Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ជិន   អាយ៉ាត់:

Джин

قُلۡ أُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّهُ ٱسۡتَمَعَ نَفَرٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَقَالُوٓاْ إِنَّا سَمِعۡنَا قُرۡءَانًا عَجَبٗا
Айт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран[1] уктук.
[1] Курани Карим жер бетиндеги эки салмактуу элдер – инсандар жана жиндер үчүн түшүрүлгөн. Мунун мааниси Куран өкүмдөрү инсандарга кандай парыз болсо, жиндерге да ошондой парыз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلرُّشۡدِ فَـَٔامَنَّا بِهِۦۖ وَلَن نُّشۡرِكَ بِرَبِّنَآ أَحَدٗا
Ал туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّهُۥ تَعَٰلَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا ٱتَّخَذَ صَٰحِبَةٗ وَلَا وَلَدٗا
Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес![1]
[1] Аллах таалага шерик кылуунун эң чоңу “Аллахтын аялы жана баласы” бар деп ишенүү. Бул аятта жиндер дагы Аллах тааланы аял жана балага муктаж болуудан аруулап жатканы баяндалууда. Бирок, “Аллахтын аялы жана баласы” бар деген сыяктуу акылга сыйбаган (жалган) сөздү айтуучулар биздин арабызда да бар – дешет жиндер.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطٗا
Чынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن تَقُولَ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا
Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّهُۥ كَانَ رِجَالٞ مِّنَ ٱلۡإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٖ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَزَادُوهُمۡ رَهَقٗا
Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат.[1]
[1] Чынында, көпчүлүк адамдар бир коркунучтуу жерге барып калса “ал жердин жиндерден болгон ээси бар” деп, алардан коргоо тилешет. Муну менен алардын коркуусу андан бетер көбөйөт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّهُمۡ ظَنُّواْ كَمَا ظَنَنتُمۡ أَن لَّن يَبۡعَثَ ٱللَّهُ أَحَدٗا
Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллах эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا لَمَسۡنَا ٱلسَّمَآءَ فَوَجَدۡنَٰهَا مُلِئَتۡ حَرَسٗا شَدِيدٗا وَشُهُبٗا
Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк.[1]
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин жиндер асманга учуп чыгып периштелердин сөздөрүн жашыруун угуп, кээ бир кайып кабарларын билип түшчү экен. Пайгамбарыбызга Куран түшүрүлгөндөн кийин Аллах таала асманга периштелерден жана учар жылдыздардан турган корукчуларды дайындады.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا كُنَّا نَقۡعُدُ مِنۡهَا مَقَٰعِدَ لِلسَّمۡعِۖ فَمَن يَسۡتَمِعِ ٱلۡأٓنَ يَجِدۡ لَهُۥ شِهَابٗا رَّصَدٗا
Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا لَا نَدۡرِيٓ أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ أَرَادَ بِهِمۡ رَبُّهُمۡ رَشَدٗا
Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз.[1]
[1] Демек, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жиберилгенден бери жиндер тайпасына асман кабарларын угууга катуу тюу салыныптыр. Анда ар кайсы замандагы “асман менен кабарлаштым” деген көзү ачыктардын сөзүн кандай түшүнөбүз? Бул маселени жиндердин кийинки сөздөрү чечип берет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا مِنَّا ٱلصَّٰلِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَۖ كُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدٗا
Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.[1]
[1] Жиндердин арасында инсандар менен байланыш жасагандары бар. Эгер кайсы адамдын байланыштагы жини ыймандуу болсо, ага ар кандай нерселерди айтып башын оорутпайт. Эгер сураса учурдагы кээ бир сырларды дароо билип келип, кабарлашы мүмкүн. Себеби Аллах таала аларга биз элестете албай турган ылдамдуулукту берген. Ал эми кимдин байланышкан жини каапыр болсо анын кулагына жалгандан “кайып кабарларын” шыбырап, ал аркылуу адамдарды шылдыңдап, маскара кылышат. Ошондуктан мусулмандар билиши керек: арабыздагы “эртең андай болот, мындай болот”, “мага кайыптан, космостон кабар келет” деп “кайыптан” сүйлөгөндөр ошол каапыр жиндердин адамдардын башы айлантуучу өнөктөштөрү
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن نُّعۡجِزَ ٱللَّهَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَن نُّعۡجِزَهُۥ هَرَبٗا
Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллахты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.[1]
[1] Жиндер пайгамбарыбыздан Куранды уга электе "биз жердеги эң күчтүү кожоюндарбыз" деп жүрүшкөн. Эми алардын ыймандуулары Аллах тааланын чексиз бийлигине моюн сунушту.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنَّا لَمَّا سَمِعۡنَا ٱلۡهُدَىٰٓ ءَامَنَّا بِهِۦۖ فَمَن يُؤۡمِنۢ بِرَبِّهِۦ فَلَا يَخَافُ بَخۡسٗا وَلَا رَهَقٗا
Биз (Курандагы) туура жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт.[1]
[1] Бул Аллах тааланын адилети! Ким кандай жакшы иш жасаган болсо, андан кемитилбейт, жамандык, күнөө иштерине кошуп, көбөйтүлбөйт. Болгону болгондой жазылат жана кыяматта эч кимге зулум кылынбаган абалда эсеп-китеп кылынат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ជិន
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ