Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អាក់រ៉ហ្វ   អាយ៉ាត់:
فَإِذَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡحَسَنَةُ قَالُواْ لَنَا هَٰذِهِۦۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةٞ يَطَّيَّرُواْ بِمُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓۗ أَلَآ إِنَّمَا طَٰٓئِرُهُمۡ عِندَ ٱللَّهِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Кийин, качан аларга жакшы турмуш келсе, (Аллахка шүгүр кылбай): “Биз ушуга татыктуубуз”- дешти. А, эгер каатчылык болсо Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Уккула, алардын жоромолдору Аллахтын (тагдырынын) алдында. Бирок, алардын көбү (муну) билишпейт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَقَالُواْ مَهۡمَا تَأۡتِنَا بِهِۦ مِنۡ ءَايَةٖ لِّتَسۡحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحۡنُ لَكَ بِمُؤۡمِنِينَ
Алар (каапырлар Мусага): “Сен бизди сыйкырлоо үчүн канча далил-мужиза көргөзбөгүн, баары бир сага ыйман келтирбейбиз” – дешти.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلطُّوفَانَ وَٱلۡجَرَادَ وَٱلۡقُمَّلَ وَٱلضَّفَادِعَ وَٱلدَّمَ ءَايَٰتٖ مُّفَصَّلَٰتٖ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ
Анан, Биз аларга (жаза иретинде) топон суу (балээсин), чегиртке (балээсин), бит (балээсин), бака (балээсин,) жана кан балээсин (Өз кудуретибизге) анык далил кылып жибердик. (Бирок, алар) текеберликтеринен жазбады. (Анткени,) алар кылмышкер коом болчу.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَمَّا وَقَعَ عَلَيۡهِمُ ٱلرِّجۡزُ قَالُواْ يَٰمُوسَى ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ بِمَا عَهِدَ عِندَكَۖ لَئِن كَشَفۡتَ عَنَّا ٱلرِّجۡزَ لَنُؤۡمِنَنَّ لَكَ وَلَنُرۡسِلَنَّ مَعَكَ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ
Аларга балээ-кырсыктар (удаама-удаа) келгенде Мусага (жалынып): “Оо, Муса, Аллах сага берген нерсенин (Шарияттын) урматына, биз үчүн Раббиңе дуба кыл. Эгер (дубаң менен) бизден балээни арылтсаң, сага сөзсүз ыйман келтиребиз жана Исраил урпактарын да сага кошуп (журтуна) жиберебиз” - дешти.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَلَمَّا كَشَفۡنَا عَنۡهُمُ ٱلرِّجۡزَ إِلَىٰٓ أَجَلٍ هُم بَٰلِغُوهُ إِذَا هُمۡ يَنكُثُونَ
Ал эми, өздөрү жетип барган мөөнөткө чейин, алардан ыпылас балээни арылтарыбыз менен, дароо убадаларын бузушту.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡ فَأَغۡرَقۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ بِأَنَّهُمۡ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَكَانُواْ عَنۡهَا غَٰفِلِينَ
Анан Биз, аяттарыбызды “жалган” деп, (билип турса да) билмексен болгондору себептүү алардан өч алып, деңизге чөктүрүп жибердик!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَوۡرَثۡنَا ٱلۡقَوۡمَ ٱلَّذِينَ كَانُواْ يُسۡتَضۡعَفُونَ مَشَٰرِقَ ٱلۡأَرۡضِ وَمَغَٰرِبَهَا ٱلَّتِي بَٰرَكۡنَا فِيهَاۖ وَتَمَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ ٱلۡحُسۡنَىٰ عَلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ بِمَا صَبَرُواْۖ وَدَمَّرۡنَا مَا كَانَ يَصۡنَعُ فِرۡعَوۡنُ وَقَوۡمُهُۥ وَمَا كَانُواْ يَعۡرِشُونَ
Биз алсыз-бечара коомго (Исраил урпактарына), Өзүбүз берекелүү кылган (Мисирдеги) жердин чыгыш жана батыш тарабын (Фараон коомунан) мурас кылып бердик. Ошентип, Раббиңдин Исраил урпактарына айткан жакшы сөзү,[1] сабыр кылганы себептүү толугу менен аткарылды. Биз Фараон менен анын коомунун жасагандарын жана бийик-бийик курган сарайларын талкаладык!
[1] Ал сөз Аллах тааланын "Жер - Аллахка таандык. Аны Өз пенделеринен каалаганына мурас кылып берет" деген убадасы эле.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អាក់រ៉ហ្វ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ