Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ម៉ាអ៊ីដះ   អាយ៉ាត់:
قَالُواْ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّا لَن نَّدۡخُلَهَآ أَبَدٗا مَّا دَامُواْ فِيهَا فَٱذۡهَبۡ أَنتَ وَرَبُّكَ فَقَٰتِلَآ إِنَّا هَٰهُنَا قَٰعِدُونَ
Айтышты: «О, Муса, алар (күчтүү адамдар) шаар ичинде турса, биз эч качан кирбейбиз! Бара бер, өзүң, Раббиң экөөң согуша бергиле! Биз ушул жерде отурабыз!»
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قَالَ رَبِّ إِنِّي لَآ أَمۡلِكُ إِلَّا نَفۡسِي وَأَخِيۖ فَٱفۡرُقۡ بَيۡنَنَا وَبَيۡنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡفَٰسِقِينَ
(Муса) айтты: «О, Раббим! Мен өзүм менен бир тууганым (Харун)дан башка эч кимге ээ боло албай калыптырмын! Эми, биз менен бул бузулган коомдун арасын ажыратып, (аларды күнөөсүнө жараша) жазала!»
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قَالَ فَإِنَّهَا مُحَرَّمَةٌ عَلَيۡهِمۡۛ أَرۡبَعِينَ سَنَةٗۛ يَتِيهُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ فَلَا تَأۡسَ عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Аллах (пайгамбарынын дубасын кабыл кылып, мындай) деди: «Эми, аларга (бул шаарга кирүү) арам! Алар жер жүзүндө кырк жыл адашып-тентип жүрүшөт! Сен бул бузулган коом үчүн кыжалат болбо!»
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
۞ وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ ٱبۡنَيۡ ءَادَمَ بِٱلۡحَقِّ إِذۡ قَرَّبَا قُرۡبَانٗا فَتُقُبِّلَ مِنۡ أَحَدِهِمَا وَلَمۡ يُتَقَبَّلۡ مِنَ ٱلۡأٓخَرِ قَالَ لَأَقۡتُلَنَّكَۖ قَالَ إِنَّمَا يَتَقَبَّلُ ٱللَّهُ مِنَ ٱلۡمُتَّقِينَ
Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Аллахты ыраазы кылуу үчүн, кол астындагы нерселеринен) курмандык кылып, ал курмандыктар биринен кабыл болуп, экинчисинен кабыл болбой калды. Ал (курмандыгы кабыл болбогон бала) айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!”.[1] (Экинчиси) айтты: «Аллах такыба кишилердин гана курмандыгын кабыл алат.
[1] Аллах таала, кимдин курмандыгы кабыл болсо, аны асмандан түшкөн бир от күйдүрүп жиберишин билдирген. Аллака эң начар нерсесин курмандыкка атаганынын курмандыгы калып калганда, айыпты өзүнөн көрбөй, бир тууганына ичи тарлык кылып, аны өлтүрүп койгон.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لَئِنۢ بَسَطتَ إِلَيَّ يَدَكَ لِتَقۡتُلَنِي مَآ أَنَا۠ بِبَاسِطٖ يَدِيَ إِلَيۡكَ لِأَقۡتُلَكَۖ إِنِّيٓ أَخَافُ ٱللَّهَ رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбаймын. Мен Ааламдардын Раббисинен коркомун.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِنِّيٓ أُرِيدُ أَن تَبُوٓأَ بِإِثۡمِي وَإِثۡمِكَ فَتَكُونَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِۚ وَذَٰلِكَ جَزَٰٓؤُاْ ٱلظَّٰلِمِينَ
Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, (Акыретте) тозок “ээлеринен” болуп калышыңды мен каалаймын. Залымдардын жазасы - ушул!»
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَطَوَّعَتۡ لَهُۥ نَفۡسُهُۥ قَتۡلَ أَخِيهِ فَقَتَلَهُۥ فَأَصۡبَحَ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүрдү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды.[1]
[1] “Ким бир жаман жорук баштаса, ошол иштин жана Кыяматка чейин анын жаман ишин кайталаган бардык адамдардын күнөөсүн мойнуна алат” деген шарият мыйзамы боюнча ал түгөнгүс күнөө жүгүнүн астында калды! Күнөөлүү бала кылгылыкты кылып коюп, өлүктү эмне кылаарын билбей, көп убакытты бушайманда өткөрдү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَبَعَثَ ٱللَّهُ غُرَابٗا يَبۡحَثُ فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيُرِيَهُۥ كَيۡفَ يُوَٰرِي سَوۡءَةَ أَخِيهِۚ قَالَ يَٰوَيۡلَتَىٰٓ أَعَجَزۡتُ أَنۡ أَكُونَ مِثۡلَ هَٰذَا ٱلۡغُرَابِ فَأُوَٰرِيَ سَوۡءَةَ أَخِيۖ فَأَصۡبَحَ مِنَ ٱلنَّٰدِمِينَ
Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Залым баланын көз алдында эки карга тытышып, бири өлүп калат. Өлтүргөн карга дароо тырмагы менен жер чукуп, шеригин көмөт. Ошондо) ал: «Оо, шорум курусун!» Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргачалык көмө албадымбы?” - деп кайгыруучулардан болду.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ម៉ាអ៊ីដះ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ