Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અત્ તકાષુર   આયત:

Такaаcур

સૂરતના હેતુઓ માંથી:
تذكير المتكاثرين واللاهين بالدنيا بالقبور والحساب.
Дүнүйөгө берилип, ырахатка баткандарга кабырды жана эсеп-кысап болор күндү эскертүү.

أَلۡهَىٰكُمُ ٱلتَّكَاثُرُ
Оо, адамдар! Мал-мүлк жана бала-чака менен мактануу силерди Аллахка моюн сунуудан алаксытып койду.
અરબી તફસીરો:
حَتَّىٰ زُرۡتُمُ ٱلۡمَقَابِرَ
Силер өлүп, кабырга киргенге чейин.
અરબી તફસીરો:
كَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Аны менен мактануу Аллахка моюн сунуудан силерди алаксытпаш керек болчу. Силер ошол алек болгонуңардын акыбетин жакында билесиңер.
અરબી તફસીરો:
ثُمَّ كَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Кийин анын акыбетин дагы билесиңер.
અરબી તફસીરો:
كَلَّا لَوۡ تَعۡلَمُونَ عِلۡمَ ٱلۡيَقِينِ
Чындыгында силер Аллахка тирилип барарыңарды жана иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын аларыңарды чындап билгениңерде, анда силер мал-мүлк жана бала-чаканы айтып мактануу менен алек болбойт элеңер.
અરબી તફસીરો:
لَتَرَوُنَّ ٱلۡجَحِيمَ
Аллахка ант болсун! Силер кыямат күнү тозокту сөзсүз көрөсүңөр.
અરબી તફસીરો:
ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيۡنَ ٱلۡيَقِينِ
Андан соң силер аны эч кандай шек-күмөнү жок анык көрөсүңөр.
અરબી તફસીરો:
ثُمَّ لَتُسۡـَٔلُنَّ يَوۡمَئِذٍ عَنِ ٱلنَّعِيمِ
Андан соң ал күнү Аллах силерге берген ден-соолук, байлык жана башка жакшылыктар тууралуу сөзсүз сурак алат.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• خطر التفاخر والتباهي بالأموال والأولاد.
Байлык жана бала-чака менен мактануунун коркунучу.

• القبر مكان زيارة سرعان ما ينتقل منه الناس إلى الدار الآخرة.
Кабыр – адамдар жакын арада акырет жайына көчүп бара турган зыярат жайы.

• يوم القيامة يُسْأل الناس عن النعيم الذي أنعم به الله عليهم في الدنيا.
Кыямат күнү адамдар бул дүйнөдө Аллахтын аларга берген жакшылыктары жөнүндө суралат.

• الإنسان مجبول على حب المال.
Инсан табиятынан байлыкты сүйөт.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અત્ તકાષુર
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો