Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ હિજ્ર   આયત:
إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗا قَالَ إِنَّا مِنكُمۡ وَجِلُونَ
Алар анын алдына «Салам!» деп айтып киришти. Ал алардын саламына андан да жакшыраак алик алды. Аларга жесин деп отко какталып бышкан торпоктун этин тартты. Аларды адамдардан деп ойлогон. Качан алардын тамактан жебегендерин көргөндө: «Биз силерден кооптонуп жатабыз» – деди.
અરબી તફસીરો:
قَالُواْ لَا تَوۡجَلۡ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ
Элчи периштелер ага: «Эч коркпо! Биз сени кубандырган кабар алып келдик. Жакында сен илимдүү эркек балалуу болосуң» – дешти.
અરબી તફસીરો:
قَالَ أَبَشَّرۡتُمُونِي عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِيَ ٱلۡكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ
Ибрахим балалуу болосуң деген кабарга таң кала аларга: «Мен карыган куракка келип картайып калсам кайдагы баланы сүйүнчүлөп жатасыңар? Кайсы негизге таянып сүйүнчүлөп жатасыңар?» – деди.
અરબી તફસીરો:
قَالُواْ بَشَّرۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡقَٰنِطِينَ
Элчи периштелер Ибрахимге: «Биз сага эч кандай шек-күмөнү жок чындыкты сүйүнчүлөдүк. Биз сага сүйүнчүлөгөн нерседен үмүтсүз калгандардан болбо».
અરબી તફસીરો:
قَالَ وَمَن يَقۡنَطُ مِن رَّحۡمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ
Ибрахим айтты: «Раббисинин ырайымынан туура жолдон адашкандар гана үмүт үзүшөт».
અરબી તફસીરો:
قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Ибрахим: «Оо, Аллах тараптан келген элчилер! Эмне иш менен келдиңер?» – деп сурады.
અરબી તફસીરો:
قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ
Элчи периштелер айтышты: «Аллах бизди чоң бузукулук жана жамандык кылган Луттун коомун жок кылыш үчүн жиберди.
અરબી તફસીરો:
إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Бир гана Луттун үй-бүлөсү менен аны ээрчигендер аман калышат. Алар кыйроого учурашпайт. Биз алардын баарысын ал нерседен куткарабыз.
અરબી તફસીરો:
إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ قَدَّرۡنَآ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ
Бирок анын аялынан башкасын. Биз аны кыйроого дуушар болгондор менен калат деп өкүм кылдык.
અરબી તફસીરો:
فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Элчи периштелер Луттун үй-бүлөсүнө эркектердин келбетинде келишти.
અરબી તફસીરો:
قَالَ إِنَّكُمۡ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ
Лут пайгамбар аларга: «Силер чоочун экенсиңер» – деп айтты.
અરબી તફસીરો:
قَالُواْ بَلۡ جِئۡنَٰكَ بِمَا كَانُواْ فِيهِ يَمۡتَرُونَ
Элчи периштелер Лутка айтышты: «Эй, Лут! Коркпо! Биз элиң күмөн санаган кыйратуучу азапты алып келдик.
અરબી તફસીરો:
وَأَتَيۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ
Биз сага эч кандай тамашасы жок чындык менен келдик. Биз сага айткан сөзүбүздө чынчылбыз.
અરબી તફસીરો:
فَأَسۡرِ بِأَهۡلِكَ بِقِطۡعٖ مِّنَ ٱلَّيۡلِ وَٱتَّبِعۡ أَدۡبَٰرَهُمۡ وَلَا يَلۡتَفِتۡ مِنكُمۡ أَحَدٞ وَٱمۡضُواْ حَيۡثُ تُؤۡمَرُونَ
Түндүн бир бөлүгү өткөндөн кийин үй-бүлөң менен жолго чык. Алардын артында жүр. Алардын башына түшкөн нерсени көрүш үчүн араңардан эч ким артын карабасын. Аллах силерди буйруган жакты көздөй жөнөгүлө.
અરબી તફસીરો:
وَقَضَيۡنَآ إِلَيۡهِ ذَٰلِكَ ٱلۡأَمۡرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰٓؤُلَآءِ مَقۡطُوعٞ مُّصۡبِحِينَ
Биз тагдыр кылган ал буйрукту Лутка аян аркылуу билдирдик. Ал буйрук – таң атканда ал коомдун бирин да калтырбай кыйратып жок кылуу эле.
અરબી તફસીરો:
وَجَآءَ أَهۡلُ ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡتَبۡشِرُونَ
Садумдун эли бузукулук кылууну каалашып сүйүнгөн бойдон Луттун конокторуна жетип келишти.
અરબી તફસીરો:
قَالَ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ ضَيۡفِي فَلَا تَفۡضَحُونِ
Лут аларга айтты: «Бул адамдар менин конокторум. Булардан каалап жаткан нерсеңер менен мени шерменде кылбагыла!
અરબી તફસીરો:
وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُخۡزُونِ
Бул бузукулукту таштап Аллахтан корккула! Бул жийиркеничтүү жоругуңар менен мени кордукка салбагыла».
અરબી તફસીરો:
قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ نَنۡهَكَ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ага коому айтты: «Биз сени адамдарды коноктобо деп тыйган элек го?».
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• تعليم أدب الضيف بالتحية والسلام حين القدوم على الآخرين.
Башкаларга келген кезде саламдашуу аркылуу коноктун адебин үйрөтүү.

• من أنعم الله عليه بالهداية والعلم العظيم لا سبيل له إلى القنوط من رحمة الله.
Аллах туура жолго салып, илим берип кимге жакшылык кылса, анда ал адамга Аллахтын ырайымынан үмүт үзүүгө жол жок.

• نهى الله تعالى لوطًا وأتباعه عن الالتفات أثناء نزول العذاب بقوم لوط حتى لا تأخذهم الشفقة عليهم.
Луттун коомуна азап түшүп жаткан кезде Аллах таала Лутту жана аны ээрчигендер аларга боору оорубашы үчүн аларды артка кароону тыйды.

• تصميم قوم لوط على ارتكاب الفاحشة مع هؤلاء الضيوف دليل على طمس فطرتهم، وشدة فحشهم.
Луттун коомунун тигил коноктор менен бузукулук кылууну талап кылуусу – алардын табияты бузулганына жана өтө бузулуп кетишкендерине далил болот.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ હિજ્ર
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો