Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អ៊ីព្រហ៊ីម   អាយ៉ាត់:
مُهۡطِعِينَ مُقۡنِعِي رُءُوسِهِمۡ لَا يَرۡتَدُّ إِلَيۡهِمۡ طَرۡفُهُمۡۖ وَأَفۡـِٔدَتُهُمۡ هَوَآءٞ
(Ошол күндө) алар баштары ойдо көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй.[1]
[1] “Баштары өйдө көтөрүлгөнүнүн” себеби, алардын колдорун ээктерине таңып коюлгандан улам. Катуу чуркагандан жана коркунучтан жүрөктөрү “кабынан чыгып”, “оозуна капталып калган”. Жүрөк өз ордунда эмес. Бул абал аяттагы «ичтери көңдөй» деген сөздөн маалым болот. Бирок, жүрөктүн өзү бош эмес. Бушайман, кайгы-капа менен толгон.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَأَنذِرِ ٱلنَّاسَ يَوۡمَ يَأۡتِيهِمُ ٱلۡعَذَابُ فَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ رَبَّنَآ أَخِّرۡنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٖ قَرِيبٖ نُّجِبۡ دَعۡوَتَكَ وَنَتَّبِعِ ٱلرُّسُلَۗ أَوَلَمۡ تَكُونُوٓاْ أَقۡسَمۡتُم مِّن قَبۡلُ مَا لَكُم مِّن زَوَالٖ
Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле?
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَسَكَنتُمۡ فِي مَسَٰكِنِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ وَتَبَيَّنَ لَكُمۡ كَيۡفَ فَعَلۡنَا بِهِمۡ وَضَرَبۡنَا لَكُمُ ٱلۡأَمۡثَالَ
(Худдун, Салихтин коому сыяктуу) өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге (Куранда алардын) мисалдарын келтирген элек?!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَقَدۡ مَكَرُواْ مَكۡرَهُمۡ وَعِندَ ٱللَّهِ مَكۡرُهُمۡ وَإِن كَانَ مَكۡرُهُمۡ لِتَزُولَ مِنۡهُ ٱلۡجِبَالُ
Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллахтын алдында (белгилүү)
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
فَلَا تَحۡسَبَنَّ ٱللَّهَ مُخۡلِفَ وَعۡدِهِۦ رُسُلَهُۥٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٖ
Сен Аллах Өзүнүн пайгамбарларына («залымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллах Кудуреттүү жана өч алуучу!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
يَوۡمَ تُبَدَّلُ ٱلۡأَرۡضُ غَيۡرَ ٱلۡأَرۡضِ وَٱلسَّمَٰوَٰتُۖ وَبَرَزُواْ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ
(Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллахка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَتَرَى ٱلۡمُجۡرِمِينَ يَوۡمَئِذٖ مُّقَرَّنِينَ فِي ٱلۡأَصۡفَادِ
Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
سَرَابِيلُهُم مِّن قَطِرَانٖ وَتَغۡشَىٰ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ
(Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. (Бул азаптар Аллах тарабынан зулум эмес, тескерисинче:)
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لِيَجۡزِيَ ٱللَّهُ كُلَّ نَفۡسٖ مَّا كَسَبَتۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Аллах ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллах тез эсептешүүчү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
هَٰذَا بَلَٰغٞ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُواْ بِهِۦ وَلِيَعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ وَلِيَذَّكَّرَ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Бул (Куран) адамдарга арналган кемчиликсиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អ៊ីព្រហ៊ីម
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរហ្គីស្ថាន - សាំសុឌីន ហាក់គីមូហ្វ - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

បានបកប្រែដោយ​ សំសឌីន ហាគីមូហ្វ អាប់ឌុលខាលិក​, បានអភិវឌ្ឍដោយការត្រួតពិនិត្យរបស់មជ្ឈមណ្ឌលបកប្រែរ៉ូវ៉ាដ។

បិទ