Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ અન્ફાલ   આયત:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ لَمۡ يَكُ مُغَيِّرٗا نِّعۡمَةً أَنۡعَمَهَا عَلَىٰ قَوۡمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنفُسِهِمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ
Бул катуу азаптын болгон себеби төмөнкүчө. Акыйкатта, Аллах эгер бир коомго өзүндөгү жакшылыктардан берсе, алар өздөрүнүн ыйманын, түз жолдо жүрүүсүн, жакшылыкка шүгүр кылуусун, Аллахка каапырлык кылууга күнөөгө жакшылыкка шүгүр кылбоого алмаштырып жибермейинче кайра албайт. Акыйкатта Аллах пенделеринин сөзүн угуучу, кылган иштерин билүүчү, Ага андан эч нерсе жашыруун калбайт.
અરબી તફસીરો:
كَدَأۡبِ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ فَأَهۡلَكۡنَٰهُم بِذُنُوبِهِمۡ وَأَغۡرَقۡنَآ ءَالَ فِرۡعَوۡنَۚ وَكُلّٞ كَانُواْ ظَٰلِمِينَ
Бул каапырлардын абалы алардан мурдагы Аллахка каапырлык кылган Фараон жана башка жалганчы үммөттөрдүн абалына окшош. Аллар Раббисиин аяттарын жалганга чыгарышты. Анан күнөөгө берилгендиктери үчүн Аллах аларды талкалады. Фараондун коомун деңизге чөктүрүп жок кылды. Булардын баары, Фараондун коому да, алардан мурдагы үммөттөр да Аллахка каапыр болгону жана ширк кылганы себептүү залым болушту. Алар ушундай азапка татыктуу болушту эле аларга азапты түшүрдү.
અરબી તફસીરો:
إِنَّ شَرَّ ٱلدَّوَآبِّ عِندَ ٱللَّهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Чынында, жер бетинде кыбырап жүргөн жандуулардын эң жаманы Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондор (ишенбегендер). Алар каапырлыкка өтө берилгендиктен, аларга ар кандай аят-белгилер келсе да ыйман келтиришпейт. Алардын туура жолго түшүүсүнө себеп болуучу акылы, угуу жана көрүү касиеттери тосулуп калган.
અરબી તફસીરો:
ٱلَّذِينَ عَٰهَدتَّ مِنۡهُمۡ ثُمَّ يَنقُضُونَ عَهۡدَهُمۡ فِي كُلِّ مَرَّةٖ وَهُمۡ لَا يَتَّقُونَ
Курайза уруусу сыяктуу, алгач (тынч жашоого) убада-келишим кылып, анан кайра-кайра ал келишимин буза бергендер - алар, Аллахтан коркпойт, убада-келишиминин өтөөсүнө чыкпайт, ортодо түзүлгөн келишимди бекем сактабайт.
અરબી તફસીરો:
فَإِمَّا تَثۡقَفَنَّهُمۡ فِي ٱلۡحَرۡبِ فَشَرِّدۡ بِهِم مَّنۡ خَلۡفَهُمۡ لَعَلَّهُمۡ يَذَّكَّرُونَ
Оо, пайгамбар, ошол келишимди бузгандар менен согушта бет келсең, аларды катуу жазала. Ушуну угуп, башкалар да өз абалына карап, сени менен согушуудан жана сага ачык душмандык кылуудан коркуп калышсын.
અરબી તફસીરો:
وَإِمَّا تَخَافَنَّ مِن قَوۡمٍ خِيَانَةٗ فَٱنۢبِذۡ إِلَيۡهِمۡ عَلَىٰ سَوَآءٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ ٱلۡخَآئِنِينَ
Оо, пайгамбар, эгер сени менен тынчтык келишимин түзгөндөр ага кыянаттык кылып бузуусунан корксоң, сен да аларга келишимдин жокко чыкканын билдирип кой. Алар да муну билип алышсын. Аларга эскертпестен туруп кол салба, эскертпестен кол салуу - кыянаттык. Аллах кыянат кылуучуларды жакшы көрбөйт, тескерисинче, өтө жаман көрөт. Кыянат кылуудан сен да сак бол.
અરબી તફસીરો:
وَلَا يَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ سَبَقُوٓاْۚ إِنَّهُمۡ لَا يُعۡجِزُونَ
Каапырлар Аллахтын жазасынан кутулдук, андан өтүп кеттик деп ойлобосун! Чынында, алар өтүп да кеткен жок, Аллахтын жазасынан кутулбайт дагы. Аллахтын жазасы аларды ээрчип жүрөт жана аларга жетүүчү.
અરબી તફસીરો:
وَأَعِدُّواْ لَهُم مَّا ٱسۡتَطَعۡتُم مِّن قُوَّةٖ وَمِن رِّبَاطِ ٱلۡخَيۡلِ تُرۡهِبُونَ بِهِۦ عَدُوَّ ٱللَّهِ وَعَدُوَّكُمۡ وَءَاخَرِينَ مِن دُونِهِمۡ لَا تَعۡلَمُونَهُمُ ٱللَّهُ يَعۡلَمُهُمۡۚ وَمَا تُنفِقُواْ مِن شَيۡءٖ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ يُوَفَّ إِلَيۡكُمۡ وَأَنتُمۡ لَا تُظۡلَمُونَ
Эй,ыймандуулар! Колуңардан келишинче аскерлериңерди жана курал-жабдыктарыңарды даярдап койгула. Аларга Аллах жолуна мине турган аттарды даярдагыла. Ушуну менен айланаңарда силерге көз салып турган Аллахтын жана силердин душманыңар болгон каапырларды коркутасыңар. Ошондой эле силер такыр билбеген, силерге душмандык кыларын да али билбеген башка элдерди да сестентесиңер. Жалгыз Аллах гана аларды билет, алар ичине эмнени жашырганын да билет. (Аллах жолунда) берген аздыр-көптүр напака-садагаңарды Аллах бул дүйнөдө кайтарып берет. А акыретте болсо сооп-сыйын кемитпестен толук берет. Анын жолунда садага бергенге шашылгыла!
અરબી તફસીરો:
۞ وَإِن جَنَحُواْ لِلسَّلۡمِ فَٱجۡنَحۡ لَهَا وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ
Оо, пайгамбар, эгер алар согушту таштап, тынч жашоого макул болсо, сен да макул болуп, келишимди бекемде. Аллахка тобокел кылып, Ага ишен, Ал сени эч качан жардамсыз таштабайт. Ал алардын сөздөрүн Угуучу, ниет, амалдарын Билүүчү.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• من فوائد العقوبات والحدود المرتبة على المعاصي أنها سبب لازدجار من لم يعمل المعاصي، كما أنها زجر لمن عملها ألا يعاودها.
Күнөөкөргө жаза жана азап берүүнүн пайдаларынын бири, күнөө кылбагандарды жана күнөө жасап андан кайта албай жүргөндөрдү сестентүү

• من أخلاق المؤمنين الوفاء بالعهد مع المعاهدين، إلا إن وُجِدت منهم الخيانة المحققة.
Келишим түзгөндөр менен келишимди так аткаруу ыймандуулардын ахлагы, эгер экинчи тарап келишимге кыянат кылбаса

• يجب على المسلمين الاستعداد بكل ما يحقق الإرهاب للعدو من أصناف الأسلحة والرأي والسياسة.
Мусулмандарга душмандын үшүн ала турган бардык нерсени, курал-жарак, ой-пикир жана саясий көз карашты даяр кармоо важыб

• جواز السلم مع العدو إذا كان فيه مصلحة للمسلمين.
Эгер мусулмандарга пайдасы тие турган болсо, анда душман менен тынчтык келишимин түзүүгө болот

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ અન્ફાલ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો