандагы сый-урматтын баяндалышы.

• ثبوت خلود الكفار في الجحيم، وخلود المؤمنين في النعيم.
Каапырлардын тозокто түбөлүк калуусунун жана ыймандуулардын бейиште түбөлүк калуусунун аныктыгы.

• طيب العمل يورث طيب الجزاء.
Жакшы иштерди кылуу – жакшы сыйлыкка жетүүгө себеп болот.

 
ಅರ್ಥಗಳ ಅನುವಾದ ಅಧ್ಯಾಯ: ಅಝ್ಝುಮರ್
ಅಧ್ಯಾಯಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ ಪುಟ ಸಂಖ್ಯೆ
 
ಪವಿತ್ರ ಕುರ್‌ಆನ್ ಅರ್ಥಾನುವಾದ - ಅಲ್-ಮುಖ್ತಸರ್ ಫಿ ತಫ್ಸೀರಿಲ್ ಕುರ್‌ಆನಿಲ್ ಕರೀಮ್ - ಕಿರ್ಗಿಜ್ ಅನುವಾದ - ಅನುವಾದಗಳ ವಿಷಯಸೂಚಿ

ಪ್ರಕಾಶನ - ಕುರ್‌ಆನ್ ತಫ್ಸೀರ್ ಸ್ಟಡಿ ಸೆಂಟರ್

ಮುಚ್ಚಿ