Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አን ነምል   አንቀጽ:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمۡ صَٰلِحًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ فَإِذَا هُمۡ فَرِيقَانِ يَخۡتَصِمُونَ
Биз Самуд эли жалгыз Аллахка гана сыйынышсын деп аларга өздөрүнөн болгон тектеш тууганы Салихти жибердик. Алар анын чакырыгынан кийин эле ыймандуулар жана каапырлар болуп эки топко бөлүнүшүп, кимиси акыйкатта деп өз ара талашып тартыша баштады.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لِمَ تَسۡتَعۡجِلُونَ بِٱلسَّيِّئَةِ قَبۡلَ ٱلۡحَسَنَةِۖ لَوۡلَا تَسۡتَغۡفِرُونَ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Салих аларга айтты: «Эмнеге силер ырайымдан мурун азапты тездет деп талап кылып жатасыңар? Андан көрө Аллах силерге ырайым кылсын деп күнөөлөрүңөр үчүн Андан кечирим тилесеңер болбойбу?».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالُواْ ٱطَّيَّرۡنَا بِكَ وَبِمَن مَّعَكَۚ قَالَ طَٰٓئِرُكُمۡ عِندَ ٱللَّهِۖ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ تُفۡتَنُونَ
Эли акыйкаттан баш тартып ага: «Биз сенден жана сени менен бирге болгон ыймандуулардан бир жамандык болорун жоруп жатабыз» – дешти. Салих (ага Аллахтын саламаттыгы жана тынчтыгы болсун) аларга айтты: «Башыңарга жамандык келет деп ойлоп жаткан жоромолуңардын билими Аллахтын алдында. Анын эч бири Ага жашыруун эмес. Тескерисинче, силерге берилген көптөгөн жакшылыктар жана башыңарга түшкөн жамандыктар себептүү сыналып жаткан коомсуңар».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَكَانَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ تِسۡعَةُ رَهۡطٖ يُفۡسِدُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا يُصۡلِحُونَ
Хижр шаарында тогуз киши бар эле. Алар жер бетинде каапырлык жана күнөөлөрдү кылып бузулукулук кылышчу. Жана алар ыйман келтирип жана жакшылык иштерди кылып жер бетин оңдошкон эмес.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالُواْ تَقَاسَمُواْ بِٱللَّهِ لَنُبَيِّتَنَّهُۥ وَأَهۡلَهُۥ ثُمَّ لَنَقُولَنَّ لِوَلِيِّهِۦ مَا شَهِدۡنَا مَهۡلِكَ أَهۡلِهِۦ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ
Алар (Салих пайгамбарды өлтүрмөкчү болгондор) бири-бирине: «Түндө анын үйүнө барып, аларды өлтүрөлү. Ушундай кылууга баарыбыз Аллахка ант берели». Кийин жакын туугандарына: «Биз Салих менен анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок. Биз чындыкты сүйлөгөн адамдарбыз» – деп коёбуз» дешти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَكَرُواْ مَكۡرٗا وَمَكَرۡنَا مَكۡرٗا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Алар Салих жана аны ээрчиген ыймандууларды жок кылуу үчүн жашыруун айла кылышты эле, анан Биз дагы аны колдоп, алардын айла-амалдарынан куткарып жана анын элиндеги каапырларды жок кылыш үчүн айла кылдык. Бирок алар аны билбей калышты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ مَكۡرِهِمۡ أَنَّا دَمَّرۡنَٰهُمۡ وَقَوۡمَهُمۡ أَجۡمَعِينَ
Оо, пайгамбар! Карачы, алардын айла-амалдарынын акыбети эмне болгонун? Биз аларды Өз азабыбыз менен түп тамыры менен жок кылдык. Алардын бири да калбай жок болду.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَتِلۡكَ بُيُوتُهُمۡ خَاوِيَةَۢ بِمَا ظَلَمُوٓاْۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Мына алардын үйлөрү, дубалдары бузулуп урап, зулумдук кылышкандары себептүү ээсиз бош калды. Чындыгында алардын зулумдуктары себептүү аларга азаптын түшүүсүндө ыйман келтирген коом үчүн үлгү-сабактар бар. Мына ошолор аят-белгилерден сабак алышат.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَأَنجَيۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَكَانُواْ يَتَّقُونَ
Биз Салихтин элинен Аллахка ыйман келтиргендерин сактап калдык. Алар Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан коркушат эле.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلُوطًا إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَتَأۡتُونَ ٱلۡفَٰحِشَةَ وَأَنتُمۡ تُبۡصِرُونَ
Оо, пайгамбар! Лутту эстечи, бир кезде ал коомуна катуу эскертип айтты: «Силер чогулган жайыңарда эле бири-бириңердин көзүңөрчө жийиркеничтүү жорукту (бачабаздыкты) кыла бересиңерби?!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَئِنَّكُمۡ لَتَأۡتُونَ ٱلرِّجَالَ شَهۡوَةٗ مِّن دُونِ ٱلنِّسَآءِۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ تَجۡهَلُونَ
Силер абийирди сактоону, балалуу болууну каалабастан, айбан кумарыңарды кандырыш үчүн аялдарды таштап, эркектер менен кошулуп жатасыңарбы?! Жок! Силер өзүңөргө милдет болгон ыймандан, тазалыктан жана күнөөдөн алыс болуу дегенди билбеген наадан коомсуңар».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الاستغفار من المعاصي سبب لرحمة الله.
Күнөөлөр үчүн кечирим суроо – Аллахтын ырайымына жетүүгө себеп болот.

• التشاؤم بالأشخاص والأشياء ليس من صفات المؤمنين.
Адамдар жана башка нерселер менен жамандыкты жоромол кылуу ыймандуулардын сыпаттарынан эмес.

• عاقبة التمالؤ على الشر والمكر بأهل الحق سيئة.
Акыйкат ээлерине каршы жамандыкта жана айлакерликте бири-бирине жардам берүүнүн акыбети жамандык менен бүтөт.

• إعلان المنكر أقبح من الاستتار به.
Күнөөнү ачык кылуу аны жашырып кылгандан да жаман.

• الإنكار على أهل الفسوق والفجور واجب.
Бузукулук кылгандарды тыюу парз.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አን ነምል
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት