Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አሽ ሹዐራእ   አንቀጽ:
كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Луттун (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) эли да аны жалганга чыгаруу менен бүткүл пайгамбарларды жалганга чыгарышты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِذۡ قَالَ لَهُمۡ أَخُوهُمۡ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде алардын тектеш тууганы Лут минтип айтты: «Аллахтан коркуп, Ага шерик кылган нерсеңерди таштап, Ага такыба болбойсуңарбы?!".
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Андан силерге жеткирген нерседе аманаткөймүн, ага эч нерсени кошпойм жана кемитпейм.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
أَتَأۡتُونَ ٱلذُّكۡرَانَ مِنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Силер адамдардын арасынан эркектерге артынан кошулуп жатасыңарбы?!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمۡ رَبُّكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٌ عَادُونَ
Аллах силердин кумарыңарды кандырыш үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Бирок силер бул бузукулук күнөөнү кылуу менен Аллахтын чектеринен чыктыңар».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالُواْ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ يَٰلُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُخۡرَجِينَ
Эли Лутка айтты: «Эй, Лут! Эгерде бизди бул иштен тыйганыңды токтотпосоң, анда сени жана сени менен бирге болгондорду шаарыбыздан кетиребиз».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
قَالَ إِنِّي لِعَمَلِكُم مِّنَ ٱلۡقَالِينَ
Лут аларга айтты: «Чындыгында мен силердин бул кылып жаткан ишиңерден жийиркенем, жек көрөм.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
رَبِّ نَجِّنِي وَأَهۡلِي مِمَّا يَعۡمَلُونَ
Ал Раббисине кайрылып: «Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү булардын кылып жаткан күнөөсү себептүү баштарына түшө турган азаптан сакта» – деп дуба кылды».
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ
Ошондо Биз анын дубасына жооп бердик, кийин аны жана үй-бүлөсүн толугу менен куткардык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ
Бирок аялын гана куткарбадык. Анткени ал каапыр болчу. Ал кыйрап кеткендерден болду.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ
Андан соң Лут менен үй-бүлөсү Садум шаарынан чыккандан кийин Биз анын артында калган элин тыптыйпыл кылып жок кылдык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِم مَّطَرٗاۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلۡمُنذَرِينَ
Биз аларга асмандан таштарды жамгырдай жаадырдык. Аларга жааган жамгыр кандай жаман! Лут аларга Аллахтын азабын эскертсе да, алар ага карабастан кылган күнөөлөрүн уланта беришти.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Чындыгында бузукулук кылышканы себептүү Луттун коомуна түшкөн азап тууралуу айтылган нерседе адамдар үчүн үлгү-сабактар бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң Өз душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, тообо кылган пенделерине Ырайымдуу.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
كَذَّبَ أَصۡحَٰبُ لۡـَٔيۡكَةِ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Мадиянга жакын жайгашкан жыш бак-дарактуу шаардын жашоочулары да пайгамбары Шуайбга ишенбей, жалпы пайгамбарларды жалганга чыгарышты.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِذۡ قَالَ لَهُمۡ شُعَيۡبٌ أَلَا تَتَّقُونَ
Бир кезде аларга пайгамбары Шуайб айтты: «Аллахка ширк кылганыңарды таштап Андан коркпойсуңарбы?!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٞ
Чындыгында мен Аллахтан силерге жиберилген элчимин жана Андан силерге жеткирген нерседе аманаткөймүн, Ал мага жеткир деп буйруган нерсеге эч нерсени кошпойм жана кемитпейм.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерседе мага моюн сунгула!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَمَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍۖ إِنۡ أَجۡرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Мен силерге Раббим тараптан жеткирген нерсем үчүн силерден сыйлык сурабайм. Мага сыйлыкты башкалар эмес, ааламдардын Раббиси гана берет.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
۞ أَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَلَا تَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُخۡسِرِينَ
Соода-сатыкта адамдарга толук өлчөп-ченеп бергиле. Өлчөм-ченемди кемитип жеп калуучулардан болбогула!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَزِنُواْ بِٱلۡقِسۡطَاسِ ٱلۡمُسۡتَقِيمِ
Башкаларга тартып бергенде туура тараза менен тарткыла!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَا تَبۡخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشۡيَآءَهُمۡ وَلَا تَعۡثَوۡاْ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُفۡسِدِينَ
Адамдардын акыларын кемитпегиле жана жер бетинде күнөөлөрдү кылып бузукулукту жайбагыла!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• اللواط شذوذ عن الفطرة ومنكر عظيم.
Бачабаздык – табиятка каршы жат көрүнүш жана чоң күнөө.

• من الابتلاء للداعية أن يكون أهل بيته من أصحاب الكفر أو المعاصي.
Ыйманга үгүт кылган адамдын үй-бүлөсүндөгү адамдардын каапырлардан же күнөөкөрлөрдөн болуусу ага карата болгон сыноолордон.

• العلاقات الأرضية ما لم يصحبها الإيمان، لا تنفع صاحبها إذا نزل العذاب.
Жер бетиндеги байланыштар ыйман менен коштолбосо, ал байланыштар азап түшкөн кезде адамга эч кандай пайда бербейт.

• وجوب وفاء الكيل وحرمة التَّطْفِيف.
Таразаны туура тартып берүүнүн милдеттиги жана кемитип берүүнүн арамдыгы.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አሽ ሹዐራእ
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት