Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អះកហ្វ   អាយ៉ាត់:
۞ وَٱذۡكُرۡ أَخَا عَادٍ إِذۡ أَنذَرَ قَوۡمَهُۥ بِٱلۡأَحۡقَافِ وَقَدۡ خَلَتِ ٱلنُّذُرُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَمِنۡ خَلۡفِهِۦٓ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّا ٱللَّهَ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
(Оо, Мухаммад!) сен Аад (коомунун) бурадарын[1] эстегин. Бир кезде ал кум бархандарын(ын арасын)дагы коомун (тозок азабынан) эскерткен эле. Андан мурун жана кийин да эскертүүчү-пайгамбарлар өткөн. (Ошентип, ал коомуна): «Аллахтан башка «кудайларга» ибадат кылбагыла! Мен силерге Улуу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун!» (деди).
[1] Худ пайгамбарды
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قَالُوٓاْ أَجِئۡتَنَا لِتَأۡفِكَنَا عَنۡ ءَالِهَتِنَا فَأۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَآ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
(Коому) айтты: «Сен эмне, бизди өз «кудайларыбыздан» кайтарганы келдиңби? Эгер чынчыл кишилерден болсоң, бизге убада кылган(азаб)ыңды (тезирээк) келтирчи?!»
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قَالَ إِنَّمَا ٱلۡعِلۡمُ عِندَ ٱللَّهِ وَأُبَلِّغُكُم مَّآ أُرۡسِلۡتُ بِهِۦ وَلَٰكِنِّيٓ أَرَىٰكُمۡ قَوۡمٗا تَجۡهَلُونَ
(Худ) айтты: «(Азап качан келээри жөнүндөгү) илим Аллахтын гана алдында. А мен болсо өзүмө жүктөлгөн нерсени (динди) силерге жеткиремин. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүүдөмүн.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَلَمَّا رَأَوۡهُ عَارِضٗا مُّسۡتَقۡبِلَ أَوۡدِيَتِهِمۡ قَالُواْ هَٰذَا عَارِضٞ مُّمۡطِرُنَاۚ بَلۡ هُوَ مَا ٱسۡتَعۡجَلۡتُم بِهِۦۖ رِيحٞ فِيهَا عَذَابٌ أَلِيمٞ
Анан, качан алар өздөрүнүн өрөөндөрүнө келе жаткан «булутту»[1] көргөндө (сүйүнүп): «Бул бизге жамгыр жаадыруучу булут» дешти. Жок! Ал силер аны шаштырып сураган нерсе. (Ал) – бороон! Анда (силер үчүн) жан ооруткан азап бар!
[1] Аллах таала Худ пайгамбарга моюн сунбаган коомду жазалоо үчүн түрмөктөлгөн булут сыяктуу көрүнгөн добул шамалды жиберген.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
تُدَمِّرُ كُلَّ شَيۡءِۭ بِأَمۡرِ رَبِّهَا فَأَصۡبَحُواْ لَا يُرَىٰٓ إِلَّا مَسَٰكِنُهُمۡۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
Ал (бороон) Раббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди! Анан... алардын (теп-тегиз болуп калган) короолорунан башка эч нерсе көрүнбөй калды! Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَقَدۡ مَكَّنَّٰهُمۡ فِيمَآ إِن مَّكَّنَّٰكُمۡ فِيهِ وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ سَمۡعٗا وَأَبۡصَٰرٗا وَأَفۡـِٔدَةٗ فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُمۡ سَمۡعُهُمۡ وَلَآ أَبۡصَٰرُهُمۡ وَلَآ أَفۡـِٔدَتُهُم مِّن شَيۡءٍ إِذۡ كَانُواْ يَجۡحَدُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
(Эй, Мекке мушриктери!) Биз аларга (Аад каапырларына) силерге бербеген мүмкүнчүлүктөрдү (күч-кудурет) берген элек . Жана аларга көздөрдү, кулактарды жана жүрөктөрдү берген элек. Бирок, Аллахтын аяттарын четке каккан себептүү аларга көз, кулак жана жүрөктөрү пайда бербеди.[1] (Кийин) аларды өздөрү мыскылдаган нерсе (тозок азабы) ороп алды.
[1] Акыйкатты четке какканы себептүү Аллах алардын кулактарын акыйкатты укпай турган, көздөрүн чындыкты көрбөй турган, жүрөктөрүн динди кабыл албай турган кылып мөөрлөп койду.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَا مَا حَوۡلَكُم مِّنَ ٱلۡقُرَىٰ وَصَرَّفۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَرۡجِعُونَ
Биз, аныгында, силердин айланаңардагы (каапыр болгон) айыл-шаарларды да кыйратканбыз. (Ошого чейин) Биз аларга, (ширк иштеринен) кайтып калышаар деп Өзүбүздүн аяттарыбызды кеңири баяндап берген болчубуз.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَلَوۡلَا نَصَرَهُمُ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ قُرۡبَانًا ءَالِهَةَۢۖ بَلۡ ضَلُّواْ عَنۡهُمۡۚ وَذَٰلِكَ إِفۡكُهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Эми (Аллахка) жакындаштырат деп эсептеген, Аллахтан башка «кудайлары» аларга жардам бере алса кана! Тескерисинче алардан жок болуп (көрүнбөй) кетишти. Жана бул (ишенимдери) алардын өздөрү чыгарган жалгандары жана (Аллах жөнүндөгү) доомат сөздөрү!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់អះកហ្វ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ