Check out the new design

Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. * - Tippudi firooji ɗii


Firo maanaaji Simoore: Simoore Sad   Aaya:
وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا بَٰطِلٗاۚ ذَٰلِكَ ظَنُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۚ فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنَ ٱلنَّارِ
Биз асмандар менен жерди жөндөн-жөн эле жараткан жокпуз. Бул каапырлык кылгандардын ойлогону. Эгерде алар каапырлыкта жана Аллах тууралуу жаман ойдо өлгөн болсо, анда ал каапырларга мындай ойлогондору үчүн кыямат күнү тозок азабы болсун.
Faccirooji aarabeeji:
أَمۡ نَجۡعَلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ كَٱلۡمُفۡسِدِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ نَجۡعَلُ ٱلۡمُتَّقِينَ كَٱلۡفُجَّارِ
Биз Аллахка ыйман келтиргендерди, Анын элчисин ээрчигендерди жана жакшылык иштерди кылгандарды жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылгандарга эч качан теңебейбиз. Ошондой эле Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Ага моюн сунгандарды каапырлардай, эки жүздүүлөрдөй жана күнөөгө баткан адамдардай кылбайбыз. Чындыгында аларды теңөө Аллахка ылайык келбегендей зулумдук. Тескерисинче, Аллах таза ыймандууларды бейишке киргизип сыйлайт, ал эми шоордуу каапырларды тозокко киргизип жазалайт. Анткени алар Аллахтын алдында бирдей эмес, алардын сыйлык-жазалары да бирдей болбойт.
Faccirooji aarabeeji:
كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ إِلَيۡكَ مُبَٰرَكٞ لِّيَدَّبَّرُوٓاْ ءَايَٰتِهِۦ وَلِيَتَذَكَّرَ أُوْلُواْ ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Биз сага өзүнө көп жакшылыктарды жана пайдаларды камтыган Куран китепти адамдар анын аяттары менен маанилеринин үстүндө ой жүгүртүш үчүн жана туура акыл жүгүрткөн адамдар сабак алыш үчүн түшүрдүк.
Faccirooji aarabeeji:
وَوَهَبۡنَا لِدَاوُۥدَ سُلَيۡمَٰنَۚ نِعۡمَ ٱلۡعَبۡدُ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ
Жана Биз Дауддун көзүн кубантыш үчүн Биздин ага кылган жакшылыгыбыз катары ага Сулайманды бердик. Сулайман кандай жакшы пенде! Ал Аллахка көп тообо кылуучу жана Ага кайтуучу.
Faccirooji aarabeeji:
إِذۡ عُرِضَ عَلَيۡهِ بِٱلۡعَشِيِّ ٱلصَّٰفِنَٰتُ ٱلۡجِيَادُ
Эстечи, асыр маалында ага үч туягы жерге тийгенде, төртүнчүсүн көтөргөн асыл тукум күлүк аттар көргөзүлдү. Ал асыл тукум тулпарларды көрүү менен алек болуп күн да батып кетти.
Faccirooji aarabeeji:
فَقَالَ إِنِّيٓ أَحۡبَبۡتُ حُبَّ ٱلۡخَيۡرِ عَن ذِكۡرِ رَبِّي حَتَّىٰ تَوَارَتۡ بِٱلۡحِجَابِ
Ошондо Сулайман айтты: «Мен бул аттар сыяктуу мал-дүйнөнү сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн артык көрүптүрмүн. Күн батып, асыр намазынан кечигип калыптырмын.
Faccirooji aarabeeji:
رُدُّوهَا عَلَيَّۖ فَطَفِقَ مَسۡحَۢا بِٱلسُّوقِ وَٱلۡأَعۡنَاقِ
Мага жанагыл тулпарларды алып келгиле!». Аларды алып келишти. Анан ал алардын буттарын жана моюндарын кылыч менен чаап баштады.
Faccirooji aarabeeji:
وَلَقَدۡ فَتَنَّا سُلَيۡمَٰنَ وَأَلۡقَيۡنَا عَلَىٰ كُرۡسِيِّهِۦ جَسَدٗا ثُمَّ أَنَابَ
Биз Сулайманды сынап, анын тактысына адам кейпиндеги шайтанды отургузуп койдук. Ал кыска мөөнөткө анын ордуна бийлик жүргүздү. Кийин бийлик кайрадан Сулайманга кайтарылып, ага жин-шайтандар баш ийдирилди.
Faccirooji aarabeeji:
قَالَ رَبِّ ٱغۡفِرۡ لِي وَهَبۡ لِي مُلۡكٗا لَّا يَنۢبَغِي لِأَحَدٖ مِّنۢ بَعۡدِيٓۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡوَهَّابُ
Сулайман айтты: «Оо, Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечир жана мага менден кийин адамдардын эч кимисинде болбогондой жеке өзүмө гана тийиштүү бийлик бер. Оо, Раббим! Чындыгында Сен Берешенсиң, Жоомартсың».
Faccirooji aarabeeji:
فَسَخَّرۡنَا لَهُ ٱلرِّيحَ تَجۡرِي بِأَمۡرِهِۦ رُخَآءً حَيۡثُ أَصَابَ
Биз ага жооп бердик жана анын буйругуна моюн сунган, аны каалаган тарабына алып барган, катуулугуна жана ылдамдуулугуна карабастан сыдырым соккон шамалды ага моюн сундурдук.
Faccirooji aarabeeji:
وَٱلشَّيَٰطِينَ كُلَّ بَنَّآءٖ وَغَوَّاصٖ
Ошондой эле ага буйруктарын аткарган жин-шайтандарды моюн сундурдук. Алардын кээ бирлери куруучулар, кээ бирлери деңиз тереңдиктерине чумкушуп, берметтерди алып чыгышат.
Faccirooji aarabeeji:
وَءَاخَرِينَ مُقَرَّنِينَ فِي ٱلۡأَصۡفَادِ
Жана жин-шайтандардын арасындагы баш ийбестерин да ага моюн сундурдук. Алар кишендер менен байланган, эч кыймылдай алышпайт.
Faccirooji aarabeeji:
هَٰذَا عَطَآؤُنَا فَٱمۡنُنۡ أَوۡ أَمۡسِكۡ بِغَيۡرِ حِسَابٖ
Оо, Сулайман! Бул сенин сураганыңа жооп катары Биздин сага болгон белегибиз. Аны каалаганыңа бер, каалагаңан тыйып кой. Бергениң же тыйганың үчүн суралбайсың.
Faccirooji aarabeeji:
وَإِنَّ لَهُۥ عِندَنَا لَزُلۡفَىٰ وَحُسۡنَ مَـَٔابٖ
Чындыгында Сулайман Биздин алдыбызда жакындардан эле жана ал үчүн бейиш болгон эң сонун кайтуучу жай бар.
Faccirooji aarabeeji:
وَٱذۡكُرۡ عَبۡدَنَآ أَيُّوبَ إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَسَّنِيَ ٱلشَّيۡطَٰنُ بِنُصۡبٖ وَعَذَابٍ
Оо, пайгамбар! Пендебиз Аюбду эстечи, бир кезде ал Раббиси Аллахка кайрылып: «Мен шайтандан азап тарттым, чарчадым чалыктым» – дуба кылды.
Faccirooji aarabeeji:
ٱرۡكُضۡ بِرِجۡلِكَۖ هَٰذَا مُغۡتَسَلُۢ بَارِدٞ وَشَرَابٞ
Ошондо Биз ага: «Бутуң менен жерди теп» – дедик. Ал буту менен жерди тепкенде ал жерден иче турган жана жуунганда ага зыян берген нерсени кетире турган суу чыкты.
Faccirooji aarabeeji:
Ina jeyaa e nafoore aayeeje ɗee e ngol hello:
• الحث على تدبر القرآن.
Курандын үстүнөн ой жүгүртүүгө чакыруу.

• في الآيات دليل على أنه بحسب سلامة القلب وفطنة الإنسان يحصل له التذكر والانتفاع بالقرآن الكريم.
Бул аяттарда жүрөктүн тазалыгына жана адамдын баамчылдыгына жараша ал эсине келип, ыйык Курандан пайда аларына далилдер камтылган.

• في الآيات دليل على صحة القاعدة المشهورة: «من ترك شيئًا لله عوَّضه الله خيرًا منه».
Бул аяттарда «Ким Аллах үчүн бир нерсени таштаса, Аллах ага андан да жакшысын берет» деген белгилүү эреженин туура экендигине далилдер камтылган.

 
Firo maanaaji Simoore: Simoore Sad
Tippudi cimooje Tonngoode hello ngoo
 
Firo maanaaji al-quraan tedduɗo oo - Eggo e haala Kirgiiz wonande deftere Firo Alkur'aana raɓɓinaango. - Tippudi firooji ɗii

iwde e galle Firo jaŋdeeji Alkur'aana.

Uddude