Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អាន់អាម   អាយ៉ាត់:
فَقُطِعَ دَابِرُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْۚ وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мына ушинтип, залым адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллахка мактоолор болсун!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِنۡ أَخَذَ ٱللَّهُ سَمۡعَكُمۡ وَأَبۡصَٰرَكُمۡ وَخَتَمَ عَلَىٰ قُلُوبِكُم مَّنۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَأۡتِيكُم بِهِۗ ٱنظُرۡ كَيۡفَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ ثُمَّ هُمۡ يَصۡدِفُونَ
Айт (о, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллах силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллахтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргенибизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قُلۡ أَرَءَيۡتَكُمۡ إِنۡ أَتَىٰكُمۡ عَذَابُ ٱللَّهِ بَغۡتَةً أَوۡ جَهۡرَةً هَلۡ يُهۡلَكُ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Айткын: “(Оо, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы капыстан же ачык эле келсе, залым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَا نُرۡسِلُ ٱلۡمُرۡسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَۖ فَمَنۡ ءَامَنَ وَأَصۡلَحَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Биз пайгамбарларды (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَمَسُّهُمُ ٱلۡعَذَابُ بِمَا كَانُواْ يَفۡسُقُونَ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمۡ إِنِّي مَلَكٌۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّۚ قُلۡ هَلۡ يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُۚ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ
Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин.[1] Дагы мен кайыпты да билбеймин, жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”
[1] Бул аят менен пайгамбарыбыз эч бир адамга өз каалоосу менен байлык, ырыскы, ден-соолук, бакыт-таалай, кыскасы пайда бере албастыгын айтууга буюрулду.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنذِرۡ بِهِ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَن يُحۡشَرُوٓاْ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ لَيۡسَ لَهُم مِّن دُونِهِۦ وَلِيّٞ وَلَا شَفِيعٞ لَّعَلَّهُمۡ يَتَّقُونَ
Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды аны (Куран) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, шапаатчы да жок. Такыба болушса кана!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَا تَطۡرُدِ ٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ رَبَّهُم بِٱلۡغَدَوٰةِ وَٱلۡعَشِيِّ يُرِيدُونَ وَجۡهَهُۥۖ مَا عَلَيۡكَ مِنۡ حِسَابِهِم مِّن شَيۡءٖ وَمَا مِنۡ حِسَابِكَ عَلَيۡهِم مِّن شَيۡءٖ فَتَطۡرُدَهُمۡ فَتَكُونَ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап дуба кылган кишилерди (алдыңдан) кетирбегин! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңден аларга эч нерсе жок. Аларды кетирип, залым адамдардан болбогун![1]
[1] Курайш уруусунун бай-манаптарынан бир нечеси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга: “Эгер биз ыйманга кирип, сени менен отурушубузду кааласаң, тиги селсаяк-кедейлерди айдагын. Биз алар менен бирге отурууга арданабыз” дегенде, Аллах ушул аятты түшүргөн.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អាន់អាម
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ