Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: ហ្វូសស៊ីឡាត់   អាយ៉ាត់:
إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسۡتَقَٰمُواْ تَتَنَزَّلُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَلَّا تَخَافُواْ وَلَا تَحۡزَنُواْ وَأَبۡشِرُواْ بِٱلۡجَنَّةِ ٱلَّتِي كُنتُمۡ تُوعَدُونَ
«Раббим – Аллах» деп, андан соң (дин-ибадаттарында) түз болгон адамдарга периштелер түшүп келип: «(Келечектен) коркпогула, (өткөн ишке) өкүнбөгүлө! Өзүңөргө убада берилген бейиш менен сүйүнгүлө!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
نَحۡنُ أَوۡلِيَآؤُكُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۖ وَلَكُمۡ فِيهَا مَا تَشۡتَهِيٓ أَنفُسُكُمۡ وَلَكُمۡ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ
Биз дүйнө жашоосунда да, Акыретте да силердин жакын досуңар болобуз. Силер үчүн бейиште көңүлүңөр каалаган нерселер бар! Силер үчүн ал жерде тилеген бардык нерсе бар!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
نُزُلٗا مِّنۡ غَفُورٖ رَّحِيمٖ
Ырайымдуу, Кечиримдүү (Аллах) тарабынан зыяпат иретинде!» (дешет).
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَنۡ أَحۡسَنُ قَوۡلٗا مِّمَّن دَعَآ إِلَى ٱللَّهِ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ
Салих (сооп) иштерди (ыклас менен) жасаган, Аллахка (эч нерсени шерик-ортомчу кошпой) дуба кылган жана: «Мен (чыныгы) мусулмандардан боломун!» – деген адамдан мыктыраак сүйлөгөн ким бар?
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَلَا تَسۡتَوِي ٱلۡحَسَنَةُ وَلَا ٱلسَّيِّئَةُۚ ٱدۡفَعۡ بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ فَإِذَا ٱلَّذِي بَيۡنَكَ وَبَيۡنَهُۥ عَدَٰوَةٞ كَأَنَّهُۥ وَلِيٌّ حَمِيمٞ
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт! (Сага орой тийгендерге) сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо сени менен анын араңарда душманчылык бар киши боорукер дос сыяктуу болуп калат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَمَا يُلَقَّىٰهَآ إِلَّا ذُو حَظٍّ عَظِيمٖ
Муну өтө сабырдуу адамдар гана жасай алат. Бул (адептүүлүктөн) чоң үлүш алган адамдын гана колунан келет.[1]
[1] Бул аятта Аллах Өз пайгамбарына жана жалпы мусулман калкына инсандан болгон душмандарга кандай мамиле кылууну үйрөттү. Кийинки аяттарда жин-шайтандан болгон душманга кандай мамиле жасоону үйрөтөт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَإِمَّا يَنزَغَنَّكَ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ نَزۡغٞ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Эгер сени шайтандын бир азгырыгы азгырса Аллахтан коргоо тиле![1] Чынында Ал – Угуучу, Билүүчү!
[1] Бул коргонуу «Аъуузу биллаахи минаш-шайтанир-ражиим» деген дубаны окуу менен болот. Мааниси: «Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын жамандыгынан Аллахтан коргоо тилеймин» дегенди билдирет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِ ٱلَّيۡلُ وَٱلنَّهَارُ وَٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُۚ لَا تَسۡجُدُواْ لِلشَّمۡسِ وَلَا لِلۡقَمَرِ وَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ ٱلَّذِي خَلَقَهُنَّ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ
Күн, Ай, күндүз жана түн Аллахтын (кудуретинин) белгилеринен. Күнгө да, айга да сажда кылбагыла! Аларды жараткан Аллахка сажда кылгыла, эгер Анын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَإِنِ ٱسۡتَكۡبَرُواْ فَٱلَّذِينَ عِندَ رَبِّكَ يُسَبِّحُونَ لَهُۥ بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَهُمۡ لَا يَسۡـَٔمُونَ۩
Эгер (Аллахка ибадат кылуудан) текеберленишсе, (билип коюшсун: Аллах алардын ибадатына муктаж эмес!) Раббиңдин алдындагы (сан-санаксыз) периштелер, күнү-түнү (тынбай) жана чарчап-чаалыкпай Ага тасбих айтышат.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: ហ្វូសស៊ីឡាត់
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ